Алтын Рысбекова, психолог: “Өсөр эл кызын сыйлайт, аял киши тукум улайт”
28 октябрь

Алтын Рысбекова, психолог: “Өсөр эл кызын сыйлайт, аял киши тукум улайт”

Психолог, ораторлук чеберчилик боюнча устат Алтын Рысбекова менен көп аял алуунун кесепеттери, зомбулук, балдардын психикасынын бузулушу боюнча баарлаштык.

– Алтын айым, экинчи, үчүнчү аял болуп тийгендердин телегейи тегизби же алардын да ат көтөргүс арманы барбы?

– Экинчи, үчүнчү аял болуп тийген кыздардын да, күйөөсү биринчи аялынын башын аттап, экинчи,үчүнчү аял алган аялдын да писхологиясы жайында болбойт. Алар менден ага көбүрөөк көңүл буруп койду. Бүгүн меникине келбей, экинчи күнү да тигил аялынын үйүндө калды. Мага экинчи сорттогу адамдай мамиле кыла баштады деп ызаланып, туталанып жашайт. Өмүр бою ызаага муунат. Андай аялдардын  көбүнүн балдарынын  психологиясы бузулуп чоңоёт. Мага кайрылган экинчи, үчүнчү аял болуп тийген кыз-келиндер жолдошун  кызганып, туталанып, күйөөсүн башкалар менен бөлүшкүсү келбей жашашат. Алардын бала төрөгөнү менен жашоодон ырахат алып жашаганын көргөн жокмун. Же жашоосу жакшырбай, жоктон башы чыкпаган  турмушту баштан кечиришет. Андай аялдардын  биринчиден, жокчулук кендирин кессе, экинчиден, күйөөсүнүн көңүл буруусу, мээрими жетишсиз болот. Андай тагдырга туш болгон айымдарга  неге жапжаш туруп ушул жолду тандадың деп суроо берсем, көбү шариятты айтат. Мага кыздардын караңгылыгынан пайдаланып, эрекектер катар-катар аял алгандай сезиле берет. Ошондой эле көп аялдуу жашоого макул болушкан кыздар өздөрү да күнөөлүү.

Мурун  биринчи аялы төрөбөсө гана экинчи аялга  балалуу болуу максатында  үйлөнгөндөр болчу.  Бирок, аялы жапжакшынакай эле уул десе уул, кыз десе кыз төрөп берсе да, шариятты шылтооломуш болуп, көп аял алгандар көбөйдү.

Кээде эки-үч  аял алган эркектер  аялдарын бакпай эле аны аялдары багабы деп да ойлоп кетем.

– Кыздар кадырын кетирип, баасын төмөндөтпөй эптеп эле эрим болсун деп турмушка чыкпаш үчүн эмне кылышы керек?

– Кыз баланы окутуш керек. Билимдүүгө дүйнө жарык экенин көрсөтүп, басынтпай  баасы жогору экенин сездирип чоңойтуш керек. Сенин колуңдан баары келет деп ишеним берип, ылдый баш кылбай тарбиялаш керек. Анткени, тарбияны да, билимди да татыктуу алган кыздар алтын башын азапка салып, экинчи, үчүнчү аял болуп турмуш курганга макул болбойт. Андай максат менен кайрылган  эркектерди да ордуна коюп коёт.

– Үстү-үстүнө аял ала бергендер аялзатын сексуалдык объект катары эле карайбы же алардын башка максаты барбы?

– Эгер динди шылтоолоп, шариятты сөз кылып, жаш  кыздарды экинчи, үчүнчү аялдыкка алып, толук камсыздай албаган эркектерди аялдарды сексуалдык обьект катары карайт десек болот. Эгер алар динди айтып, шариятты сөз кылып, тигил кыздын жүрөгүнөн орун алганы чың болсо, анда ал кыздын да жоопкерчилигин сезип, жетиштүү көңүл буруп, эч нерседен кем кылбай багышы керек. Болбосо, жаш кыздардын тагдырына балта чаап, жөн эле аял кылып албашы керек. Мага, экинчи, үчүнчү аял болуп тийгендер көп келет. Алардын дарты жогоруда сөз кылгандай күйөөсү жетиштүү көңүл бурбай жатканын, кызганыч жүрөгүн өйүгөнүн, жарытылуу шарттын жоктугун, зарылчылыктары толук чечилбегенин айтышат.

