Адинай Тууганбаева: Чач – ден соолуктун биринчи көрсөткүчү
“Чач – адамдын көркү” деп айтылат. Бирок чачка көбү анчалык маани бербейт, аны адам организминдеги кам көрүүнү талап кылбаган түзүлүш катары гана кабыл алышат. Бирок бул жаңылыш пикир экенин чач боюнча Hair мастер-стилист Адинай Тууганбаева билдирет. Ал бизге чачка кам көрүүнүн сырларын айтып берди.
– Адинай айым, сулуулук тармагында канча жылдан бери иштеп келесиз?
– Саламатсыздарбы. Мен сулуулук тармагында 2010-жылдан бери иштейм. Ортодо декреттик тыныгуу болгон. Бирок жалпы алганда он төрт жылдан бери чач боюнча адистикти таштабай келе жатам.
– Кыш жакындап калды. Мына ушундай маалда айымдар чачка кандай кам көрүшү керек?
– Кышында чач өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Суук аба, шамал чачты кургатып, морт кылат. Ошондуктан кератин, арган, жожоба майлары бар маскаларды, чачка арналган сүтчөлөрдү жана коргоочу спрейлерди колдонуу зарыл.
– Илгери апалар айран, жумуртка сүйкөп кам көрүшчү эле. Азыр болсо чачка арналган даяр каражаттар көп. Кайсынысы жакшы?
– Ооба, айран сүйкөгөн учурлар эсимде. Азыр болсо чачтын түрүнө жараша атайын каражаттар бар. Мисалы, L’Oreal, Kerastase, Keune сыяктуу сапаттуу бренддер кеңири колдонулат. Чачты багууга арналган маскалар, ампулалар, суюктук-сывороткалар даяр, үйдөгү эски ыкмалардын кереги жок.
– Кыргызстандагы чач адистеринин иши кандай? Конкуренция көппү?
– Конкуренция күчтүү, бирок бул жакшы. Мыкты адистер дайыма бааланат. Жакында кыргызстандык кыздарыбыз эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарга катышып жатышат — бул чоң жетишкендик.
– Азыр жаш кыздар чачтарын бат-бат боёшот. Бул зыянбы?
– Чач боёо өзү зыян эмес. Бүгүнкү боёктор чачты коргогон компоненттер менен жасалат. Бирок туура боёо техникасы өтө маанилүү. Үйдөн өзүңүз боеп алып, чачты бузуп алуу оңой. Ошондуктан адистерге кайрылганы туура.
– Көпчүлүк айымдар чачты бургулагыч (плойка) же түздөгүчтүн (утюжок) айынан күйгүзүп алышат деп айттыңыз…
– Ооба, бул абдан көп кездешет. Чач ооруну сезбегендиктен кыздар аны күйүп жатканын байкабайт. Бургулагыч же түздөгүчтү күн сайын колдонуу чачтын түзүлүшүн бузат. Ошондуктан сөзсүз жылуулуктан коргоочу спрей колдонуу керек.
Чачты жуугандан кийин дароо эмес, жок дегенде 2 саат өткөндөн кийин бургулагыч же түздөгүч колдонуу зарыл. Температура да өтө жогору болбошу керек.
– Айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Биринчи кезекте ден соолук маанилүү. Чач – организмдеги өзгөрүүлөрдүн биринчи белгиси. Кан азайганда, уйку тартыш болгондо, стресс күчөгөндө чач түшө баштайт. Витаминдер жетишпесе да чач сигнал берет.
Жайында чачты күндөн, кышында сууктан коргоо керек. Чачтын түрүнө жараша туура каражат тандаса, ал сөзсүз натыйжа берет. Мен үчүн ар бир айымдын сулуу болуп, жылмайып кеткенин көрүү – чоң кубаныч.
