Максатбек уулу Съезбек: кол тамга эксперттери кантип жасалманы аныктап,  соттун туура чечим кабыл алуусуна жардам берет
8 сентябрь

Максатбек уулу Съезбек: кол тамга эксперттери кантип жасалманы аныктап,  соттун туура чечим кабыл алуусуна жардам берет

Жасалма колтамганы кантип аныктаса же талаштуу документти ким жазганын кантип билсе болот? Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын кол жазма экспертизасы башкармалыгынын башчысы Максатбек уулу Съезбек өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрү, жасалмаларды аныктоонун заманбап ыкмалары жана анын экспертизалары татаал сот иштерин чечүүгө кандайча жардам берери тууралуу айтып берди.

– Сиздердин башкармалык эмне менен алектенет жана күн сайын кандай маселелерди чечесиздер?

– Биздин башкармалык кол жазма экспертизаларын жүргүзүүгө адистешкен. Негизги милдет – кол жазма тексттердин жана кол тамгалардын аткаруучусун аныктоо, жасалмаларды табуу, ошондой эле адаттан тыш шарттарда аткарылган кол жазманы талдоо.

Күн сайын биз кылмыш жана жарандык иштердин материалдары менен иштешип, тергөөгө жана сотко кол жазмалардын аткаруучусун аныктоого байланыштуу суроолорго ишенимдүү жоопторду алууга жардам беребиз. Биздин иш сот процессинин объективдүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

– Сиздер көбүнчө кандай экспертизаларды жүргүзөсүздөр?

– Көбүнчө кол тамга жана кол жазма тексттерге экспертиза дайындалат. Бул кол тамганын же жазуунун белгилүү бир адам тарабынан аткарылгандыгын аныктоого, ошондой эле жасалмаларды табууга тиешелүү.

Жумуштун олуттуу бөлүгүн адаттан тыш шарттарда аткарылган кол жазмаларды изилдөө ээлейт: чарчоо, мас болуу, ооруп жаткнада, ошондой эле көнүмүш эмес кол менен жазылган.

Мындан тышкары, жазуулардын аткарылуу ырааттуулугун аныктоого жана документтерге өзгөртүүлөрдүн киргизилген белгилерин табууга байланыштуу экспертизалар жүргүзүлөт. Кээ бир учурларда комплекстүү экспертизалар дайындалат – документти толугураак изилдөөгө жана объективдүү тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген кол жазма экспертизасы техникалык экспертиза менен бирге жүргүзүлөт. Көбүнчө биз келишимдерге, актыларга, финансылык документтерге, ишеним каттарга, керээздерге кол тамгалардын аныктыгын аныктоо боюнча, ошондой эле ар кандай каттардын жана арыздардын аныктыгын текшерүү боюнча экспертизаларды жүргүзөбүз. Анын ичинде кылмыш иштеринин алкагында (мисалы, алдамчылыкка же жасалмалоого байланыштуу документтерди текшерүү).

– Кол тамга экспертизасы качан дайындалат?

– Кол тамга экспертизасы кол тамганы же кол жазма текстин ким жазганын түшүнүү керек болгон учурда дайындалат. Көбүнчө бул сот иштеринде болот, мисалы, тил каттар, керээздер, келишимдер же ишеним каттар боюнча талаш-тартыштарда, документтин аныктыгына шек жаралганда. Экспертиза текстти чын эле белгилүү бир адам жазганбы же жокпу - аныктоого жардам берет, кээде кол тамга боюнча автордун жынысын жана болжолдуу жашын билүүгө болот, ошондой эле ал кандай шартта жазганын – тынчпы же шашылышпы, кысым астындабы түшүнүүгө болот.

– Эксперттерге жасалмаларды аныктоого кандай заманбап ыкмалар жардам берет?

– Эксперттер кол жазманы классикалык талдоо жана заманбап технологияларды колдонушат. Биз тамгалардын формасына, жантаюусуна, биригүүлөрүнө, кагазга болгон басымына, сызыктардын титирөөсүнө жана токтоо чекиттерине көңүл бурабыз,  ушул нерселер жасалма экенин көрсөтүшү мүмкүн.

Regula микроскобу сыяктуу жаңы жабдуулар бардык майда-чүйдөсүнө чейин, анын ичинде чыныгы аткаруучуга мүнөздүү эмес толкундарды жана токтоо чекиттерин кароого мүмкүндүк берет. Мунун баары кол тамганын түп нускада жасалганын же аны жасалмалоого аракет кылышканын так аныктоого жардам берет.

– Санарип кол тамгалар жана электрондук документтер сиздин ишиңизди кандайча өзгөртөт?

