Токмокто алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
2026-жылдын 15-июнунда Токмок шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар 16 жаштагы сиңдисине телефон чалып, өздөрүн уюлдук байланыш операторунун жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана коркутуу жолу менен жеке маалыматтарын алышкан. Андан соң үйдөгү акча каражаттарын «текшерүү үчүн» өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
Кийин жабырлануучунун үйүнө келген белгисиз жаран 500 миң сом жана алтын зер буюмдарын алып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну А.К. кармалган.
Анын жанынан бир нече банктык карталар, SIM-карталар жана кылмыш жасоодо колдонулган деп болжолдонгон атайын кутуча табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Учурда тергөө улантылып, башка мүмкүн болгон катышуучулар жана шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө.
