Кыргызстандын Венгриядагы элчиси алмашты
Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотулду жана Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси кызматын Талантбек Кушчубеков аркалап келген.
Эрлан Абдылдаев 2022-жылдын апрелинен бери Тажикстандагы элчи кызматында иштеп келген, ал эми Кушчубаев болсо 2021-жылдын декабрынан тарта Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп келди.
