Дарыгерликтен баштап миңдеген аялдардын көйгөйүн ачык айтууга чейин: Айнура Сагынбаеванын баяны
15 июль

Дарыгерликтен баштап миңдеген аялдардын көйгөйүн ачык айтууга чейин: Айнура Сагынбаеванын баяны

“Кээ бир тагдырларды өзгөрткөн адамдар бар. Акырындык менен коомдун аң сезимин жакшы тарапка бурган адамдар да кездешет. Айнура Сагынбаева ушундай адам...”

Журналист врач-дермотолог, Сагынбаева клиникасынын жана Кыргызстандагы алгачкы Dr. Sagynbaevacosmetics дерматокосметика брендинин түптөөчүсү Айнура Сагынбаева менен ачык маектешти. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын замандап айымдарынын арасында эң таанымал. Бирок мындай ийгиликтин алдында көп жылдык эмгек: медициналык багытты өнүктүрүү, адистерди даярдоо, аялдар ден соолугу тууралуу билимди таанымал кылуу жана көптөгөн жылдар бою жабык бойдон келген темаларды ачык сүйлөшүү маданиятын калыптандыруу турганы көбүнө маалым эмес. Анын тарыхы – бул өзгөрүүлөргө агымдаш гана болбостон, аны жаратууга да жардам берген лидердин тарыхы.

Айнура, сиз дарыгерликтен коомдук ишмерликке чейинки жолду басып өттүңүз. Бүгүн сизди дарыгер, психолог, блогер жана инфлюенсер катары билишет. Жашооңуздагы эң башкы миссия деп эмнени эсептейсиз?

– Көптөн бери ушул суроо менде жүрөт: мен киммин, эмнени билдирем, эмне үчүн бул дүйнөгө келдим. Ал эми бүгүнкү жообум – трансформация. Башында адамдарды сырткы көрүнүшү  – сулуулук аркылуу өзгөртчүмүн. Бул пластикалык хирургия, косметология. Сырткы көрүнүш менен иштөө аркылуу аялдарга ишенимдүү болууга, жашоо сапатын жакшыртууга, өздөрүн башкача кароого жардам берчүмүн. Кийинчерээк психологияга, сексологияга, мамилелер психологиясына келдим. Чыныгы өзгөрүүлөр сыртта гана эмес, адамдын ичинде да болоорун түшүндүм. Мени миңдеген адамдар көрө баштады. Сындашты, талкуулашты, макул болушту жана макул болушпады, бирок эң башкысы – мени угушту жана түшүнүштү. Ошондо мен адамдын сырткы образына гана эмес, анын ой жүгүртүүсүнө, өзүнө, жашоосуна, айланасына болгон мамилесине да таасир эте аларымды түшүндүм.

Бүгүн мен адамды бүтүн карайм. Мен үчүн аял – бул жөн гана жүз, дене же сырткы көрүнүш эмес. Бул инсан, анын тарыхы, сезимдери, ички дүйнөсү. Менин миссиям – адамдардын жашоосун өзгөртүү. Балким, бул катуу айтылгандай угулат, бирок өзүмдү өзгөчө бир адам деп эсептебейм. Мен көбүрөөк өткөргүчмүн. Билимдин, тажрыйбанын жана адам өзү жасай ала турган өзгөрүүлөрдүн өткөргүчүмүн.

Жашооңуздан ушул сиздин жолуңуз экенин кайсы окуядан кийин толук түшүндүңүз?

