Бишкекте Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат
сүрөт: depositphotos.com
14 июль

Бишкекте Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат

2026-жылдын 20-июлунан тарта  Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруунун экинчи этабынын алкагында, аталган кесилиш бардык транспорт түрлөрү үчүн убактылуу толугу менен жабылат.

Эске салсак, долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти жүрүү багыттарды алдын ала пландаштырууну жана мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырат.