Тур-лидер Бурулай Ташполотова: Мен үчүн элдин жандүйнөсүн көрсөтүү баарынан маанилүү
Кыргызстанда туризм тез ылдамдыкта өсүүдө жана мында маанилүү ролду багыттарды гана эмес, маданиятты да таанытуучу болгон гиддер же тур-лидерлер ойнойт. Туристтер эркелетип Буду деп чакырган Бурулай Ташболотова кызыктуу маегинде кесиптик жолун бөлүшүп, сүйүктүү жерлери жана кыргыз эли эмнеси менен коноктордун жүрөгүн багынтаарын айтып берди.
– Бурулай, тур-лидер кесибине кантип келип калдыңыз?
– Ачыгын айтканда, мурда өзүмдү бул ролдо элестете да алчу эмесмин. Тур-лидердин иши такыр эле кол жеткистей туюлчу. Баары капысынан болду – Чоң-Кеминге эс алууга эле баргам. Бирок ошол жактан саякатка жана адамдар менен баарлашууга болгон кызыгуум ойгонду. Кийинчерээк өзүмдү бир туристтик компаниядан сынап көрдүм, аңгемелешүүдөн өттүм, турларды алып бара баштадым, анан күтүлбөгөн жерден бул ишке болгон өзүмдөгү жөндөмдү байкап калдым.
Мурда түнт, адамдар менен тил табышуу кыйын болгон чыныгы интроверт болчумун. Бирок кесибим мени жаңыдан жаратты: адамдарды өзүмө тартууну, энергия бөлүшүүнү, дем берүүнү үйрөндүм. Бир нече айдан кийин эле мыкты гиддердин бири катары таанылдым. Мага чын дилден иштөө жагат, анткени, туризм бир гана багыттардан эмес, адамдык жылуулуктан да турат.
– Туристтер менен иштешүүдөн башка эмне менен алектенесиз? Эмнеге кызыгасыз?
– Ырдоого дайыма кызыгам. Үнүмдү жана интонацияны өзгөртүп ар кандай ырларды ырдаганды жактырам. Андан сң жашоомо сүрөт тартуу кирди, айрыкча жаратылыштын көрүнүшү дем берет. Сынактарга катышып, бир нече жолу жеңип да алгам. Спорт дагы маанилүү орунда турат. Волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика менен алектенип, бильярдда да ойнойм. Андан тышкары гитара менен укулеледе да ойной алам. Кыялым – мүмкүн болушунча көбүрөөк музыкалык аспаптарды үйрөнүү, анткени, музыка – бул бардык адамдарды бириктирген тил.
– Туристтер менен иштешүүдө сизге эмне көбүрөөк жагат?
– Жаңы адамдарды тосуп алуу. Ар бир адам жашоомо өзүнүн кайсы бир нерсесин алып келет – тажрыйбасын, билимин, дем берүүсүн. Мисалы, жакында турда дизайнер болуп, мени менен кесиптик сырларын бөлүштү. Мен гиддин иши – бул бир гана жаратылыш менен таанышуу эмес, маданият менен үзгүлтүксүз алмашуу деп ишенем.
– Кыргызстандагы кайсы жерлерди сөзсүз барып көрүү керек деп эсептейсиз?
– Биринчи кезекте – Кел-Суу, Соң-Көл жана Алтын-Арашан. Булар өлкөбүздүн берметтери, көргөн адамга абдан чоң таасир берет. Туристтер Ысык-Көлдүн Түштүк жээгин: Жети-Өгүздүн кызыл аскалары менен кооз тоолорун жакшы көрүшөт.
– Биздин өлкөдө анчалык таанымал эмес, бирок туристтерге кызыктуу боло турган кооз жерлер барбы?
– Ооба, андай жерлер аз эмес. Мисалы, Чаткал районундагы Эшенкул көлү – адамдардын көзүнөн оолак турган чыныгы тоо бермети. Нарын облусундагы Чатыр-Көл – Тянь-Шандын 3500 бийиктикте жайгашкан эң бийик көлү. Анын асман түстүү көрүнүшү суктандырат. Анан албетте, Көк-Көл көлү – күңүрт көк түстөгү суу жана анын тегерегинде карагайлуу токой. Бирок ал жакка жол кыйын жана коркунучтуу, ошондуктан туристтер аз барат. Бирок андагы сулуулук кыйынчылыкка карабай барып көрүүгө татыйт.
– Турларда экстремалдуу учурлар болду беле?
– Албетте. Мисалы, машина бузулуп, тез арада башка машина издеген учур болгон. Жыйынтыгында, жада калса графиктен анчалык алыстаган жокпуз. Анткени, ушундай учурлар бизди ийкемдүү жана жыйнактуу кылууга үйрөтөт. Башкысы, туристтер тынчсызданышпаса болгону.
– Сиз үчүн эмне маанилүү: жаратылышты көрсөтүүбү же элдин маданиятынбы?
– Мен үчүн маданиятты. Бизде жаратылыш укмуштуудай, бирок кооз жерлерди башка өлкөлөрдөн да табууга болот. А элдин жандүйнөсү, салты, көчмөн адат, улуттук оюндар, тарых – мунун баары уникалдуу. Мен жеке турларымда коноктор бир гана жаратылышка суктануу менен алек болбой, кымыз ичип көргөн, музыкабыз, улуттук оюндарыбыз, кол өнөрчүлүгүбүз менен таанышкан экскурсияларды уюштурганды жакшы көрөм, башкача айтканда, алар кыска убакытка болсо да биздин жашообуздун бир бөлүгүнө айланышат.
– Сиз үчүн саякатка чыгуу үчүн кайсы мезгил жагымдуу?
– Сүйүктүү мезгилим – июндун ортосунан августтун аягына чейинки убак. Бул убакта жаратылыш жанданып, көл өзгөчө түстө жаркырап калат, бардык жак жапжашыл түскө оронот. Кыргызстан ушул айларда өзгөчө кооз.
– Эсиңизде өмүр бою калчу окуя болгонбу?
– Ооба, андайлар көп. Бир жолу тайпама жол көрсөтүп жүрүп, ошол эле убакта адашып кеткен туристтерге жардам бергем, жыйынтыгында бир убакта 50 адамды ээрчиттим. Дагы бир окуя – турист бутун сындырып алды, көздөгөн жерибизге жеткенибизче анын жанында катарлаш бастым. Кийин ал турист мени Бишкектеги өзүнүн ресторанына чакырды, бирок тилекке каршы, ушул убакка чейин бара элекмин.
Баарынан да адамдар берген жылуулук эсте калат. Бизди канча жолу жергиликтүү тургундар кымыс, курут же таттуулар менен сыйлашты. Кыргыз элинин өзгөчө күчү так ушунда: биз адамды кайгыда эч убакта калтырбайбыз, дайыма курсагын да тойгузабыз, жылытабыз дагы. Эң бир меймандос, боорукер адамдар жердеген Кыргызстан – менин Мекеним экенине сыймыктанам!