– Бир эле окуяны бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Бул окуялардын бүтүндөй бир цикли болду. Менимче, жолумда бир гана нерсе коштоп жүрүп отурган — сулуулук, трансформация жана аялдар менен иштөө жолу. Бирок ар бир этапта ар башка ачылып турду. Жеке окуяларым, тажрыйбаларым, ички издөөлөрүм болду. Мен врач, психолог, консультант катары иштешкен аялдардын окуялары орун алды. Ар бир жолугушуу өз изин калтырды. Ар бир окуя мени бир нерсеге үйрөттү,  ой жүгүртүүмдү, адамдарды жана жашоону түшүнүүмдү өзгөрттү. Адамдар менен көп жыл иштегенде, сырткы көрүнүштүн артында ар дайым бир окуя тураарын түшүнөсүң. Күлкүнүн артында оору, ишенимдин артында коркуу жашынышы мүмкүн, ал эми сырткы көрүнүштү өзгөртүү каалоосу көбүнчө өзүнө болгон мамилени өзгөртүү каалоосунан келип чыгат. Дал ушул түшүнүк акырындык менен менин жолумду түздү.

Кесиптик ишмердүүлүгүңүздүн башында кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз? Эң оору эмне болду?

– Мен дерматовенеролог, косметолог-дарыгермин. Ошондой эле  психолог-сексолог, сексология боюнча психологиялык кеңеш берүү багытында экинчи билимим бар. Кесиптик жолумдун башталышы жөнүндө айтсам, мен туш келген кыйынчылыктар көптөгөн жаш адистерге тааныш болсо керек деп ойлойм. Эң айкын көйгөй – акчанын жетишсиздиги. Бул өтө оор болбосо да, олуттуу кыйынчылык болгон. Эсимде, жаңы иштеп баштаганда, көп бейтаптарды кабыл алчумун, бирок жумуш бүтүп, үйгө баратканда, балдарга бир нерсе сатып алууга кээде 50 сом да таппай калчумун.

Кесиптик каражаттарга да акчам жок болчу. Мисалы, биринчи жолу 3 миңдей сомго гель-распарку сатып алганымда, менден өткөн бактылуу адам болгон эмес. Ага чейин альтернативаларды издеп, жеткиликтүү дарыкана каражаттарын колдонууга туура келчү. Мына ушул мезгил мага көп нерсени, анын ичинде кийинчерээк пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү баалоону үйрөттү.

Бирок эң оор ички күрөш – “самозванец синдрому” болгон. Мага дайыма эле бул жетишсиз, дагы да жасашым керек, дагы да өнүгушүм керектей сезиле берчү. Чынын айтсам, бул  нерсе азыр деле кээде пайда болуп калат. Бүгүн канча деген билим жана тажрыйбам бар экенин билем, бирок өзүмдү ушул бойдон кабыл алуу дагы оңой болгон эмес.

Жашоодо алган дагы бир маанилүү сабак: эч ким адамга кыйынчылыктарды жеңүүнү үйрөтпөйт. Бул сапатка же өзүңдү өзүң тарбиялайсың же адам биринчи тоскоолдукка туш болгондо токтоп калат. Ал эми жашоодо тоскоолдуктар ар дайым көп болот. А ийгилик ар жолу андан ары кетүүнү тандагандардын колуна тиет.

Ток этээрин айттыңыз! Менин билишимче, сиз эч качан токтогон эмессиз, бирок бүгүн артка кылчайып караганда, эмне менен эң көп сыймыктанасыз?

– Эң көп сыймыктанганым – аялдарга билим бере алганым болсо керек. Биринчи жолу "Блиц-инфо" гезитинен баштаганым эсимде, косметология темасында рубрика алып бардым. Мен косметология жөнүндө кыргыз тилинде сүйлөй баштаган алгачкы адистердин бири болгом. КТРКдагы съемкалар муздак студиялар, суук кыш, шарттын жоктугу менен эсте калды. Кош бойлуу кезимде кичинекей балдарым менен барып, алты-сегиз берүүнү катары менен тартчубуз. Бул коммерциялык долбоор эмес болчу, эч ким каржылаган эмес. Мен жөн гана аялдарга бул маалымат керек экенин түшүнгөм.

Орус тилдүү мектепти бүтүргөм, негизинен орус тилинде ойлончумун, бирок кесиптик нерселер жөнүндө кыргыз тилинде сүйлөгөндү атайылап үйрөнгөм. Анткени, үйдө өз тилиңде сүйлөшүү бир башка, ал эми татаал темаларды кеңири аудиторияга түшүндүрүү такыр башка нерсе. Мен аялдарга териге кантип кам көрүү, ден соолугун кантип түшүнүү, өздөрүнө кантип кам көрүү керектигин айтып берчүмүн.

