Бишкек: 50 жылдан ашык тарыхы бар аэропорттун реконструкция иштери 90 пайызга аяктады
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 2025-жылы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен биргеликте 50 жылдан ашык тарыхы бар “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери башталган. Аэропорттун долбоору Курулуш министрлиги тарабынан иштелип чыгып, бүгүнкү күндө курулуш жана реконструкциялоо иштери 90 пайызга аяктады.
Акыркы жылдары Курулуш министрлиги өлкө аймагында социалдык объектилерди куруу менен катар, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, объектилерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо багытында масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан социалдык-маданий багыттагы 500дөн ашык объекттин курулушу жүргүзүлүүдө. Алардын катарында 5000 орундуу спорттук объекттерден тарта заманбап маданий жана туристтик комплекстерге чейинки маанилүү долбоорлор бар.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплекси, Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борбору, “Манас Ордо” улуттук комплекси жана “Чыңгыз Айтматов Ааламы” тарыхый-маданий комплекси сыяктуу ири объектилер ишке ашырылууда. Ошондой эле “Манас-2” эл аралык аэропортунун жаңы терминалы сыяктуу маанилүү инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Аталган объектилердин бир катары 2026-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.
