ЖК Акунбековду жана Осмоновду министрлик кызматтарга дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Президенттин сунуштамаларын тааныштырды.
Талкуу маалында депутаттар суу ресурстары жана айыл чарба тармагындагы, ошондой эле саламаттык сактоо секторундагы системалуу көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгилешти.
Атап айтканда, депутат Улан Бакасов Нарын облусунда сугат суусунун тартыштыгына жана БСР куруу керектигине көңүл буруп, бул багытта Эрлист Акунбековго тиешелүү суроолорду узатты. Муну менен катар эл өкүлү Гуля Кожокулова суу чарба тармагын комплекстүү өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин айтты. Депутат Таалайбек Сарыбашов медицина тармагын кадрлар менен камсыз кылуу маселесин ортого салса, депутат Жаныбек Аматов медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аймактык ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо керектигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтомду кабыл алды.
