Зарина Дамирова: Балдарды сасык тумоо жана КРВИден дарылоодо ата-энелердин көп кетирген катасы
Бишкекте респиратордук инфекциялар кескин көбөйгөнүнөн улам дарыгерлердин жардамына муктаж болгон кичинекей бейтаптардын катары өстү. Педиатрлар бир нөөмөтүндө 35 балага чейин кабыл алышууда, а стационарлар чегинен ашыкча иштеп жатышат. Дене табынын 39-40 градуска чейин көтөрүлүшү, дене табын түшүрүүчү дары-дармектин жакшы таасир этпей жатышы жана оорунун курч өңүттө башталышы ата-энелерди чочулатууда, мындан улам көбү балдарды өз алдынча дарылап башташат дагы, опурталдуу катачылыктарды кетиришет. №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатры Зарина Дамирова кандай убакта дарыгерге шашылыш кайрылуу керектигин, сасык тумоону курч респиратордук вирустук инфекциядан (КРВИ) кантип айырмаласа болоорун жана дарылоонун кандай ыкмалары натыйжалуу экенин айтып берди.
– Зарина Дамировна, бүгүнкү күндө кайсы респиратордук инфекция балдар арасында көп кездешип жатат?
– Азыр кадимки КРВИ басымдуулук кылууда, анын ичинде парагрипп, аденовирус жана мезгилдик сасык тумоо. Октябрдын аягынан тартып Бишкек боюнча грипптин вирусу жайылды, бейтаптар абдан көп, поликлиникалар жана стационарлар толуп калды. Дарыгерлер бир нөөмөтүндө 15тен 35ке чейин балдарды кабыл алышууда. Симптомдор баарында окшош: дене табынын көтөрүлүшү (39-40ка чейин), ал оңойчулук менен түшпөйт, парацетамол жакшы таасир бербейт, бул ата-энелерди абдан санаага салууда.
– Кандай убакта баланы үйдө кароо жетиштүү, а кандай учурда ооруканага алып баруу керек?
– Эгерде дене табы өтө көтөрүлбөсө, бала суу ичип, активдүү болуп, дем алуусу да жакшы болсо, анда үйдө калтырса болот. А эгерде дене табы абдан көтөрүлүп, ал 3 күндөн ашуун кармалса, бала шалдырап, суудан баш тартса, дем алуусу оордошсо, дене табын түшүрүү такыр мүмкүн болбой жатса жана акыбалы кескин начарласа, анда дароо дарыгерге жөнөш керек.
– Оору жаңы башталып жатканда КРВИни сасык тумоодон кантип айырмалоого болот?
– Сасык тумоо кескин башталат: дене табы 39-40ка көтөрүлөт, катуу чыйрыктырат, сөөктөр ооруйт, шалдыроо байкалат. КРВИ акырындык менен өнүгүп отурат, алгач мурундан суу агат, тамак ооруйт, дене табы өтө жогорулабайт. Бирок так диагнозду дарыгер гана текшерүүдөн соң кое алат.
– Дарыгерге кайрылбай, баланы өзү билип дарылаган ата-энелер да кездешет эмеспи. Алар көбүнчө кандай ката кетиришет?
– Эң кеңири жайылган катачылык – бул дене табын түшүрүүчү дары-дармектерди туура эмес колдонуу. 39 градуска жеткенин көрөөрү менен ата-энелер парацетамолду тез-тез же көп өлчөмдө берип башташат, бул кээде дене табын коркунучтуу чекке – 34-35 градуска чейин түшүрүп салат. Дагы бир чоң катачылык – антибиотик уколдорун өз алдынча колдонуу. Мындай кылуу такыр болбойт.
Базалык эрежелерди колдонуу маанилүү: балага суюктук көп берүү, нымдуу жана салкын абада кармоо, бөлмөнү желдетип туруу. Тапты түшүрүүчү дарыларды инструкцияга ылайык гана берүү керек. Спирт жана уксус менен денени сүртүүгө, дене табы көтөрүлүп жатканда ысык буу менен дем алдырууга, дарыгердин көзөмөлүсүз күчтүү дары-дармектерди берүүгө жана “пайдасы тийип калаар” деген ой менен антибиотикти колдонууга болбойт.
– Кандай учурда чындап эле антибиотик колдонуу керек?
– Бактериалдык өтүшүүдө гана, мисалы, отит, пневмония, гайморит, бактериалдык тонзиллит. Бирок мында дагы дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, ал дайындап бергенден кийин гана кабыл алуу керек. Кадимки КРВИде антибиотиктин зарылчылыгы жок.
– Вируска каршы дары-дармектер тууралуу эмне айта аласыз, алар керекпи?
– Көпчүлүк учурда кереги жок. Алардын көбүнүн эч кандай пайдасы тийбейт, а ата-энелер көп акча коротуп сатып алышат. Мен дайыма ата-энелерге андан көрө мөмө-жемиш же эт сатып алгыла, пайдасы эки эсе көп болот деп айтам. Дарылоодо негизги нерсе – бул тынчтык, суюктукту көп ичүү жана бөлмөдө туура микроклиматтын болушу.
– Балдарга витаминдерди жана иммуномодуляторлорду берүү канчалык зарыл?
– Лабораториялык жактан жетишсиздиги аныкталса же толук кандуу тамактанбаган учурда витамин берүүгө болот. Ата-энелер көбүнчө баланы такыр оорутпай турган “сыйкырдуу таблетка” каалашат, бирок андай нерсе жок. Туура тамактануу, сейилдөө, таза аба жана чымыр кылуу – мына, ушулар ден соолуктун өзөгүн түзөт.
Полвитаминдерди мен өтө сейрек дайындайм, андагы көп компоненттер бири биринен сиңишине тоскоолдук жаратышат. Иммуномодуляторлорду түз көрсөтмө болбосо, кабыл алуунун кереги жок.
– D3, С жана йод камтыган витаминдер тууралуу эмне айта аласыз?
– D3 жана С витаминин анализи жок эле профилактикалык өлчөмдө берүүгө болот. А калган витаминдерди жана йод камтыган препараттарды текшерүүдөн кийин гана кабыл алуу керек. Витаминдердин ашыкча болушу жетишсиздигине караганда бир топ коркунучтуурак, ошондуктан ар бир кошулма негиздүү колдонулууга тийиш. D витамини баланын жаш курагына жараша эсептелет.
– Элдик каражаттарчы? Алар чын эле пайдалуубу жана кандай коркунучу бар?
– Жылуу суюктук ичүү, желдетүү, абаны нымдаштыруу, мурунду туздуу суу менен чайкоо сөзсүз пайдалуу. Кайнак суунун буусуна дем алуу, спиртти денеге сүртүү, горчичниктер, бир жашка чейинки балдар үчүн үйдө жасалган бал кошулган “микс” опурталдуу.
