Анар Шаинова: Ата-эне көңүл буруп, китеп окуп берип, сүйлөшүп чоңойткон бала такыр башкача өнүгөт
10 январь

Анар Шаинова: Ата-эне көңүл буруп, китеп окуп берип, сүйлөшүп чоңойткон бала такыр башкача өнүгөт

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу, балдардын мектепке чейинки билим берүүсүнө стандарттык мамилелер өзгөрүүдө. Акыркы убакта өнүктүрүү ийримдеринин баасы 10 пайызга кымбаттады, бул албетте ата-энелердин чөнтөгүнө таасирин тийгизет. Караван-Инфо баланы мектепке чейинки даярдоо педагогу Анар Шаинова менен маектешти.

– Балдарды мектепке даярдоо менен алектенгениңизге көп болдубу? Кандай ыкмаларды колдоносуз? 

– Мектепке даярдоо багытында жүргөнүмө 20 жылдай болуп калды, ага чейин студенттер менен иштешчүмүн. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки даярдоонун абдан көп ыкмалары бар, балдар менен иштөөдө ошолорду жана өзүмдүн ыкмаларымды колдоном. Сабак маалында балдар бир гана окуу жана жазууну үйрөнбөстөн, математиканы да окушат, чыгармачыл, ой жүгүртүү жана эске тутуу жөндөмдөрүн өрчүтүшөт. Мен сабакта окууга өзгөчө басым жасайм, анткени, так ошол окуу кеп ишмердүүлүлүгүнүн жеке түрү болуп саналат деп эсептейм, ал маалыматты түшүнүү жана кабыл алууга түз байланышат. Айрым учурда ата-энелер балдарын окуу жылынын башталышында эмес, кечирээк, май айынын аягында же жайдын башталышында алып келишет, андайда мен интенсивдүү окутуу ыкмасын колдоном. Колдонуп жаткан программанын баарын камтууга аракеттенем, бирок дайым эле жыйынтык чыга бербейт. 

– Тез окууну үйрөтүү боюнча азыр курстар көп. Бул балдарга канчалык керек? 

– Буга өзгөчө абайлап мамиле кылуу керек, анткени мектепке чейинки жана биринчи, экинчи, ал турмак үчүнчү класс курактагы балдарга башкы нерсе текстти түшүнүү. Бул менин көз карашым. Түшүнүп окуганда гана бала тез окууну өздөштүрөт. Алгач бала түшүнүп окуу этабынан өтүшү керек. Начар окуганынан эмес, мүнөзү ошондой болгону үчүн жай окуган балдар бар, муну да эске алуу керек. 

 Баланы тамганы кошуп окуганга кантип тез үйрөтсө болот? 

– Мектепке чейинки курактагы баланы бир сабакта эле тамгалап окууга көндүрсө болот, айтып жатканым, эгерде аны белгилүү бир сандагы үндүү жана мисалы, эки үнсүз тыбыш менен тааныштыра алсаңыз, бул Жуковдун ыкмасы боюнча, мындан улам бала биринчи сабакта эле тамгалап окуп баштайт. 

– Балдар менен иштешкениңизге көп болуптур, мектепке бара турчу балдардын деңгээли өзгөрүлдүбү? 

– Мектепке даярдыктан өткөн балдардын деңгээли ар башкача болот, бала бакчага барып, тарбиячылардын сабагы алган бала, ата-энеси менен сүйлөшүп, алардын китеп окуганын уккан бала, көңүл бурууну алган бала такыр башкача өнүгөт. Балдар колуна гаджетти азыраак кармап, ата-энеси аларга көбүрөөк окуп берсе жакшы болмок. 

– Мектептер 1-класстын окуучуларынан бир топ негизги билимди талап кыла баштады. Ушул туурабы? 

– Бала 1-класска барганда, менин көз карашымда, окуганды, жазганды жана онго чейин санаганды, математиканын негиздерин – кошконду жана алганды билиши керек. Бул оюма көпчүлүк кошулат, биздин мектептер аябай толгон, бир класста 40-50 окуучу отурат, анан албетте, мынчалык жүк менен мугалим ар бир баланы окуганга жеке үйрөтө албайт. Ошондуктан баланы алдын ала даярдоо керек. 

– Сизге үй тапшырмасын аткарууда жардам керек болгон балдар келишет эмеспи, окуу программалары канчалык өзгөрдү? Окуу программалары абдан татаал деген ата-энелердин айтканы жөндүүбү? 

– Орус тили, математика боюнча программаны татаал болуп калды деп айтпайт элем, болгону көпчүлүк балдар окугандан, айрыкча көнүгүүлөрдү аткаруудан кыйналышат. Эмнеге 3-, 4-, 5-класстын окуучулары көнүгүүлөрдү аткара алышпайт – алар эмнени окуп жатканын билишпейт, тексттин өзүн түшүнбөйт, ошондуктан көнүгүүнү да аткара алышпайт. Ал эми көп орундуу сандарды кошуу, кемитүү, бөлүү, көбөйтүү тууралуу айтсак, бала маселени чечүү алгоритмин түшүнбөйт, мында жардам берсе болот.