– Электрондук документтер активдүү колдонулууда жана биз алар менен барган сайын көп кездешип калдык. Санарип кол тамгалар менен иштөө азырынча планда турат, бул үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу талап кылынат.

Санарип кол тамгаларды изилдөө кагаз документтер менен иштөөдөгүдөй тактыкты жана объективдүүлүктү сакташы маанилүү. Санарип кол тамгалар жана электрондук документтер документтердин аныктыгы жана бүтүндүгү менен байланышкан тапшырмалардын чөйрөсүн кеңейтет, бул криптографиялык технологияларды жана санарип коопсуздук жаатындагы билимдерди камтыган жаңы текшерүү ыкмаларын талап кылат.

– Өзгөчө кызыктуу же татаал иштин мисалын келтире аласызбы?

– Эсимде калган иштердин бири эки компаниянын ортосундагы келишимдеги кол тамганын жасалмаланышына байланыштуу болгон. Бир караганда кол тамга кадимкидей көрүнгөн, бирок кылдаттык менен карап чыкканда, биз сызыктардын титирегенин жана токтоо чекиттерин байкадык – бул чыныгы авторго мүнөздүү эмес деталдар. Талдоо үчүн кол тамга таануунун классикалык ыкмаларын да, заманбап жабдууларды да, анын ичинде сыя менен кагаздын эң майда өзгөчөлүктөрүн көрүүгө мүмкүндүк берген Regula микроскопун да колдондук. Мунун аркасында кол тамганын имитация экенин тастыктоого мүмкүн болду жана биздин корутунду сотто негизги далил болуп калды.

Мындай иштер көңүл бурууну, чыдамкайлыкты жана салттуу ыкмаларды жаңы технологиялар менен айкалыштыра билүүнү талап кылат, ал эми натыйжа бүтүндөй иштин жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

– Соттук чечимдер үчүн сиздин экспертизаңыз канчалык маанилүү?

– Эксперттердин корутундулары көбүнчө негизги далил болуп калат. Алар сотко туура чечим кабыл алууга жардам берет, айрыкча мүлктүк, финансылык жана мурастык талаш-тартыштарда. Биздин тыянактардын ишенимдүүлүгү процессстин адилеттүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет, ошондуктан ар бир экспертиза мүмкүн болушунча кылдаттык менен жүргүзүлөт.

–  Графолог адиси үчүн кандай сапаттар маанилүү?

– Эң негизгиси – көңүл буруу, чыдамкайлык жана аналитикалык ой жүгүртүү. Тажрыйба нюанстарды тез көрүүгө жардам берет, бирок бардык тыянактар объективдүү белгилердин негизинде гана чыгарылат. Деталдарга көңүл топтоо жана ар кандай кырдаалда калыстыкты сактоо маанилүү.

– Кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу кандай жүргүзүлөт?

– Кызматкерлер үзгүлтүксүз семинарларга, практикалык сабактарга катышып, татаал учурларды талкуулашат. Биз жаңы методикаларды үйрөнөбүз, тажрыйба алмашабыз жана документтердин ар кандай түрлөрүн талдайбыз. Бул кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин сактоого мүмкүндүк берет.

Заманбап ыкмалар санариптик технологияларды колдонууну камтыйт: жогорку сапаттагы сканерлер, микроскоптор жана кол жазманы жана кол тамгаларды талдоо үчүн атайын программалык камсыздоо. Биз ошондой эле жазуу техникасындагы дал келбөөчүлүктөрдү аныктоо үчүн жазуу динамикасын талдоо ыкмаларын колдонобуз. Эксперттер документтерге так баа берүү үчүн салттуу, ошондой эле инновациялык ыкмаларды колдонушат.

– Башкарууну өнүктүрүү жана жаңы технологияларды киргизүү боюнча кандай пландарыңыз бар?

– Биз санарип кол тамгалар менен иштөөнү киргизүүнү жана кол жазманы талдоо үчүн техникалык каражаттарды өркүндөтүүнү пландаштыруудабыз. Бул экспертизаны тездетүүгө жана тыянактардын тактыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле биз методикалык ишке жана эксперттерди келечекте талап кылынган изилдөөлөрдүн жаңы түрлөрүнө даярдоого көңүл бурабыз.

– Кыргызстанда кол жазма экспертинин келечегин кандай элестетесиз?

– Ал суроо-талапка ээ болгон кесип бойдон кала берет, анткени кол тамгалар жана документтер дагы көпкө чейин колдонулат. Эң негизгиси – экспертиза так жана ишенимдүү болушу үчүн салттуу ыкмаларды жаңы технологиялар менен айкалыштыруу зарыл. Юридикалык фактыларды объективдүү тастыктоо үчүн кесипкөй эксперттер ар дайым керек болот.