Япония Кыргызстанга эки мобилдик клиника берет
14 июль

Япония Кыргызстанга эки мобилдик клиника берет

13-июлда Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жаатындагы маселелерди талкуулашты. 

Жолугушууда тараптар «Ала-Тоо» депутаттык тобунун Жапонияга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча пикир алмашып, анын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сөз болду. 

Андан тышкары, Жапон өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында элчилик аркылуу Кыргызстанга берилчү эки мобилдик клиника боюнча да маселе көтөрүлдү. Алсак, аталган көчмө медициналык клиника магниттик-резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография (КТ), рентген жана ультраүндүк изилдөө (УЗИ) аппараттары менен толук жабдылмакчы. 

Муну менен катар баарлашуунун жүрүшүндө Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы алакалардын учурдагы абалы, биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле алдыдагы пландар тууралуу кеңири сөз болду.

Талайбек Масабиров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, айрыкча саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана инфраструктура тармактарындагы өнөктөштүк жигердүү өнүгүп жатканын мисал кылды. 

Өз кезегинде элчи Хирано Рюити эки тараптуу келишимдерди өз убагында ратификациялап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ыраазычылыгын билдирди.

Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн алкагындагы 2026-жылы Улуттук жүрөк хирургиясы борборуна заманбап медициналык жабдууларды жана Республикалык онкология жана гематология борборуна эки санарип маммография аппаратын алып берүү пландалууда. Ошондой эле 2027–2028-жылдары Ош облустук клиникалык ооруканасына жана Ош облустук онкология борборуна жаңы медициналык жабдуулардын келүүсү күтүлүүдө.