Кадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү асынган абалда табылды. Окуянын чоо-жайы
Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2011-жылы туулган өспүрүмдүн жоголгондугу тууралуу маалымат 2026-жылдын 12-июлунда милицияга түшкөн. Билдирүүдө анын өзүнүн үй-бүлөсүнө таандык автоунааны айдап үйүнөн чыгып кеткендендиги айтылат.
Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары уюштурулган.
2026-жылдын 13-июлунда кечке маал өспүрүмдүн сөөгү Молдо-Нияз айыл аймагына караштуу Таш-Булак жайлоосунда өзүн-өзү асынган абалда табылган.
Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү кароо иштерин жүргүзгөн.
Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө маркум өзүнө-өзү кол салгандыгы аныкталган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле бул окуяга алып келген себептерди толук, объективдүү жана ар тараптуу аныктоо максатында тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
