Ысык-Көл районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды
Ысык-Көл районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ачылыш аземинде башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын белгилеп, жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин бекемдөө жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерге оң таасирин тийгизерин айтуу менен прокуратура кызматкерлерин кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.
Административдик имарат заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, прокуратура кызматкерлеринин ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган.
Белгилей кетсек, прокуратура органдарынын имараттарын куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылып, бул багытта кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга жана прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
