Бурма апа, Баатыр эне: “11 кыз төрөдүм, жолдошум бир да жолу нааразы болгон эмес”
88 жаштагы Бурма апанын бүгүнкү жашоосу – чыдамкайлыктын, мээримдин жана чоң бакыттын жандуу мисалы. 11 кызды тарбиялап, эми 42 небереси менен 70тен ашык чебересинин урматына бөлөнүп жашап жаткан апанын позитивге толгон баянын сунуштайбыз.
– Апа, сиздин бала кезиңиз кандай өткөн? Кайсы жерде чоңойгонсуз?
– Мен Ош облусуна караштуу Алай районундагы Коруул айылында чоңойгом. Бала кезим ошол жакта өткөн, согуш маалын көрүп калдым. Атам согуштан кайтпай калып, апам бизди жалгыз эрезеге жеткирген. Ошол убактагы шартка байланыштуу 10го чыкканда 1-класска баргам. 7-классты аяктап, күбөлүк алган боюнча билимимди уланткан эмесмин.
– Жаш кезиңизде көп балалуу болом деген кыялыңыз бар беле?
– Кудайдын бергени болду, чындыгында кыялданып же кыялданбаганымды өзүм деле жакшы билбейм.
– Жолдошунуз менен кантип таанышып, кантип турмушка чыгып калдыңыз?
– Ал учурда таанышып турмушка чыгуу деген жок эле. Кайнагам эле бир тууган агама: “3,5 жыл дегенде иним аскерден келатат, карындашыңды бер,” – деп айтып, агам макул болгон. Чалым менин досторум менен мектепке баратканымды бир жолу көргөн экен, сүйлөшкөн да эмеспиз.
– Көпчүлүк эркектер 2-3 кыздан кийин эле аялына нааразы болуп, атүгүл төрөт үйүнө барбай коюшат го, сиздин чалыңызда ушул сыяктуу нерселер болду беле?
– Болгон эмес, Кудайга шүгүр. Бардык кыздарымда төрөт үйүнөн алып чыкканы барат эле. Бир гана 11-кызым Венераны 3-кызым Көйкөл экөөбүз бир төрөт үйүндө төрөп, бир убакта чыгып калганбыз. Ошондо гана күйөө баламын достору менен турбайын деп тартынып бара алган эмес. Болбосо бардык кызымда төрөт үйүнө чогуу барып, төрөгөнгө чейин айланчыктап жүрчү. Кээ бир кыздарымды коңшу-колоң жардамдашып үйдө төрөдүм.
– Сиз өзүңүздү күнөөлүү сезген учурларчы? Канчанчы кызыңыздан кийин мындай сезимдер боло баштады?
– Күнөөлүү сезгенимди билбейм, балам. Кудайга шүгүр, атасы кызыганда: “бир кызымды тогуз уулга бербейм, кыздарым азамат, окууну жакшы окуйт, чөптү жакшы чабат”,-деп мактай берчү. Кайненем айтчу эле: “Илгери 3 кыздуу болгондон кийин эркек расмисин кылып ээр-жүгөнүн көтөрүп качат экен. Сен болсо качмак турсун төрөгөндө эле барып баса калып өбөсүң кыздарыңды, ошон үчүн Кудай сага кыз берип атат,” – деп. Бирок күйөөм бир да жолу жүзүмө салып айтып, күнөөлөгөн эмес.
– Ар бир кош бойлуу болгон сайын ичиңизден уул күтчү белеңиз?
– Күтөт элем, күткөн менен болбоду. Ал убакта УЗИ деген жок болчу, төрөгөнгө чейин уул же кыз экенин билчү эмеспиз. 11-кызымды төрөп балам ыйлаганда Көйкөл кызым “ким экен?” деп чуркап барыптыр. Медайымдар “кандай кызсың, биз ороп алып анан айтабыз” деди. Антсе “аа, бул дагы кыз экен” деп жаттым ичимден. Ырымын кылып табыпка деле барган эмеспиз, чалым Кудайдын бергени деп Кудайга гана ишенчү.
Негизи мен жалпы 15 бала төрөдүм. Биринчи кызымдан кийин Батма, Зуура деген эгиз кыздарды төрөгөм. Бири 8 күн, экинчиси 16 күн болгондо чарчап калган.