– Акыркы мезгилде  кыздарды, аялзатын  кордогонду адатка айланта баштадык. Башында кордолгон аялдарга коомчулук  катуу реакция кылса, акыркы мезгилде аялын сайып же атып өлтүрүп коюптур деп кадимкидей эле кабылдай башташты. Кайдыгерликтин кесепети келечекте кыздардын кор болушуна шарт түзбөйбү?

– Түзөт. Мен ар бир кор болгон  аялзатынын абалын укканда жүрөгүм тилинет. Жандүйнөм жанчылат. Эгер аялзатын камкордукка алалбасак, анда кыздар зөөкүр эркектерден өзүн коргой турган кылып, карета, бокс сыяктуу өнөрлөрдү үйрөтүш керек окшойт деп ойлоно баштадым. Анткени, бапестеп чоңойтуп берген кызыңды бирөө кордоп, өлтүргүчө өзүн өзү коргону туурадыр. Себеби, сен багып чоңойткон чырактай кызды  эч кимдин уруп, сабап, кордогонго акысы жок. Ошон үчүн аял киши баарына чыдаш керек деген тарбияны токтотуп, аялзатын турмушта өз ордун билдирген тарбия беришибиз керек. Ошондой эле балдарга тырмактайынан аялды урматтоо, сыйлоо зарылдыгын айтып өстүрүш керек. Болбосо, аялдарды кордоо, зөөкүрлүк кылуу улана берет.

“Өсөр эл кызын сыйлайт. Аял киши тукум улайт”. Ошон үчүн баарыбыз аялдарга аяр мамиле кылган, аял затын сыйлаган муунду тарбиялоого багыт алышыбыз керек. Балдарга кичинесинен туура тарбия берип, аялды аздектегенди үйрөтсөк, үй бүлө институту бекем болот.

– Көп аялдар күйөөсүнөн токмок жегенин жашырышат. Башкаларга күйөөсүнүн кордогонун айткандан тартынат. Мүмкүн ушул нерсе күйөөнүн зөөкүрлүгүн өрчүтүп жаткандыр...

– Туура. Кээ бир аялзаты күйөөсү кордоп жатса да чыдап жүрө берет. Өз алдынча жашоо кургандан коркот. Таяк жегенин жашырат. Антпей эле тескерисинче жакындарына күйөөсүнүн зөөкүрлүгүн айтыш керек. Керек болсо, укук коргоо органдарына кайрылып, өзүн коргоого аракет кылышы зарыл. Чыдап жүрө берсе, зөөкүр күйөө өлтүрүп деле коёт. Ата-эне да “эрдүү катын таяк жейт” дебей кызын кор кылбай ажыраштырып алышы керек.

– Неге коомдо агрессивдүү адамдар көбөйүп кетти?

– Анын себеби көп. Эл арасында жумушсуздук, кымбатчылык, нааразычылыктын айынан агрессивдүү адамдар көбөйүп кетти. Адам өзүн өнүктүрүп, издениши керек. Эми кайдан окумак элем дебей абалдан чыгуунун жолун издебесе наалып, бирөөнү күнөөлөгөндөн маселе чечилбейт.

– Агрессивдүү адамдар кайдан чыгат?

– Балдар кичинесинде психологиялык травма алып калса, басынып чоңойсо ата-энесинен көп таяк жесе, оюн эркин айталбаган шартта өссө мына ушулар чоңойгондо агрессор болушат. Тагыраагы, маселени жай отуруп чечпей кыйкырып, өкүрүп чечүүнү, бирөөнү кордогонду адатка айлантышат. Ошон үчүн балдардын психикасын бузбай, татыктуу тарбия берип, жан дүйнөсүн мээримге толтуруп чоңойтушубуз керек.

– Адам кийип жүргөн кийимдеринин өңү анын психологиясынан кабар береби?

– Берет. Маселен, боз же саргыч  өңдөгү кииймдерди кийгендер байкалгысы келбегендер болот. Ачык түстөгү кийим кийгендер башкаларга көрүнгүсү келгендер, өзүнө ишенгендер болот.