Кыргызстанда соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза боюнча соттук эксперттерди алгачкы жолу сертификациялоо өттү
6 август

Кыргызстанда соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза боюнча соттук эксперттерди алгачкы жолу сертификациялоо өттү

Кыргызстанда соттук эксперттерди «Адамдын ткандарынын жана бөлүнүп чыккан заттарынын молекулярдык-генетикалык изилдөөсү жана биологиялык туугандыкты аныктоо» эксперттик адистиги боюнча алгачкы жолу сертификациялоо өттү.

Бул ата мекендик соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат, ал соттук экспертизаларды жүргүзүүдө заманбап молекулярдык-генетикалык технологияларды колдонуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын эксперттери, КР ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын эксперт-криминалисттери жана КР УКМКнын Эксперттик-криминалистикалык бөлүмүнүн эксперттери КР ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын молекулярдык генетика боюнча ДНК-лабораториясынын базасында уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү.

1 айга созулган окуу курсун Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун соттук экспертизанын бул багыты боюнча илимий-изилдөө иштеринде чоң тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу эксперт-криминалистиктер өткөрүштү.

Аталган курстарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭККнын Россия Федерациясынын ИИМдин ЭКК борборундагы кесиптештери менен түзүлгөн өнөктөштүк байланыштарынын негизинде, ошондой эле аталган ведомстволордун жетекчилеринин бул маселеге жеке жардамынын негизинде мүмкүн болду.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар сот молекулярдык генетикасынын заманбап ыкмаларын үйрөнүштү, КР Ички иштер министрлигинин ЭКС ДНК-лабораториясынын жогорку технологиялуу лабораториялык жабдуулары менен иштөөнү өздөштүрүштү жана заманбап талаптарга ылайык сот-молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Эксперттик-квалификациялык комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн практикалык окуу курсунун жыйынтыгы боюнча квалификациялык сынактар өткөрүлүп, анын натыйжасында сынактан ийгиликтүү өткөн бардык эксперттерге компетенттүүлүк күбөлүктөрү тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул Эксперттик-квалификациялык комиссиянын курамына комиссиянын туруктуу мүчөлөрүнөн тышкары, россиялык сот эксперттери, ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КНУнун биология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү киргизилген.

Соттук-эксперттик кызмат КР ИИМдин ЭКС жана РФ ИИМнин ЭКЦ адистеринин окутууну уюштуруунун жогорку деңгээлин жана мамлекеттик эксперттик мекемелердин системасында соттук экспертизалардын ушул талап кылынган жана келечектүү багытын өнүктүрүүгө болгон кесиптик салымын, ошондой эле мындан ары ведомстволор аралык кызматташтыктын жана практикалык тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгилейт.

Сертификатталган адистерди даярдоо соттук изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, эксперттик практиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза жаатында улуттук кадрдык потенциалды бекемдөөгө мүмкүндүк берет.