Кийин эки жолу боюмдан түштү, экөө тең уул экен. 1-жолкусунда 3 кыздан кийин боюмда болгонун билбей калып укол алып жүрүп, 7 ай болгондо жансыз баланы төрөгөм.
2-жолкусунда болсо 8-кызымдан кийин 3 айлык болуп боюмдан түшүп калган, ал дагы уул эле. Ошондо чалым кейиген да: “Баары бир Кудайым мага уулду насип кылбаптыр,” – деп.
– Кыздарыңыздын бала чагы кандай өттү? Аларга кандай тарбия бердиңиз?
– Кыздарыма, Кудайга шүгүр, жакшы эле тарбияны берген болдук. “Жакшы окугула, жакшы жүргүлө, башкаларды туурап чачыңарды кырктырбагыла, бирөөнүн назарынан калбагыла, паланчанын кызы деп бизге сөз тийгизбегиле” деп көп айтат элек. Чалым кыздарына жакшы ата болуп жүрүп 70 жашында өтүп кетти.
– Көп баланы багыш оңой эмес да, кандай кыйынчылык күндөр баштан өттү?
– Кудайга шүгүр, жакшы эле карадык, анчалык деле кыйналбадык. Болгону бир убакта үч студентти бирдей окутуп калдык. Бурул кызым Бишкекте, дагы эки кызым Ошто. Ошондо бир аз жүдөп калдык. Экөөлөп иштеп, мал багып сатып жүрдүк. Наны бүтүн болсун деп окуттук. Чалым экөөбүз окубай калдык деп кыздардын келечегин, окуусун биринчи орунга коёт эле. Ошентип жүрүп өмүрү өткөнчө машина деле алып минген жок.
– 11 кызыңыз 11 түрдүүбү? Мүнөздөрү көбүрөөк сизди тартканбы же атасынбы?
– Адал, так, мээнеткеч, намыскөй болгондору атасын тартышты. Мен эсепти кыйын билет элем, мени тартып үч кызым математика мугалими болушту. Ийик ийрип килем сокконумду Идаят кызым үйрөнүп, чеберчилигимди тартты.
– Биринчи кызыңызды турмушка узатканда кандай сезимде болгонсуз?
– Кыздарымды турмушка берерде алымын жетишинче аракет кылат элем. Тытынып түндөсү ийик ийрип, күндүзү совхозго ишке барат элем. Ошентип үч кызыма өз колум менен килем согуп бергенден кийин чарчап, таштаганмын. Кыздарыма сеп кылганда күнү-түнү уктабайт элем. Бешикти бутум менен терметип, ийик ийрийт элем. Кыздарымын багын берсин деп дайыма тиленчүмүн. Кудагыйларымдын көңүлүн оорутканым жок. Кээ бир адамдар күйөө балдарын тилдеп тескейт экен, а мен болсо “балам” дегенден башканы билбедим. Күйөө балдарым жакшы, жалган тагдыр болуп экөө өтүп кетти. “Бурманын кызын келин кылып алабыз” деп кызыккандар көп эле. Ошентин атып 11 кызым тең жакын эле жерлерге турмушка чыгышкан.
– Азыр канча небереңиз бар? Сиз ким менен турасыз?
– 42 неберем бар, 70тен ашуун чеберем бар. Ушуларга сыймыктанып отурам. Ашымды ашап, жашымды жашадым. Кудайга шүгүр, көргөн күнүмө ичкен суума миң мертебе ыраазымын, кар кылбай алып кетсе экен дейм. Үчүнчү кызым Идаяттын уулу Бекмырзанын колундамын. Өзүмдүн үйүмдөмүн. Небере келиним аябай жакшы багат, жакшы карайт, эч кемчилдигим жок. Ал үйүнө кеткенде кыздарым сыйлайт, үйлөрүнө кыдырып мейман болуп жүрөм. Кудайга шүгүр, азыркы жашоом аябай жакшы.
– Азыркы келиндерге кандай кеңеш берер элеңиз?
– Азыркы келиндер кайната, кайненесине мээримдүү болсун, бала-чакасын жакшы баксын, “вазир жакшы, хан жакшы” деп, алгандарын жакшы сыйласын деп отурам. Жаштардын баарына, Кудайга шүгүр, бардык нерсе даяр. Кудайым ушул заманды кут кылсын. Бизге карыларга ыйман берсин. Жаштарга өмүр берсин, ден соолуктарын берсин.
