Кыргызстанда 267 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз ипотекалык турак жайга ээ болду
Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде «Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосу менен жарандар 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык кредиттерди алып, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Келечек» кепилдик продуктусу ишке киргизилгенден бери бир жылга жетпеген убакыттын ичинде 267 үй-бүлө өз турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти.
Алардын көпчүлүгү үчүн баштапкы төлөмдүн жоктугу ипотекалык кредит алууга негизги тоскоолдук болуп келген. «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдик колдоосунун аркасында бул мүмкүнчүлүк ишке ашты.
2026-жылдын 30-июнуна карата «Келечек» кепилдик продуктусунун алкагында жалпы суммасы 334,3 млн сомду түзгөн 267 кепилдик берилди. Натыйжада жарандар 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык кредиттерди алышты.
Анын ичинен 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кепилдик фонд» ААКсы 206,6 млн сом суммасына 162 кепилдик берди. Мунун аркасында жарандар турак жай сатып алуу үчүн 840,5 млн сом өлчөмүндө ипотекалык кредиттерди тарта алышты.
Мындайча айтканда, «Келечек» продуктусу боюнча бардык кепилдиктердин 60 %дан ашыгы дал ушул 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген. Бул продуктуга болгон кызыгуунун туруктуу өсүп жатканын далилдейт.
