Сурабалдиева Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары үчүн 14 кабаттуу медкомплекс курууну сунуштады
25 февраль

Сурабалдиева Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары үчүн 14 кабаттуу медкомплекс курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 25-февралда парламенттин жыйынында Бишкектин батыш бөлүгүндө заманбап көп тармактуу оорукана куруу маселесин талкуулоону сунуштады.

Анын айтымында, №1 шаардык оорукананын аймагында мурда наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлер жайгашкан.

Учурда ал жерде эски, жараксыз абалга келген имараттар бар. Кызыл-Аскер конушунда жана ага чектеш жаңы конуштарда 30–40 миңден ашуун адам жашайт, бирок аймакта заманбап оорукана жок.

Жергиликтүү тургундар медициналык жардам алуу үчүн шаардын борборуна, анын ичинде республикалык ооруканага кайрылууга мажбур. Бул борбордогу тыгындарга жана борбор калаанын калкынын өсүшүнө байланыштуу кошумча кыйынчылыктарды жаратууда.

Сурабалдиева аталган аймакта 14 кабатка чейинки ири медициналык комплекс курууну сунуштады.

Анын пикиринде, бул борбордук медициналык мекемелердин жүгүн азайтып, шаардын батыш бөлүгүндө жашаган тургундарга сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Мындан тышкары, депутат Бекмурза Эргешов Ош облусундагы балдар стоматологиялык поликлиникасын жана №49 бала бакчаны оңдоп-түзөө зарылдыгын белгиледи. Ал эми Гулнара Акимбаева 2026–2030-жылдарга карата «Активдүү узак өмүр» программасынын аткарылышын текшерүүгө чакырды.