Бүгүнкү күндө көптөгөн кыздар мага "Биз сиздин кеңештериңиз менен чоңойдук", - дешет. Мен үчүн бул абдан баалуу. Мен телеканал, басма сөз жана интернет аркылуу аялдар менен сулуулук, ден соолук жана өзүн-өзү сыйлоо жөнүндө сүйлөй баштаган алгачкы кыргыз тилдүү адистердин бири болгонума сыймыктанам.

Сиз аялдар менен иштөө жөнүндө айтып жатасыз. Бирок Кыргызстанда пластикалык хирургияны өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз тууралуу өзүнчө сурагым келип турат. Бул багытта эмне менен сыймыктанасыз?

– Бул менин кесиптик жолумдун бир бөлүгү, аны чындап сыймыктануу менен айта алам. Пластикалык хирургия чөйрөсүнө келгенимде, бул багыт жаңыдан өнүгө баштаган эле. Анда өлкөбүздө бул жаатта кесипкөйлүк менен алектенген бир нече адис гана бар болчу. Жаш элем, ага карабай бул багытты өнүктүрүүгө чоң каалоом бар эле. Балким, кээде өтө өжөр, кээде тайманбас болдум, бирок дал ушул нерсе алга карай жылуума жардам берди.

Анан пластикалык хирургдарды бириктирип, алардын өнүгүшүнө жардам берип, тажрыйба алмашууга, кесиптик өсүш үчүн шарттарды түзө баштадым. Убакыттын өтүшү менен мени менен чогуу иштеген көптөгөн адистер көз карандысыз кесипкөй болуп, ар кайсы шаарларда иштей башташты, жаңы адистерди окутушту.

Мен бул чөйрөнүн өнүгүшүнө салым коштум деп эсептейм. Өзүм пластикалык хирург болбосом да, бул багыттын өсүшүнө жардам берген белгилүү бир кесиптик чөйрөнү түзө алдым.

Дагы бир маанилүү кадам пластикалык хирургияны багыттар боюнча бөлүү болду. Бул практиканы башка өлкөлөрдөн көрүп, заманбап медицина ар бир адис өз багыты менен терең алектенгенде өнүгөөрүн түшүнгөм. Мисалы, интимдик пластика менен алектенген хирург бул жаатта терең экспертизага ээ болушу керек. Мурун хирургиясы боюнча адис дал ушул багытта өркүндөшү зарыл. Кыргызстанда мындай системаны клиникабызда биринчилерден болуп киргизгенбиз. Бүгүнкү күндө бул кадимки көрүнүш болуп калды, көптөгөн клиникалар ушул принцип боюнча иштеп жатышат. А мага ушул процессти баштагандардын арасында болгонумду билүү жагымдуу.

Айнура, качан сиз миңдеген аялдардын жашоосуна дарыгер катары гана эмес, коомдук ишмер катары да таасир эте аларыңызды түшүндүңүз?

– Балким, бул менин жеке ачылыштарымды жана тажрыйбамды блог аркылуу айтып бере баштаганда болгондур. Ошол мезгилде коомдо дээрлик талкууланбаган темалар, башкача айтканда, аялдардын сексуалдуулугу, мамилелер, өзүн-өзү баалоо, ички сезимдер жөнүндө көп сүйлөдүм. Кээде өтө эмоционалдуу болдум, анткени өзүм үчүн дагы жаңы билимдерди ачып, анан аларды дароо адамдар менен бөлүшкүм келди. Бирок убакыттын өтүшү менен мен бир маанилүү нерсени түшүндүм: коом менен иштегенде жөн гана чындыкты айтуу жетишсиз. Сөзүңдүн кандай кабыл алынарын, кандай таасир этиши мүмкүн экенин түшүнүү керек. Анткени ар бир адамдын кабыл алуу деңгээли, жашоо тажрыйбасы, ишеними ар башка. Ошондо мен жоопкерчиликтин масштабын түшүндүм. Адамдар мени активдүү талкуулап, сындап, колдоп, талашып баштаганда, демек, мен таасир этип жатканым айкын болду. Башында телефон аркылуу өзүм менен өзүм сүйлөшүп, ойлорумду бөлүшүп жаткандай эле болгом. Бирок кийинчерээк артымдан адамдар ээрчий баштаганын көрдүм. Бир аял, анан эки, анан миңдеген аял. Ошондо мен айткан сөздөрдүн салмагы бар экенине ынандым.

