Адина Досумбетова, жеке ишкер: “Миң адамга жумуш ордун түзүп берүүнү каалайм”
12 октябрь

Адина Досумбетова, жеке ишкер: “Миң адамга жумуш ордун түзүп берүүнү каалайм”

Ар бир ийгиликтин артында талыкпаган эмгек, көз жаш жана өжөрлүк жатат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз – кичинекей баласын көтөрүп жүрүп бизнес баштаган күчтүү айым. Алгач журналистика чөйрөсүндө иштеген Адинаны кийин турмуштук жагдайлар таптакыр башка жолго жетеледи. Ар бир сыноодон кийин кайра туруп ишин улантып, 3 жылдын ичинде тигүү бизнесинде өз брендин калыптандырды, өндүрүшүн дүйнөнүн ондон ашык өлкөсүнө чыгара алды.

Бул маек окурмандарга аялзатынын кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү жана эмгекчилдиги менен кантип ийгиликтерге жетүүгө болорун көрсөтүп берет.

– Адина, журналистикадан бизнеске өтүү чечимине сага эмне түрткү болду?

– Теле алып баруучулук - менин бала кезимдеги кыялым болчу. Мектепти бүткөндөн кийин журналистикага тапшырып, телеканалда 7 жыл иштедим. Бирок турмушка чыккандан кийин айылда жашоого туура келип калды. Буга чейин иштеп көнгөн жаным айылда деле жөн отура алган жокмун. Сайттарга  макала жазып, авиа билет сатып... убактыма, шартыма карап ар кайсы иштерди жасап көрө бердим. Жашоо-турмуш биз ойлогондой эле боло бербейт экен, уулубуз төрөлгөндөн көп өтпөй эле жолдошум экөөбүз эки жолго түштүк. Бир туугандарым, апам Москвада болгон үчүн жаныбызда бол деп мени да чакырып алышты. “Баарын биз камсыз кылабыз, үйдө балаңды карап отура бер” дегендерине болбой кирпик улап иштедим. Убагында бул өнөрдү да үйрөнүп койгон элем, ошонумдун кереги тие баштады. Кардарларым бирин көрүп экинчиси келе берип аябай көбөйүп кетти. Үйдөгүлөр баары жумушка кетет, баламды бешикке бөлөп коюп үйдөн эле алгачкы “бизнесимди” баштадым. Бирок минтип да көпкө иштей албайт элем, эч кимге көз каранды болбой эркин жашоону самап 7 айлык балам менен кайра Бишкекке келдик. Ал учурда мобилизация учуру болуп, шаардан батир табуу кыйын болуп жатыптыр. Аябай кыйналдым. Туугандардыкында туруп, бир ай дегенде араң бир квартира таптым. Иштеген ишим жок, батирдин баасы кымбат, кийинки айын кантип төлөйм деген ой болбой эле, тескерисинче, абдан сүйүнгөнүм эсимде. Анткени бирөөнүн үйүндө кысылып жашагандан тажаган элем. Балам ыйлабасын деп үнү чыга электе эмизип баштачумун. Ушундай кыйынчылыктардан кийин балам экөөбүздүн жакшы жашообуз үчүн болгон күчүмдү жумшап, Кудайдын колдоосу менен ишти баштадым. Мени колумда балам менен эч ким жумушка алмак эмес. Ошондуктан бул учурда мен үчүн эң ыңгайлуу жумуш - баерлик болду. Алгачкы ишимди ушундан баштадым.

– 7 айлык бала менен бизнес баштоо – чоң эрдик. Ал учурда сени алдыга сүрөгөн күч эмне болду?

– Ошол кезде мен 27 жашта элем. 30га чыккыча үй алам деп максат койгом. Мага эч ким ишенген жок. Бирок мен ошол максатыма жетүү үчүн аракет кыла бердим. 3-4 саатка бала багуучу жалдап, ал убакытта  Дордойго барып ишимди бүтүрүп келе калам. Курбуларым бош болсо кээде алар келип турчу, кээде апам келип жүрүп кетчү. Ал учурда кенен иштеп алчумун. Болбосо буюртмаларга карап эле чыгып, ошол акчаны үнөмдөп жеткирип жашадык. Өзүмдүн жана баламдын келечеги үчүн бир нерсе кылып алайын деп болгон аракетимди жасадым. Ошентип, үй алам деген максатым 3 жылга жетпей эле ишке ашты.

– Ошондо байерлик кылып эле тапкан акчаңа үй сатып алдыңбы?

