Калыбек Жумадылов АРИСтин аткаруучу директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) Байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы чечими менен Жумадылов Калыбек Аманатович АРИСтин Аткаруучу директору болуп дайындалды.
Дайындоо тууралуу чечим АРИСтин Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын АРИСтин Байкоочу кеңешиндеги өкүлү Тилек Баянбек жаңы жетекчини АРИСтин жамаатына расмий тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда Тилек Баянбек аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программаларды жана долбоорлорду мындан ары да натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.
Ал жаңы жетекчиге ишинде ийгиликтерди каалап, анын кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмдөрү АРИСтин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди
