Барчынай Кадырбекова: Кыз бала эненин тагдырын кайталайбы?
Эне кандай тагдырды жашап өтсө, анын кызы ошол чыйырга түшүп калышы мүмкүнбү? Бул канчалык деңгээлде реалдуу жана анын алдын алуу үчүн эне тараптан кандай аракеттер жасалышы керек? Ушул суроолордун тегерегинде психолог Барчынай Кадырбекова ой бөлүштү.
33 жылдан кийинки жооп
Мага 53 жаштагы айым келди. Турмушка чыкканына 33 жыл болуптур. Ошол 33 жыл бою аны жолдошу болушунча пайдаланган. Күйөөсү жашоосу бир нукка түшүп, тынчып калганда үй-бүлөсүнөн кетип, а качан сыноолорго кабылганда кайтып келип турган. 33 жыл бою жолдошунун кылыгы, кайдыгерлиги, аны жөн гана колдонуп жатканы аялга түшүнүктүү болгон, бирок андан баш тартууга, жаңы жашоо баштоого такыр эрки жеткен эмес. Ызасы, таарынычы көбөйүп отуруп, калың стресске айланып, такыр өзүн жоготуп коюу чегине жеткенде мага келди...
Биз анын өткөнүн изилдеп көрдүк. Аялдын энеси 8 балалуу болгон, жолдошу (аялдын атасы) чоң кызматта иштеген, апасына күн көргөзгөн эмес. Каалагандай жашаган жана үй-бүлөсүн каалагандай башкарган. Аял ага бала төрөп берүүчү, анын кызматын кылуучу инструмент катары гана болгон. Эненин таарынычы, ызасы балага өткөн, мындай энеден төрөлгөн бала келечекте билимдүү, ийгиликтүү болушу мүмкүн, бирок жеке мамилеге келгенде кайсы бир деңгээлде аксайт. Аял 8 бир тууганынын тең жашоосу бир кылка кетпегенин айтып берди. Демек, эненин программасы балдарында иштеп жатат. Мындай окуялар көп: энеси күйөөсү менен ажырашса, кызы да келечекте ажырашууга дуушар болушу мүмкүн же атасы ичип кетсе, бала да келечекте алкоголго жакын болот. Атасы апасына кол көтөргөн болсо, келечекте кызы чоң муштум күйөөгө туш болот.
Балким, менин ушул айткандарымды уккандар “күйөөм кандай болсо да чыдашым керек, эгер мен азыр ажырашсам, кызым да турмушунан аксап калышы мүмкүн экен” деген ойго келиши мүмкүн. Бирок мында чыдоо жөнүндө сөз жок. Ата-эненин тагдырынын кайталанышы баланын көмүскө аң сезимине жазылып калган программа аркылуу болот.
Дагы бир окуя
5 балалуу аял кабыл алуумда болду. Ал 40 жашка чейин күйөөсү менен жакшы турмушта жашаган, 40 жаштан ашкандан кийин үй-бүлөлүк кризис башталган – күйөөсү башка бирөө менен мамиле түзгөнү билинген. Мындайда чечим кабыл алуу кыйын: бир тарапта 5 баласы, экинчи тарапта өзүнүн кадыр-баркы, намысы. Эмне үчүн ушундай болуп калды? Казып көрсөк, ал ата-эне кызганычтын айынан көп чырдашкан үй-бүлөдө өскөн. Ал бала кезинде энесин көп сындаган: эмнеге атамдан кетип калбайт, эмнеге чыдап жашай берет деген суроолорго кабылган. Бул суроо анын көмүскө аң сезимине жазылып, өмүр бою жооп издеп келген. А көмүскө аң сезим апасын жакшыраак түшүнүшү жана суроолоруна жооп алышы үчүн өзүн да так ошондой тагдырга туш кылды.
Эмне кылуу керек?
Программа – бул көмүскө аң сезимге сиңип калган ишенимдер. Адам баласы сөзсүз бир нерсеге ишенет, мисалы же жомокко же кереметке. Же жалгыз гана өзүнүн күчүнө же өзүнүн алсыздыгына, баары ал каалагандай болбой турганына. Эмнеге ишеними күчтүү болсо, жашоосуна ошол нерсе келет.
Программа качан иштөөсүн токтотот? Адам өзүн изилдеп, өзүн өзү өнүктүрүп баштаганда. Кудай бизге ушунчалык көп мүмкүнчүлүктөрдү ичибизге салып берген. Ошону изилдеп, жарыкка алып чыгып, жаңы нерселерди жаратууга умтулуу керек. Жаратмандык болбогондо, суу бир жерге токтоп калса, ал сазга айлана баштайт эмеспи, ошол сыяктуу болот. Ой жүгүртүү, изденүү жокто, бизди программалар башкарат. “Кызым менин тагдырымды кайталап калабы” деп эч убакта коркпоңуз, өнүгүү болбогондо гана кайталануу орун алат.
Ошондуктан, кыз балдардын тагдыры жумшак болсун десек, бүгүнтөн өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, кызыбызга туура программаны өткөрүп берүүгө аракеттенүүбүз керек.
Туура программа – эне туура ой жүгүрткөндө, дүйнөнү, тегерегиндеги болуп жаткан окуяларды аң сезимдүү кабыл алууну жана ага аң сезимдүү жооп берүүнү билгенде орун алат.
Бала сиздин кыйналганыңызды, стресске батканыңызды көрбөөгө тийиш, ал үчүн айланаңызга тынч, жагымдуу чөйрө түзүңүз же сиздин абалыңызга күбө болуп жаткан кызыңызга “анын жашоосу такыр башка нукта болоорун, жарыкчылыкта жакшы тилек сөзсүз орундалаарын” сиңириңиз.