– Жок, мен байер болуп 6 ай иштедим. Бул кесипти да телеканалда иштеп жүргөн кезимде кошумча жумуш катары өздөштүрүп, бир аз иштеп калган элем. Ал кезде байер деген түшүнүк аз эле, байерлер да саналуу эле болчубуз. Ошол тажрыйбам кайрадан мага жардамга келди.  Ошентип, 6 ай иштеген акчама өзүм ойлоп тапкан алгачкы моделимди тиктирип базарга чыгардым. Кудай жалгап аным ийгиликтүү чыгып, кардарлар өздөрү издеп келип жатышты. Ошентип тигүү тармагына келип калдым. Алгач Кытайдан келген даяр этикетикалар менен эле чыгарып жүрдүм. 2 жылдан кийин “АdiModa” деген ат менен жеке брендим чыкты. Албетте, жашоо, жумушум оңой болгон жок. Жалгызсырадым, канчалаган көз жаш төгүлдү, чарчадым. Бирок мунун баары убактылуу экенин, кыйынчылыктын артында чоң жакшылык бар экенинен үмүт үзгөн жокмун. Айткандай эле жашоомду оңдоп, үй машина сыяктуу жошоомо зарыл болгон муктаждыктарымды чечип алдым.

– Жалгыз аялзатынын ишкерлик кылуусу оңой эмес. Артка кылчайып караганда кайсы катаңдан эң чоң сабак алдың?

– Кайсы бир окуяны эстеп ушунда ката кетирипмин деп деле ойлонбойм. Ошонун баары болушу керек экен, болду деп гана жеңил кабыл алам. Эч нерсеге өкүнбөйм. Жашоомо келген адамдар, ар бир кыйынчылык мага сабак болот.

– Моделдерди өзүң ойлоп табат экенсиң, буга башынан жөндөмдүү белең?

– Бул багытта билимим жок. Мен көп билим алгандарга эмес, жасап көрүп үйрөнгөндөргө кирем. Акыркы жылдары чыккан моделдериме аябай талап жогору болуп жатат. Менден башкага сатпа деп монополия кылып алган кардарлар да бар. Бул менин 3-4 жылдагы топтогон тажрыйбамдын жыйынтыгы деп айта алам. Бир топ моделдер ийгиликсиз болуп, өзүнүн баасы 1000 сом болсо, 200 сомдон сатып түгөткөн учурлар болгон. Ошондо да токтобой, издене бердим. Азыр кайсы өлкөгө кайсы фасон жакшы кетет, кайсы улут кандай түстөрдү киет же кийбейт, кайсы айда кайсы кездемени тигип башташ керек экенин билип калдым.

– 10дон ашык өлкөдө кардарларың бар экен, эл аралык рынокко чыгуу боюнча тажрыйбаларыңдан бөлүшүп кетсек.

– Менин түз иштешип жаткан кардарларым: Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Чечен Республикасы, Дагестан, Азербайджан, Түркстан, Орусияда дүн соода кылган ишкерлер. Демек, бул менин өндүрүшүм андан ары да бир топ өлкөлөргө, шаарларга кетет дегенди билдирет. Бул кардарлардын кээ бири мени такыр көрө элек. Кайсы бир моделим аябай хит болсо, ошол аркылуу мени издеп, өздөрү байланышка чыгып иштешип калабыз. Бул дагы тажрыйбанын негизинде гана келүүчү нерсе. Өндүрүшүң сапаттуу болсо, өзүң ишке так болсоң жана модель чыгаруу жагынан башкалардан өзгөчолөнө алсаң, кардар сени өзү издеп келет.

– Жалгыз бой эне үчүн ишкерлик кылуу кыйынбы?

– Ишкерликти оңой деп айта албайм. Бирок бирөөнүн көзүн карап отургандан, шарты жок батирде ай сайын ижараны араң төлөп сарсанаа болгондон, балаң жегиси келген нерсени алып бере албай, эч нерсеге жетинбей, жокчулуктан кыйналганга караганда ушул жол мен үчүн оңой! Бизнес – эркиндик!

– Алдыда дагы кандай кыялдарың бар?

– Кыялдарымдын бири – кайрадан жогорку окуу жайга окуу. Өзүм журналистиканы бүткөм. Эми актёрлук кесип боюнча билим алгым келет. Кесипкөй актриса болуп, олуттуу, таасирдүү тасмаларда роль жараткым келет. Кийим чыгаруу боюнча чоң фабрика ачып, анда жок дегенде миң адамга жумуш ордун түзүп берсем дейм. Азыр деле цехте эмгектенген 20дан ашык адам жакшы айлык алып, бала-чакасын багып, материалдык муктаждыктарын чечип жатышат. Бул да менин кылдарымдын бири булчу. Аларга жума сайын акысын берип жатып ушунчалык бактылуу болом. Айлыкты күтүп жашабай, мен башкаларга айлык берип жатканыма Кудайга ыраазымын!

Ал эми үй, машина сыяктуу материалдык нерселер кыял эмес, ал адамдын муктаждыктары. Ак эмгек жана Кудайдын колдоосу менен ошол муктаждыктарым чечилди.

– Маегиңе рахмат! Бардык кыялдарың орундалып, мындан ары да ийгиликтерди жарата бер!