“Балага сүйүнчү” жана майыптуулук боюнча жөлөкпулдар: качан жана кандай шартта алууга болот?
9 февраль

“Балага сүйүнчү” жана майыптуулук боюнча жөлөкпулдар: качан жана кандай шартта алууга болот?

Кыргызстанда кандай жөлөк пулдар бар жана алар кандай шартта берилээрин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн башкы адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде түшүндүрдү. 

Айтымында, учурда КР «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамынын негизинде 4 түрдөгү жөлөкпулдар берилет. Алар: бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү «Балага сүйүнчү» жөлөкпулу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү жөлөкпул, аз камсыз болгон үй-бөлөгө көмөк жана ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөм.

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулу бир гана кыргызстандыктарга эмес, биздин өлкө менен мамлекеттик келишимге кол коюлган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда көз жарган учурда да берилет. Ошондой эле, кыргызстандык жаран чет өлкөдө көз жарганда, алты ай мөөнөттүн ичинде өлкөбүздөгү тийиштүү кызматтарга кайрылса, жөлөкпул чектелет. Бул бир гана жолу берилет. Өлчөмү – 4 миң сом. Үй-бүлөдө 3 же андан көп бала төрөлгөн маалда (үч эм, төрт эм) ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт. Жөлөкпулду алуу үчүн бала төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн Калкты тейлөө борборуна барганда, ошол жактан арыз ташташса болот. Арыз дароо кабыл алынат дагы, чектөө процесси жүрүп баштайт. Арыз ээсинин уюлдук телефонуна эки күндүн ичинде билдирүү барат, ага ылайык, банктар же касса аркылуу паспорту менен барып ала берсе болот. Учурда арызды электрондук түрдө берүү шарты түзүлдү», – деди Жаңыгүл Мелисбек кызы. 

Ал белгилегендей, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар: тубаса, жалпы оорусу боюнча майыптуулукка чыккандар жана 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала деп бөлүнөт дагы, аларга категориясына жараша жөлөкпул төлөнөт. Бул жөлөкпулдун өлчөмү 2022-жылы көбөйтүлгөн. Учурда майыптуулук тобуна карата 4500 сомдон 8 миң сомго чейин төлөнөт.  Андан сырткары, пенсия курагына жеткен майыптуулугу бар жарандарга, баатыр энелерге, томолой жетим жана жарты жетим балдарга социалдык жөлөкпулдар чегерилет. 

«Бул жерде бир нерсени билип алуу керек. Бул жөлөкпулдар пенсия эмес. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ишке жарамдуу курагында иштей алышпайт, социалдык төлөмдөрдү жүргүзүшпөйт, ошондуктан аларга пенсия курагына жеткенде жөлөкпул чегерилет. Ошондой эле бул жер үлүштөрдү иштетпеген, ага ылайык салык төлөбөгөн жарандарга жана 18 жашка чейинки балдарга төлөнөт. Өлчөмү бир дайындалат, майыптуулук тобуна жараша бир категориядагы адамдарга бирдей өлчөмдө төлөнө берет. Жашаган жери бийик тоолуу же алыскы район болсо, анда коэффициентке жараша чегерилет. 

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги мындай жарандарга жөлөкпул берүү менен гана чектелбейт, министрлик тараптап майып жарандарга стандарттык же көп функционалдуу кресло-коляскалар, өздөрүнүн көрсөтмөсү жана арызына жараша 20 күнгө чейинки мөөнөттө санаторийлерге жолдомо берилет. Мисалы, 1-топтогу майып жарандар 5 жылда бир жолу санаторийлерден акысыз дарыланат. Аны коштоп жүргөн жаранга 50 пайыздык жеңилдик берилет. 2-топтогу майып жарандар 50 пайыздык жеңилдик, ал эми 3-топтогулар 30 пайыздык жеңилдик менен жолдомо ала алышат. Бул боюнча тендер жарыяланып турат, учурда тендерден өткөн үч санаториялык-курорттук жайлар бар: Көгүлтүр Ысык-Көл, Воронцовка жана Мамакеев атындагы курорттук-санатория. Жарандар дарыгердин багыттамасы менен кайсы санаторийге ылайыктуу болсо, ошол жакка жиберилет», – деди адис.