Бекешев мектеп формасын өзгөртүүнү сунуштады: Костюм-шым, жекте, галстук, юбка – союздан калган эски түшүнүк
25 февраль

Бекешев мектеп формасын өзгөртүүнү сунуштады: Костюм-шым, жекте, галстук, юбка – союздан калган эски түшүнүк

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп формасын кайра карап көрүүнү сунуштады. 

Депутаттын айтымында, ага ар кайсы аймактардан мектеп окуучулары кайрылышып, учурдагы мектеп формасы ыңгайсыз экенине даттанышкан. 

“Мектеп формасын начар дебейм, ал турмак жакшынакай көрүнөт. Бирок чынында ыңгайсыз. Мектепте окуган балдарыңардан сурап көргүлө. Биз дайыма бардык нерсени, балдарга тийиштүүнү дагы, алардан сурабай өзүбүз чечип көнүп калганбыз. Негизи эле дресс-код, мектеп формасы кайдан чыккан? Биринчи чиркөөдө, андан кийин Англияда кембагалдардын балдары үчүн мектеп ачылып, ага форма киргизилген, андан соң элиталык мектеп өз формасын киргизген. Ошентип, бизге жеткен. Бирок бардык өлкөлөрдө эле мектеп окуучулары костюм, шым, жекте кие беришпейт”, – деди ал. 

Депутат Кытайды мисалга тартып, ал жакта балдар мектепке спорттук кийим менен барышарын, бул аба ырайынын ар кандай учурунда ыңгайлуу болоорун белгиледи. Ошону менен катар мектеп формасын такыр жокко чыгаруу болбой турганын, бирок балдарга ыңгайлуу варианттарды карап көрүү зарылдыгын кошумчалады. 

“Костюм-шым суукту үшүтөт, ысыкта тердетет. Транспортко түшсөң эл толтура, мында да кыймылдоо кыйын. Муну жөнөкөйлөштүрсөк болот да, мисалы джинсы, футболка. Эмнеге кыздар сөзсүз юбка кийиш керек? Бул эски түшүнүк, союздан калган адат” – деди депутат. 

Ал ошондой эле депутаттар үчүн да форманы карап көрүүнү сунуштап, көптөгөн өлкөлөрдүн парламент депутаттары сөзсүз эле галстук тагынбай, өзүнө ыңгайлуу кийим менен жүрөөрүн кошумчалады.