Бийликти басып алуу аракетине айыпталган экс-прокурор 12 жылга эркинен ажыратылды
Чүй облустук соту Кыргызстандын башкы прокурорунун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу жана дагы алты адамды бийликти күч менен кулатуу максатында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучуларга 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилди. Экс-прокурор 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2024-жылы аталган топ 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү массалык башаламандык уюштурууну пландаган. Өз аракеттерин жаап-жашыруу максатында алар Бишкектин четинде спорттук оюндарды уюштурган деп айтылат.
Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, бул иш-чара аркылуу зомбулукка чакырыктарды жасоо, антиконституциялык ураандарды жайылтуу жана абалды туруксуздаштыруу аркылуу бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу көздөлгөн.
Тергөө учурунда жети адам кармалган, алардын арасында Кубан Адыл уулу да бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, экс-орун басар топтун аракеттерин координациялап, укук коргоо органдары менен байланыш түзүп, каржылык камсыздоону уюштурган.
Кармалгандардан алынган мүлктүн ичинде адамдарды мас кылуу үчүн даярдалган алкоголдук ичимдиктер жана кылмыштуу пландарды ишке ашыруу үчүн каралган курал-жарак болгон.
Сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык», «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыптоо өкүмүн чыгарды.
