видеодон алынган кадр
14 июль
Чолпон-Атада милиция кызматкерлери бир жаштагы баланы тез арада ооруканага жеткирүүгө жардам беришти
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында милиция кызматкерлери бир жаштагы баланы тез арада ооруканага жеткирүүгө жардам беришти.
Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине жарандар кайрылып, бир жаштагы баланын абалы күтүүсүздөн начарлап кеткенин жана ага тез арада медициналык жардам керек экенин билдиришкен.
Милиция кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте ыкчам аракет көрүп, наристени Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткиришти.
Ымыркайдын ата-энеси ыкчам жардам көрсөтүп, кесипкөйлүк жана кайдыгер эмес мамиле жасаган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.