Мен дагы бир нерсени айтайын, бүгүн сизге Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да аялдар кайрылып жатышат. Мындай жогорку деңгээлдеги ишенимди эмне менен түшүндүрөсүз?

– Менимче, сыры – аялдардын толкундануулары көп жагынан универсалдуу. Албетте, аялдар маданияты, салттары, менталитети, тарбиясы менен айырмаланат. Бирок сезимдери окшош. Кыргызстандагы аял, Франциядагы аял, башка өлкөдөгү аял окшош сезимдерди каалашат, башкача айтканда, сүйүктүү болгулары келет, үну угулушун каалайт. Мамиледеги көйгөйлөр, балдар төрөлгөндөн кийин өзүн жоготуу, өзүнө ишенбөө, жашка, гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу коркуулар, өзүнүн сулуулугуна болгон сезим – бул темалар өлкөсүнө карабастан көптөгөн аялдарга тааныш.

Мен аялдар ичинде жашырган ошол учурлар жөнүндө көп айтам. Үй-бүлөдө өзүн жоготпоонун канчалык маанилүүлүгү жөнүндө. Ден соолугуна кам көрүүнүн канчалык маанилүүлүгү жөнүндө. Аялдын өнүгүүгө, окууга, жашоосун өзгөртүүгө укугу бар экендиги жөнүндө. Балким, ошондуктан менин сөздөрүм жандуу угулат.

Мен сырткы сулуулук жөнүндө гана айтпайм. Мен аялды инсан катары айтам.

Көпчүлүк сизди көп жылдар бою көйгөйлөрү тууралуу ачык айтуудан корккон аялдардын үнү деп эсептешет. Сиз өзүңүздү ушундай адам деп эсептейсизби?

– Ооба, белгилүү бир деңгээлде ошондой деп ойлойм. Бирок бул жөн гана пикирим эмес. Мен муну адамдардын реакциясынан көрүп турам. Мага аялдар көчөдө, кафеде, ар кайсы жерлерде келип кайрылышат. Алар өз окуяларын айтып беришет, ыраазычылык билдиришет, толкунданууларын бөлүшүшөт. Бул бир гана карапайым аялдарга таандык эмес.

Бир жолу VIP-залда отурсам, бир өтө таанымал жана сый-урматтуу саясатчы айым жанымда отуруп калды, ал жагы абдан жылуу сөздөрдү айтты. Ошондо мен айткан темалар чындап эле ар кандай адамдар үчүн маанилүү экенин түшүндүм. Кыязы, көп аялдар сезген, бирок үн чыгарып айтуудан тартынган нерселерди мен айтып жатсам керек. Бардык аялда эле психологияны, медицинаны, мамилелерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк боло бербейт. А менде билим бар болсо, ошол жолду басып өтсөм, анда бөлүшүшүм керек да. Баарына жагам деп айта албайм. Баарына жагуу мүмкүн эмес. Бирок мени угушаарын билем.

Аялдардын ден соолугуна, психологиялык абалына жана үй-бүлөгө болгон мамиленин жаңы маданиятын калыптандырууга бүгүнкү күндө салым кошуп жатасыз деп айтууга болобу?

