Мектептерде окуу китептери жетишпейт. Маселе качан чечилет?
Кыргызстанда окуу китептери жетишпейт. Бул быйылкы жаңы окуу жылдында дагы бир жолу коомдун талкуусуна чыкты. Соцтармактарда ата-энелер канча китеп мектептен берилгенин жана канча китепти өздөрү сатып алууга аргасыз болушканын жазышууда. Китеп көйгөйүнүн жаралышынын себебин жана аны чечүү үчүн жасалып жаткан аракеттер тууралуу Билим жана илим министринин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева айтып берди.
- Окуу китептерине байланышкан маселе быйыл эле пайда болуп калган жок, бул көп жылдык көйгөй. Анткени окуу китептерин жаңыдан басуу, чыгаруу процесстери көп жылдык тыныгууга учураган, мурда чыгарылган китептердин эскилиги жетип, барактары айрылган. Дагы бир себеп – калк демографиялык жактан өсүүнүн үстүндө. Учурда Кыргызстандагы мектептер окуу китептер менен 70 пайыз камсыздалды.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 12 миллион 63 миң 121 окуу китеби бар. Дагы 4 миллион 724 миң 187 китеп жетишпейт.
Китеп тартыштыгын аймактар боюнча айта турган болсок, алар төмөнкүдөй:
- Чүй облусунда - 1 088 129;
- Жалал-Абад облусунда - 852 006;
- Бишкек шаарында - 798 254;
- Ош облусунда - 771 011;
- Ысык-Көл облусунда - 472 424;
- Баткен облусунда - 300 330;
- Талас облусунда - 211 478;
- Нарын облусунда - 169 906;
- Ош шаарында - 31 660 китеп жетишпейт.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 157 миң 500 нускада окуу китептерин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолорду басып чыгаруу пландалып жатат.
Бюджеттик каражаттан жана донорлордун жардамы менен 2017-2021-жылдары 5 461 530 китеп басылып чыккан.