Индира Шаршенова: «Санарип Аймак» жана «E-Kyzmat» кандай иштейт?
23 май

Индира Шаршенова: «Санарип Аймак» жана «E-Kyzmat» кандай иштейт?

Санариптик документтер, накталай эмес эсептешүүлөр, мессенджерлер, корпоративдик сайттар биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды жана масштабдуу санариптештирүүнүн барган сайын көп продуктулары кыргызстандыктарга жеткиликтүү болууда. Бирок, алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул чек эмес. Бүгүн биз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын санариптештирүү жана «Санарип Аймак» жана «E-Kyzmat» системаларынын иши жөнүндө КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира Шаршенова менен маектештик.

– Жалпы санариптештирүү боюнча сиздердин агенттиктин мисалында айтсак, бул багытта кандай кадамдар жасалды?

– Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, аталышында айтылгандай, эки багытта иш алып барат: биринчиси, мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматтардын кадр саясатын башкаруу. Экинчи багыт – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Бул багыттарда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү бөлүгүндө 2 чоң платформа түзүлгөн, 2017-жылдан бери жыл сайын чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан «E-Kyzmat» системасы активдүү киргизилип жатат. Эгерде региондук деңгээлде жана ЖӨБдөгү санариптик трансформация жөнүндө айта турган болсок, анда «Санарип Аймак» системасы киргизилүүдө.

– «Санарип Аймак» кандай иштейт жана ал эмне үчүн керек?

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы санариптик трансформация «Санарип Аймак» системасынан башталат. Бул система жергиликтүү бийлик органдары өз аймагында канча тургун жашаарын, канча үй чарбасы бар экенин, кандай мүлкү бар экенин каттоосу үчүн керек. Жаңычылыктардын бири – ЕРМИ муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестринин модулун түзүү, ал аркылуу ЖӨБ органдары өзүнүн муниципалдык мүлкүн эсепке ала алышат.

Экинчи жаңычылык, ИЖС модулу, Конституцияга ылайык, ар бир жаран жеке турак жай куруу үчүн акысыз жер тилкесин алууга укуктуу. ЖӨБ органдары каттоо боюнча кезекке коюп, жер тилкелерин беришет. Бул кезек мурда журналда жүргүзүлчү, учурда биз бүт процессти автоматташтырдык жана азыр кезек «Санарип Аймак» системасында электрондук форматта жүргүзүлөт. Электрондук кезек журналын жүргүзүү бизге белгилүү болгон коррупциялык тобокелдиктерди жеңүүгө, жер тилкелерин берүү процессин системалаштырууга, көзөмөлдөөгө жана маалыматтарды талдоого мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүгү боюнча колдонуучунун жеке кабинети иштелип чыгып, ишке киргизилди. Анын жардамы менен муниципалдык жана мамлекеттик кызматкер  өзүнүн кандай маалыматтары бар экенин көзөмөлдөй алат, ошондой эле базаны өзүнүн маалыматтары, квалификациясын жогорулатуу, окуусу менен толуктай алат жана электрондук форматта конкурска катышуу үчүн арыз берүүгө мүмкүн. Бул убакытты үнөмдөйт жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга багытталган.

 Билим беруу министрилигин болуу. Чечимге кол койгондо башталгыч мектепке чейинки орто негизги билим беруу функцияларын агартуу министрлигине илимий илимий техникалык жана иноовациялык функцияларды илим жогорку билим беруу жана инновациялар министрлигин тузггон. Бул эки мин тузулушу бугунку кундо ото маанилуу жагдай экенин баса белгилеген тараптар бар.