– Балким. Менин ишимди сырттан байкагандар муну жакшыраак баалашат. Мен жөн гана өз ишимди улантып жатам. Өзүм изилдеген, түшүнгөн, жеке тажрыйбамдан өткөн нерселерди айтып берем. Ден соолук, сулуулук, мамилелер, үй-бүлө, адамдын ички абалы жөнүндө сүйлөйм. Мен үчүн аял өзүн сырткы көрүнүшү аркылуу гана кабыл албашы маанилүү.

Сулуулук – бул жөн гана жүз же дене эмес. Бул адамдын абалы, анын ишеними, өзүнө болгон мамилеси, сүйүү жана өзүн кабыл алуу жөндөмү.

Эгер менин билимим кимдир бирөөгө өзүн жакшыраак түшүнүүгө, мамилелерин сактап калууга, үй-бүлөсүн бекемдөөгө же жөн гана ишенимдүү сезүүгө жардам берсе – демек, менин ишим мааниге ээ.

Аялдардын көчөдө сизге ыраазычылык билдирип, жашоосун өзгөртө алганын, үй-бүлөсүн сактап калганын же сизге рахмат айтып, өзүнө кайрадан ишенип калганын айтып жатасыз, бул учурда кандай сезимде болосуз?

– Албетте, бул чоң кубанычты жаратат. Бирок баарынан мурда – ыраазычылык. Кудайга ушундай мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазымын. Анткени акырында эң баалуу нерсе – бул билимиң, тажрыйбаң, жолуң кимдир бирөөгө жардам бергенин түшүнүү. Адам келип: «Мен өзүмө башкача карадым», «Мен өзүмө кам көрө баштадым», «Мен жашоомду өзгөртө алдым» десе, мен үчүн бул эң чоң баалуулук.

Сиз үчүн кайсынысы баалуураак – мамлекеттик сыйлыктар, кесиптик жетишкендиктерби же жөнөкөй аялдардын ыраазычылыгыбы?

– Мен эч качан сыйлыктарды издеген эмесмин. Мен адам чындыгында маанилүү бир нерсени жасаса, ал убакыттын өтүшү менен байкалат деп эсептейм. Албетте, мен мамлекеттик сыйлыктарды же кесиптик таанууну алган адамдарды сыйлайм. Бул дагы маанилүү. Бирок мага адамдардын ыраазычылыгы андан да маанилүүрөөк.

Айнура, сизди күчтүү аял, лидер аял деп аташат. Чыныгы лидерлик сиз үчүн эмне?

– Менимче, чыныгы лидерлик – бул өзүңө айланадагы эч ким ишенбеген учурда да ишенүү. Жана башкаларды ынандыра билүү. Лидер – бул жөн гана белгилүү бир кызматты ээлеп же таасири бар адам эмес. Бул башкаларга көрүнбөгөн жолдо да алысты көрө билген, жоопкерчиликти ала билген жана алдыга умтула алган адам.

Чыныгы лидер убакытты ээрчибей, жаңы багыттарды жаратат деген пикир бар. Бул ой сизге канчалык жакын?

– Бул татаал суроо. Бир жагынан, лидерде өз идеясы, өз философиясы, өз баалуулуктары болушу керек. Баарынын артынан жөн эле ээрчип жүрүү мүмкүн эмес. Бирок экинчи жагынан, жашап жаткан убактыңды түшүнбөсөң, лидер болуу мүмкүн эмес. Жаңы тенденцияларды изилдөө, коомду түшүнүү, өзгөрүүлөрдү сезүү керек. Чыныгы лидер, балким, ушул эки позициянын ортосунда болот: өз принциптерин сактап, бирок дүйнө менен бирге өнүгө билүү.

Кайсы принциптериңизден, атүгүл популярдуулугуңузду арттыра алса да, баш тартпайсыз?

– Биринчи принцибим – бул чынчылдык. Мен калп айтканды билбейм жана каалабайм. Албетте, кээде чынчылдык татаал сапат болушу мүмкүн. Кээде ыңгайлуу нерселерди айткан же белгилүү бир имиджди жараткан адамдар тезирээк популярдуу болуп кетишет. Бирок мен үчүн репутация маанилүүрөөк.

