Бишкекте ШКУнун бирдиктүү коопсуздук борбору түзүлөт
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер Кыргызстандын Бишкекте терроризмге, киберкоркунучтарга жана чек ара аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбор түзүү сунушун бир добуштан колдошту. Бул тууралуу КРнын ШКУдагы улуттук координатору Алмаз Букалаев Пекин шаарында өткөн Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынында билдирди.
«Биз бүгүн бул борборду ишке киргизүү багытында иш алып барып жатабыз», — деп белгиледи ал. Анын айтымында, демилге бардык катышуучу өлкөлөр тарабынан эч кандай каршы пикирсиз толук колдоого алынган.
Жаңы борбор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чалгындоо маалыматтарын алмашуу, санариптик коркунучтарга биргелешип ыкчам чара көрүү жана укук коргоо органдарынын өз ара ыкчам кызматташуусу үчүн координациялык түйүн болот. Аны түзүү технологиялык тобокелдиктердин өсүшү жана эл аралык кылмыштуулуктун ыкмаларынын өзгөрүшү шартында жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган.
