Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
25 февраль

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты

2026-жылдын 4-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Т.Х. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 16-майында Маевка айылынан жаран Т.Х. ишеничине кирип, ижарага алынган «Hyundai Grandeur» үлгүсүндөгү автоунааны 8 300 (сегиз миң үч жүз) АКШ долларына сатып жиберген. Кийинчерээк автоунаанын мыйзамдуу ээси транспорт каражатын кайра алып кеткен.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1986-жылы туулган жаран Т.Х. аныкталып, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга да катыштыгы бар экендиги боюнча кошумча арыздар текшерилип жатат.

Тергөө иштери улантылууда.