Бул, айрыкча, бизнестин чөйрөсүндө маанилүү. Косметика тармагындагы бизнесим дал ушул ишенимге негизделген. Адамдар билиши керек: эгер мен бир нерсени сунуштасам, анда мен чындап эле ишенем.

Экинчи принцибим – мен адамдарга зыян келтиргенди жаман көрөм. Мен адам бойдон калышым маанилүү. Эгерде адилеттүү иш-аракет кылуу, адамдын эмгегин төлөп берүү, жардам берүү мүмкүнчүлүгү болсо – мен ошону жасайм. Анткени ички тынчтык жана таза абийир мен үчүн каалаган пайдадан жогору турат.

Узак жылдар бою элдин ишенимин жана сый-урматын сактап келесиз. Муну кантип жасайсыз?

– Балким, мен айткан принциптердин аркасында. Адам өзүнүн ким экенин билгенде, өз баалуулуктарына чыккынчылык кылбаганда, ушундай болот.

Күч калбай калгандай сезилгенде да иштөөнү улантууга сизге ким же эмне шык берет?

– Кыял. Балким, мен кыялданууну токтоткон күнү өлөм. Адамды алга карай умтулууга энергия берген дал ушул кыял. Жараткың, өнүккүң, пайда келтиргиң келгенче – сенде күч бар.

Чынында эле, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого чоң салым кошуп жатасыз. 20-30 жылдан кийинки кыргыз аялын жана Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдү кандай элестетесиз?

– Мен акылдуу аялды көрөм. Эркин дегим келет, бирок бул сөздү көпчүлүк туура эмес түшүнөт. Айрымдар үчүн эркиндик чек арасыздык, эгоизм же баарына жол берүү дегенди билдирет.

Бирок мен үчүн чыныгы эркиндик – бул аң-сезим. Мен салт менен заманбаптыкты тең салмактай билген аялды көрөм. Камкордук менен курмандыктын, сүйүү менен өзүн жоготуунун ортосундагы чек араны түшүнгөн аялды көрөм.

Мен билимдүү аялды көрөм. Анткени билим өз алдынча ой жүгүртүүгө, талдоо жүргүзүүгө, чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.  Анда биздин чоң энелерибизчи, алар акылдуу же зирек аялдар эмеспи, деп сурашыңыз мүмкүн. Бирок алар башка доордо, башка шарттарда жашашкан жана ошол мезгилдин алкагында акылдуу жана зирек болушкан. Бирок бүгүнкү күндө дүйнө башка деңгээлдеги билимди талап кылат. Заманбап аял өнүгүп, ден соолугуна кам көрүп, денесин сүйүп, өз көз карашына ээ болуп, ошол эле учурда үй-бүлөнүн баалуулугун сакташы керек.

Дарыгер же блогер катары эмес, адам катары эң чоң жетишкендигиңиз эмне деп эсептейсиз?

– Менин балдарым. Менин бардык кесиптик жетишкендиктерим маанилүү, бирок балдарым – бул менин жашоомдогу эң чоң нерсе.

Акыркы суроо. Кыргызстандын жана бүт Борбор Азиянын жаш кыздарына кандай башкы сөз айткыңыз келет?

– Мен аларга билим калтыргым келет. Анткени билим адамга тандоо, өнүгүү, өзүн жана айлана-чөйрөнү түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Менин каалоом, биздин аймактагы ар бир жаңы муун аялдар күчтүүрөөк, акылдуураак жана ишенимдүүрөөк болушсун. Аялдар өз наркын билишсин. Алар өздөрүн өнүктүрүп, ден соолугуна кам көрүп, үй-бүлөсүн сактап калышсын, бирок ошол эле учурда өздөрүн эч качан жоготушпасын. Эгерде ар бир кийинки муун мурункудан жакшыраак болсо – демек, биз туура багытта бара жатабыз.