Үй-бүлөңүздү сасык тумоодон кантип коргоп жатасыз?
Учурда сасык тумоо илдетинин курч түрү жайылып, ооруканаларга бейтаптар батпай жатканын угуп эле жатсак керек. Дары-дармектен сырткары ар кандай ыкмаларды колдонуп бул илдет менен күрөшүп жаткан белгилүүлөр кеңештери менен бөлүшөт.
Сагын Ниязалиева, режиссёр: «Чоң энемдин элдик ыкмаларын колдоном»

– Кылым карыткан кыргызды Умай эненин эмчилиги дарылап келгени ырас эмеспи. Илгери операция дегенди билбей эле, бирок ошондой курч ооруларды өздөрүнүн ыкмалары менен айыктырып келишкен. Менин чоң энем Айымбүбү эмчи болчу. Ысык менен суукту дарылачу. Кичине кезимде колума сөөл чыккан эле. Ай жаңырган кезде Кочкордун кара тузунан тийгизип ырымдап, дарылаган. Эртеси сен көр, мен көр жоголгонун көрүп, эмне деген керемет сыйкыр деп таң калгам. Чоң энемдин ырым-жырымын, элдик медицинасын балдарыма, неберелериме колдоно калмайым бар.
Азыркы сасык тумоо негизи тамактан кармап, табитти жоготуп, шалдыратып жатпайбы. Ошого кадимки талканды көп колдонобуз. Шорпого талканды чалып кайнатып, ысык бойдон ичебиз. Талкан чалынган шорпо иммунитетти көтөрөт. Андан сырткары тердетет. Ошо тер менен суукту, сасык тумоону чыгарып жиберсе болот. Ысытманы болтурбоого да жардам берет. Тамак ооруп баштаганда Кочкордун кара тузу менен тамакты чайкап, талканды компресс кылып ысытып басса жардамы тиет.
Гүлзат Байзакова, ырчы: «Бизге пияз жакшы жардамчы»

– Бул сасык тумоо оңой менен кетпей, тамакты оорутуп, жөтөл менен коштолот экен. Биз да үй-бүлөбүз менен бир сыйра оорудук. Негизи сасык тумоонун белгилери сезилип, чүчкүрүп, жөтөлө баштаганда эле пиязды жардамга чакырыш керек. Кадимки пияздын кабыгын жакшылап жууп алып жай отко 5 мүнөт кайнатып, аны үч маал аш кашык менен ичсе абдан жакшы жардам берет. Пияздын өзүн майда туурап бал кошуп койсо ширеси чыгат. Ошол сиропту үч маал аш кашык менен ичсе да жакшы. Биз ушул ыкманы колдонуп калабыз. Өтүшүп кетсе айла жок догдурга барып, дары-дармектер менен дарыланганга туура келет.
Айнура Салахидинова, ырчы: «Былтыр сонун каражат жасап алгам»

– «Кыштын камын жайда көр» демекчи мен жыл сайын бышыкчылык, арзанчылык кезде эле баарын даярдап алам. Жыл сайын мөмө-жемиштерди тоңдургучка тоңдуруп сактап алмайым бар. Былтыр сасык тумоонун алдын ала турган сонун аралашма жасап алдым. Имбирь, 3 даана лимон, 2 даана апельсин, жалбызды балга кошуп туруп майдалагычтан өткөрүп, андан соң ар түрдүү калыптарга куюп тоңдургучка сактап койгом. Бул ыкма дары-дармек колдоно албаган мен сыяктуу бала эмизген айымдарга абдан керек экен. Мына ушул каражат иммунитетти көтөрүп, үй-бүлөбүздү сасык тумоодон сактап келет.
Анара Шаимкулова, ырчы: «Бака жалбырак жөтөлгө жакшы жардам берет»

– Жашоого, айланадагы адамдарга болгон таарыныч энергиябызды булгап, алсыратат. Кайгырып-капалана берсе иммунитет бат түшүп, алсыз адамдарга дарт дароо жармашат эмеспи. Ошол себептен окурмандарга кайгырбаганга аракет кылыңыздар, дайыма таза абага көп сейилдеп басыңыздар, күчтүү жана витаминдүү тамактарды көп жеп, маанайды көтөрүңүздөр деп кеңеш берет элем. Ал эми азыркы сасык тумоо эмнегедир тамактан кармап жатат. Дарыканаларда сатылган бака жалбырактын кургатылган жалбырагынан 200 граммды кайнатылган сууга демдеп коюп, аны аш кашык менен үч маал ичсе кургак жөтөлгө абдан пайда берет. Какырыкты да бат чыгарат. Эгер чөптөн аллергия жок болсо эрменди колдонсо болот.
Эрмендин бир чымчымын 100 гр сууга демдеп, аны да үч маал ичсе жакшы. Убагында эрмен ичип ковидден айыккандар болду. Себеби, эрмендин курамында вируска каршы зат бар болгондуктан өтө натыйжалуу көмөкчү. Эң башкысы бул ыкманы колдоноор алды чөпкө болгон аллергияны текшериш керек.
Калипа Таштанова, актриса: «С витаминдүү мөмө-жемиштерди колдонуңуз»

– Быйылкы сасык тумоо абдан курч кармап жатат. Биз бул оорудан кайнатылган шорпону тынбай ичүү менен айыктык. Бул илдет адамды алсыратып, табитти жоготуп, сөөктөргө чейин сыздатып оорутат экен . Күчтүү тамактануу шарт. Менин кеңешим С витаминдүү мөмө-жемиштерди колдонуп, өзгөчө лимонду кайнак сууга демдеп ичүү керек. Суюктукту көп ичүү ичтеги вирустарды сыртка айдап чыгарат.
Бактыгүл Абди Жетиген, музыкант: «Баткендин өрүгүн көп колдоном»

– Бир таанышымдын окуясын сиздерге айтып берейин. Ал атасын жүрөк дартынан айыктырам деп операция жасатууга Индияга жөнөп кетет. Индиялык догдурлар жазып берген кагазды дарыканага көрсөтсө кичине баштыкчада кадимки биздин Баткендин өрүгүнө окшош кургатылган өрүк бериптир. «Үч маал үч даанадан тамакка чейин ичип тургула. Курамында жүрөккө эң керектүү витамин бар» деп айткан экен. «Биз барктабаган өрүктү жүрөккө таасирдүү витамин дары деп жети атам тааныбаган Индиядан сатып алып жебедикпи?», – деген эле. Анын сыңары өзүм Баткендин кызы болгон үчүн кадимки Баткен өрүгүн көп колдоном. Себеби өрүктүн курамында пайдалуу заттар абдан көп.
Ички органга тийгизген таасири абдан чоң. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказандын, боордун жана өттүн иштешин жакшыртат. Денедеги шлактарды чыгарат. Жогоруда айткандай жүрөккө да пайдалуу. 200 гр кайнак сууга 3-4 кургатылган өрүктү таза жууп салып коюш керек. 20-30 мүнөттө демделип турган өрүк жибийт. Аны жеп, өрүктүн ширеси чыккан сууну ичүү организмге абдан жакшы жардамын берет. Бул ыкманы дайыма колдонгон үчүнбү, көп оорудан алысмын, көз тийбесин...
