Жогорку Кеңештин комитети интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду бекитти
15 октябрь

Жогорку Кеңештин комитети интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду бекитти

Бүгүн, 15-октябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. 

Мыйзам долбоору жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү, – жеке жактарга – 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорун ишке ашырууда жооптуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн сурады. “Учурда интернет аркылуу жалаа жабуу, каралоо учурлары көп катталып жаткандыгы анык. Бирок анын баарына мониторинг жүргүзүп,  айып салууга министрлик толук жетише алабы? Бул багытта эксперттер жетиштүүбү?”- деди депутат.