Бишкекте 87 таңгат баңгизат менен 21 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды, деп кабарлайт Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шектүү 5-августта колго түшкөн.
Баңгизаттарды жашыруун жашыруу жерди кароо учурунда 2005-жылы туулган П.Н. аттуу жаран өз ыктыяры менен жалпы салмагы 178 граммды түзгөн, баңгизат деп болжолдонгон зат салынган 87 таңгакты тапшырды.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2005-жылы туулган П.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.
