Ак пилдердин өлкөсүнө саякат. Таиланддагы эс алуу тууралуу эмнелерди билүү керек
28 июнь

Ак пилдердин өлкөсүнө саякат. Таиланддагы эс алуу тууралуу эмнелерди билүү керек

Таиланд – күндүн, бейиштегидей деңиз жээктеринин, даамдуу тамак-аштын өлкөсү жана кыргызстандыктар арасында эс алуунун популярдуу багыты. Бул өлкөгө саякаттоо алдында эмнелерди билүү керек, эс алуу канча акчага айланат, өзүң менен эмнелерди ала жүрүу зарыл жана башка сырларын төмөнкү макалада айтып беребиз.

Виза

Кыргызстандыктарга коңшу өлкөлөр Казакстан же Өзбекстандын жарандарынан айырмаланып, виза керектелерин билүү маанилүү. Аны алдын ала да, Таиландга баргандан кийин да алууга болот. Ал үчүн 4Х6 фотоңузду жаныңызга салып алыңыз, виза 2200 бат (75 доллардай) болот.

 

Курс

Бүгүнкү күндө болжолдуу курс 1 доллар – 32,5 ТНВ, башкача айтканда, 1000 долларды болжол менен 32 батка алмаштыра аласыз. Абамайдандагы курс жакшы эмес, ошондуктан ал жерден визага жетерлик акчаны гана бат кылып, калганын мейманканага жеткенде алмаштырыңыз. Эрежеге болуп калгандай, ар бир мейманкананын акча алмаштыруу пунктары бар, анда негизинен үч валюта: доллар, евро жана россиялык рубль алмаштырылат.

 

Климат

Таиланддын климаты тропикалык, негизги эки сезон – кургак жана жаанчыл. Ноябрдан мартка чейин – кургак мезгил, ошондуктан ысыкка чыдай албагандар бул экзотикалык өлкөгө так ушул убакта барышы керек. Апрелден октябрга чейин – жамгырдын мезгили, ошондуктан нымдуулук жогору. Бирок бул аталган мезгилде эс алууга барууга болбойт дегенди билдирбейт: күн сайын жамгыр жаабайт, жааса да кыска мөөнөттө токтойт, а калган учурда деңиз же бассейндин жээгинде жайбаракат күнгө күйүүгө мүмкүн. Баса, бассейн ар бир мейманканада бар.

Эмне алуу керек

Эгер сиз сапарга азыр чыгайын деп атсаңыз, анда желпингич алыңыз, ал көчөдө жүрүүдө жардам берет, а имараттардын ичинде баарында кондиционер коюлган. Күндөн коргоочу крем, жайкы баш кийим, жеңи узун жука кийим жана курт-кумурскалардан коргоочу каражатты да алыңыз. Деңизге түшүүдө коопсуздукту сактоо максатында атайын бут кийим керектелет – аквасоки же коралл тапичкелери, буларды базарлардан сатып алуу арзан түшөт. Ошондой эле өзүңүзгө керектүү дары-дармектерди унутпаңыз, өзгөчө ашказанды тынчтандыруучу дарыларды алыңыз, анткени ал жактын тамак-ашы жакпай калышы мүмкүн. 

Экскурсия

Эс алуу кызыктуу, окуяларга бай жана ар түрдүү болушу үчүн ар кандай экскурсияларга сөзсүз чыгыңыз. Адатта экскурсиялар аралдарга, анын ичинде адам жашабаган аралдарга болот. Бирок мунун чоң минусу – сапар катамаран деп аталган эски кемелерде блот. Сырткы кебетеси начар көрүнгөнүнөн да, аябай катуу термелткени көбүрөөк кыйнайт. Ошондуктан экскурсияга алып чыкчу туроператорлордон сапарга эмне менен чыгаарыңыздарды алдын ала тактап алыңыз. Жакшысы, эгерде компанияңыздар чоң болсо, ыңгайлуу яхтаны ижарага алсаңыздар, баасы анчалык кымбатка айланбайт.

