Кыргызстанда төрт миңден ашуун такси айдоочусу лицензия алды
Бишкек шаарында такси айдоочулары 2026-жылдын 1-июлуна чейин лицензия алууга милдеттүү. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин тиешелүү уруксат кагазы жок иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖККББ) кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 4 миң 203 айдоочу лицензия алган. Учурда күн сайын дагы 35–40 адам документтерди тариздөө үчүн кайрылууда.
ЖККББ жарандарды лицензиясы бар такси кызматын пайдаланууга чакырды. Анткени мындай ташуучулар мыйзамдуу негизде иштеп, коопсуздук талаптарына жооп берет.
Лицензиясыз жүргүнчү ташуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр административдик жоопкерчиликке тартылат. Административдик кодекстин 284-беренесине ылайык, жеке жактар үчүн 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 23 миң сом айып пул каралган.
ЖККББ белгилегендей, Кыргызстанда такси кызматын милдеттүү лицензиялоо тартиби 2025-жылдын сентябрь айынан тартып күчүнө кирген. Башында документтерди тариздөөнүн акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралы деп белгиленген, бирок кийинчерээк ал 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
