Корея Республикасына жумушка орношуу үчүн корей тилин билүү сынагына онлайн каттоо башталды
25 февраль

Корея Республикасына жумушка орношуу үчүн корей тилин билүү сынагына онлайн каттоо башталды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS программасы боюнча 2026-жылга карата корей тилин билүү деңгээлин текшерүү үчүн тестирлөөгө катышууга онлайн каттоо ачылганын жарыялайт. Бул программа мындан ары Корея Республикасында ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.

Ишке орношуу шарттары жана тестирлөөгө катышуу боюнча толук маалымат Борбордун расмий сайтында жайгаштырылган: www.migrant.kg.
Корея Республикасында ишке орношуу үчүн EPS-TOPIK программасы боюнча жалпы тестирлөөгө катышуу үчүн корей тилин базалык деңгээлде билүү милдеттүү.