Бүбайша Арстанбекова: Оор кылмыштарды азайтуунун жалгыз жолу – өлүм жазасы
Акыркы учурда жүрөк титиреткен кылмыштар катталды. Бул коомчулукта өлүм жазасын киргизүү боюнча суроону кайрадан жандантты. Бирок ошол эле учурда өлүм жазасынын киргизилишине каршылар да бар. Алар мындай позициясын “айыпсыз адамдар да атылып кетиши мүмкүндүгү, өмүрдү эч ким эч убакта калыбына келтире албастыгы” менен түшүндүрүшүүдө. Биз акын, коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова менен ушул темада маектешип, өлүм жазасы бизге канчалык зарыл экенин чечмелөөгө аракеттендик.
– Өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Ак-караны ажыратууга сот, прокурорлорубуз даярбы? Катаал жаза менен орто жолдо күнөөсүздөр мерт болуп кетпейби?
– Өлүм жазасын киргизүү – учурдун талабы, анткени адам баласынын коопсуздугу коркунучтуу абалга кептелип турган доордо жашап жатабыз. Айрыкча, жаш кыздар, балдарга, аялдарга болгон зордук-зомбулук күчөп, маньяктар пайда болуп, Кудайдан коркпой оор кылмышка баргандардын саны күндөн-күнгө өсүп көбөйүүдө. Бирок сот, прокуратура, тергөө органдары күнөөсүздөрдү күнөөлүү деп, коррупциялык жол менен жасалма айыптап, ак жерден өлүм жазасына тартпайт деп эч ким кепилдик бере албайт! Анткени укук коргоо органдарына ишенич жок! Ошондуктан, тыкыр иликтеп, тергөөнү адилеттүү жүргүзүп, сот адилеттүү өкүм чыгарса жана өлүм жазасын бурмалагандардын өзүн да, өлүм жазасына тарта турган күчөтүлгөн мыйзам болсо жана көзөмөл күчтүү болуп, бейкүнөө жазаланууга жол берилмек эмес деп ойлойм. Негизинен өлүм жазасы болсо, оор кылмыш кылгандардын саны кескин түрдө кыскармак.
– Айрымдар өлүм жазасы авторитардык мамлекеттерде гана болот деген ойлорун айтып жатышат го...
– Авторитардык мамлекеттерде гана өлүм жазасы болот деген туура эмес! Мисалы, Кытайда өлүм жазасы бар. Өлүм жазасын колдонгон өлкөлөрдө, тартип орноп, өтө коркунучтуу кылмышкерлердин саны азайууда. Ал эми бизде коркунучтуу кылмышкерлер көбөйүп, элибиздин коопсуздугуна кепилдик жоктой сезиле баштады. Ошон үчүн көзөмөлдү күчөтүп, өлүм жазасын киргизишибиз керек.
