Мыктыбек Арстанбек: Бизнес баштоодон коркпоо керек, ал жакта атып салчу снайпер жок
Мыктыбек Арстанбек көп жылдан бери бизнес тренер катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Ал кантип бизнести нөлдөн баштоого болоорун үйрөтөт. Жеке ишкерчилик менен алектенүүнү каалаган адам каражаттан биринчи эмнеге басым жасашы керектигин түшүндүрүп берди.
– Мыктыбек агай, нөлдөн бизнести баштоо боюнча тренингдерди уюштуруп, ишкерликке багыт берген сабактарды бир канча жылдан бери өтөсүз. Чындап эле бизнести нөлдөн баштоонун жолун таптыңызбы?
– Ишкердикке кирер алдында алгач олуттуу маселелерди чечип алуу керек деген алтын эрежебиз бар. Ошон үчүн бизнести нөлдөн баштоону үйрөтөөрдөн мурун бир күндү бүтүндөй эрежелерге жумшайбыз. Анткени, жээктен сүйлөшүп албасак, деңизге киргенден кийин сүйлөшүү оор болуп калат. Деңизге киргенде артка кайтуу болбойт. Алдыга кетейин десең базалык түшүнүктөр чечилбесе, иштей албай кыйналасың. Ошон үчүн жогоруда айткан алтын эреже менен иш кылабыз.
Мен да мурун башкалар сыяктуу эле бизнести акчасы жок баштоо мүмкүн эмес деп ойлочумун. Азыр деле ишкердик кылгандардын көбү бизнес баштоо үчүн акча керек деп ойлошот. Чынында бизнесмендердин көбү ишти нөлдөн башташкан. Мен да бизнести баштоо үчүн акча керек эмес экенин түшүндүргүм келет.
Айтайын дегеним, менин бир туугандарым бир фирмада иштейт. Тагыраагы, фирманын иши илгерилешине чоң салым кошот. Тилекке каршы, ал жасаган мээнетине жараша айлык акы албайт. Мүмкүн анын тапканы айлыкта иштегендерге караганда көптүр. Бирок, анын энергиясы, чыгармачылыгы, демилгеси, потенциалы ага берилген акчадан алда канча жогору бааласа боло тургандай иштейт. Ошон үчүн мен ага дайыма сен фирмага эмес, өзүң эле иштебейсиңби деген кеңеш берчүмүн. Бирок, ага бизнес баштоо үчүн акча керек эмес деп айтчу эмес экенмин. Бир күнү келип, «бизнес ачууда акча негизги маселе эмес экенин түшүнүп жатам», – деди. «Ойлондум. Идеям көп, акча деле маселе эмес экен. Мен эмнеге кылбай жат ам деп ойлонуп сизге келдим», – деди. Чынында адам акча болсо деле, идея болсо деле бизнес кылып кетпейт. Аны токтоткон, артка чегинткен бир нерсе болот. Тагыраагы, кайсы бир ишти кыла билүү эби керек. Орусча «навыки». Сөзүм куру болбош үчүн мисалдар менен түшүндүрөйүн. Мисалы, мен эмнеге жыгач усталык кыла албайм. Анткени, ага эбим жок.
– Эп адамда тубаса болобу же аны калыптандырабы?
– Көптөр эптүүлүк тубаса болот деп ойлошот экен. Талант кандайдыр бир жөндөм, көрөңгөдүр. Ал эми эп адам жашоосунда кайсы бир маселеден пайда болгон тажрыйба. Маселен, эшикти улам ача берсең эшикти кыйчылдатпай ачуу эби пайда болот. Же столду кыйчылдатпай туруп жылдыруу эби пайда болот. Бул адат эмес, эп. Же болбосо адамдар менен мамиле сүйлөшүү эби. Сен таанышкан адамдан кандай пайда табасың, ал сенин эбиңе байланыштуу болот. Анысыгандай бизнес ачууда акча, идея эч кандай роль ойнобойт. Эптен көз каранды. Бизнести эп ишке ашырат.
– Кантип?
– Мисалга мектеп окуу программасын алалы. Мектеп окуу программасынын негизги өзөгү эптерди пайда кылуу. Математика, физика, химия аалам жөнүндө гана маалымат бербестен, мээнин маалыматты сиңирүү эптерин да пайда кылат. «Бул жерден мындай ылдамдыкта мындай машине чыкты, тигил жактан тигиндей ылдамдыкта мындай машине чыкты. Экөө канчада кандай жерде жолугат» деген толгон-токой мисалдар мээни иштете турган эптерди пайда кылат. Ошондой эле окуу программалары коммуникациялык, чарбалык эптерди да жогорулатат. Эби бар адамдар эффективдүү иштерди кыла алат. Ишкерлик кылганга батына албагандардын эби жок болгон үчүн ошол иштин өтөөсүнө чыгаарына көзү жетпейт.
– Ошондо сиз жетектеп жаткан «Ишкердик Академиясы» эптүү болуунун жолун үйрөтөбү?
– Биздин академия адамдардын эптүү болуунун жолун үйрөтүп, «муну жасап көр да, Инстаграм, Фейсбук деген базарга чыгар» дейт. Өзүңдүн «мен» деген эгоңду сындырып көрүүнү үйрөтөт. Эбиңди ойготот. Бизден окуйм деп келгендер алгач «Мен кыла албайм го. Мен аябай түрү суук көрүнөм. Чыкпай эле коёюн», – дешет. Чыгасың. Аллах ар бирибизди сулуу кылып жараткан. Социалдык тармактарга жаз, видео тартып чыгар деп талап кылабыз. «Ката болуп калсачы» деп чочулашат. Ката болсо, эч ким урушпайт. Ал жакта сени атып сала турган снайпер жок. Таптакыр болбой жатса, 30-40 жолу жасайсың дейбиз.
– Эмнеге?
Адам бир нерсени 30-40 жолу жасаса ал көнүгүү болуп, эп болуп калат. Эп пайда болгон адамда лидерлик сапат да пайда болот. Ошон үчүн энеден туулганда эле кимдир бирөө эптүү болуп туулбайт. Бардык нерсе кылып көрүү менен эптен адатка, адаттан мүнөзгө айланат. Бизнес эптери ишкерлик кылам десе пайда болот. Кыскасы, «Ишкерлер Академиясы» бизнести нөлдөн баштоону үйрөтүү көптөргө табылга болуп жатат. Көптөрдүн эби ойгонуп, ишкерликти баштап жатышат. Ошон үчүн колумдан келбейт деп кетенчиктей бербей аракет кылса, эп пайда болуп, эптен ийгилик жаралат. Ошон үчүн колумдан келбейт дебей, окуп керектүү маалыматтарды алып, жөндөмдү пайда кылыш керек.