Эстен кеткис таасирлерди квадроцикл тебүү (эгерде аны тур менен чогуу алсаңыз биздегиден да арзан түшөт), пил минүү, жаныбарлар менен байланыш, чиркөөлөргө жана жаратылыш парктарына же ботаникалык бактарга баруу калтырат. Биздин өлкөдө жок нерселердин баарын бирин калтырбай көрүүнү сунуштайт элем.

Саякатчылар үчүн акысыз экскурсиялар да көп. Бирок адаттагыдай, бул экскурсияларда сизге кайсы бир нерсени сатып алууну сунушталат. Бирок эч ким мажбурлабайт, ошондуктан бара бериңиз, жок дегенде жаңы нерсе көрөсүз, а балким, пайдалуу нерсе сатып аласыз же акысыз мастер-класска туш болосуз.

Тай массажы

Тайланддын бренди – таиланддык же тай массажы. Бул тай медицинасынын байыркы ыкмасы жана башка эч кандай ассоциациянын кереги жок. Эгер сиз жаркын эмоцияларды алууну гана эмес, ден соолугуңузду да чыңдоону кааласаңыз, анда биринчи күндөн баштап эле ар бир бурчта жана мейманкананын жанында жайгашкан массаж салондоруна барып, массаж курсунан өтүңүз. Бүт денеге жасалган тай массажы болжол менен 180-200 бат турат. Башка массаж түрлөрү, мисалы, бут, бет ж.б. бир аз кымбатыраак. Массажисттердин ичинен жашы улуу аялдарды тандоо керек, анткени алар эң тажрыйбалуу. Таиланддык массаж бүт денени эс алдырат, бардык кысууларды кетирет, ооруну басаңдатат, кан айланууну жакшыртат ж.б. Дагы бир жагымдуу бонус – ал биздин өлкөдөгүгө караганда бир топ арзанга түшөт.

Тамак-аш

Таиландда тамак-аш даамдуу – ачка калбайсың. Деңиз азыктарынын ар түрдүүлүгү жана адекваттуу баа кубандырат. Ошол эле учурда көнүмүш тамактарды да тапса болот. Бирок, «Кока-Кола», «Фанта» же «Спрайт» сыяктуу суусундуктардын даамы башкача, жакшы эмес,  ошондуктан кадимки эле суу ичкен жакшы, сөзсүз түрдө бөтөлкөдөгү суудан алыңыз.

Транспорт

Ак пилдер өлкөсүндө транспортко байланышкан көйгөй жок. Тук-тук менен жүрсөңүз болот, бул моторлоштурулган рикша. Ал эми комфортту жана кондиционерди кааласаңыз, анда таксиге отурган жакшы. Бул үчүн мобилдик тиркемени жүктөп алуу керек, алар бир нече, бирок эң арзаны жана орус тилинде көрсөтүлгөнү – Bolt.

Дагы эмнени билүү керек

Таиланд жөнүндө белгилей кетчү акыркы нерсе: тейлөө сервиси Кыргызстанга жетпейт. Таиландды жылмаюунун өлкөсү деп аташканы менен тайлар анчалык деле жылмая беришпейт. Балким, туристтерден тажап бүтүшкөн. Мейманканаларда дагы ресепшнде оройлукка туш болушуңуз мүмкүн, ага даяр болуңуз, мындай нерсе Кыргызстандын мейманканаларында жокко эсе. Таиландда турист эң баалуу адам эмес жана Түркияда, Египетте же биздин өлкөдө көңүл бурууга көнүп калгандай, супер сый мамилени күтүүнүн кереги жок. Бирок калган таасирлер позитивдүү бойдон калууда: баары бир экзотика, даамдуу тамак-аш, тропикалык күн жана пальмалуу деңиз өз ишин жасайт. Жана да эс алуу – бул иштөө эмес! Таиланд Түркиядагы эс алууга жетпейт (эгерде популярдуу багыттарды карасак), бирок жок дегенде бир жолу барууга арзыйт!