Бактыкалый кызы Гулжайнар: Эмнеге баланы өнүктүрүүдө шахмат менен англис тилин айкалыштыруу керек
13 февраль

Бактыкалый кызы Гулжайнар: Эмнеге баланы өнүктүрүүдө шахмат менен англис тилин айкалыштыруу керек

Жашоо бир чоң талаа, ал жерде билим жана аракет  сенин эң күчтүү куралдарың. Бирок аларды колдонууга даяр болуу үчүн чыдамкайлык, үзгүлтүксүз эмгек жана ички тартип зарыл.

Бактыкалый кызы Гүлжайнар ушундай жолду тандап, аны жашоосунун багытына айланткан айым. Ал англис тилин окуткан мугалим гана эмес, шахматта да алдыга чыккан адис, илимий иштерди жазып, башка мамлекеттерди да көрүп, тажрыйба топтоону саякаттоону  жакшы көрөт. Учурда Америкада билим менен тажрыйбаны айкалыштырып жүргөн Гүлжайнар бүгүн бизге жаштарга өзүн өнүктүрүүнүн жолдору, тил үйрөнүүнүн сырлары жана шахмат аркылуу ой жүгүртүүнү кантип тереңдетсе болору тууралуу ой бөлүштү.

Дүйнөгө ачылган эшик – англис тили жана шахмат

– Гүлжайнар, сизди англис тили мугалими, шахматчы жана саякатчы катары таанып калдык. Эмне үчүн дал ушул англис тили менен шахматты тандадыңыз?

– Англис тили – жөн гана сабак эмес, бул дүйнөгө ачылган эшик. Англис тилин билген адам үчүн маалымат дүйнөсү кенен ачылат, билим алуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт, кесиптик өсүү жолдору кеңейет.

Ал эми шахмат – жөн гана оюн эмес. Бул адамды ойлонууга, сабыр кылууга, стратегия түзүүгө үйрөткөн чоң мектеп. Шахмат логикалык ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрөт.

Экөөнү айкалыштыруу аркылуу баланын интеллектин ар тараптуу өстүрүүгө болот. Тил - сүйлөө мүмкүнчүлүгү болсо, шахмат – ойдун тереңдиги. Бул экөө бирин-бири толуктап, адамды күчтүү кылат.

Билим берүү баланын келечегине багыт берүү

– Демек, сабактарыңыз жөн гана тил үйрөтүү эмес, баланын дүйнө таанымын да кеңейтет турбайбы?

– Албетте. Мен үчүн билим берүү – баланын келечегине багыт берүү. Англис тили аркылуу окуучу дүйнөлүк деңгээлде ойлоно баштайт. Шахмат аркылуу болсо жашоодо туура кадам таштоону, ойлонуп аракет кылууну үйрөнөт.

Күчтүү адис болуунун сырлары

– Күчтүү адис болуп калыптанышыңызга кайсы сапаттарыңыз себеп болду?

– Биринчи кезекте чыдамкайлык. Көп жолу түнгө чейин сөз жаттап, сабактарды кайра-кайра даярдап, өзүмдү дайыма тартипке салдым.

Экинчиден, жөнөкөй түшүндүрүү. Татаал грамматиканы айтып берсең, окуучу чарчап калат. Ошондуктан жөнөкөй жана түшүнүктүү жол менен жеткирүү керек.

Үчүнчүдөн, мээримдүүлүк. Ар бир балага ишенүү, мүмкүнчүлүгүн көрө билүү – чоң натыйжа берет. Окуучу ишенген жерде гана өсөт.

Ийгиликтин артыдагы курмандык

– Ийгиликтин артында кандай курмандык турат?

– Жеңиш дайыма эле жеңил жол менен келбейт. Көп учурда көйгөйлөрдү өзүң жалгыз чечүүгө туура келет. Убакыт жетишпей калат, достор жана туугандар менен байланыш мурдагыдай болбой калат. Бирок адам максаты үчүн күрөшкөндө ушундай сыноолордон өтөт экен.

Кыргыз жаштарына кеңеш

– Кыргызстандын жаштарына кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эң башкысы, өмүрдү “кийин жашайм” деп күтпөгүлө. Жашоо азыр болуп жатат. Азыр аракет кылгыла. Окугула, тил үйрөнгүлө, саякаттагыла, дүйнөнү көргүлө. Мүмкүнчүлүктөн пайдалангыла.

Көптөр тил үйрөнүүдөн коркот. Ката кетирем деп чочулашат. Бирок ката кетирүү — өсүүнүн белгиси. Комфорт зонадан чыкмайынча өнүгүү болбойт. Англис тили жаңы эшиктерди ачат. Болгону өзүң ишенип, кадам ташташың керек.

Чет өлкө тажрыйбасы жана билимдин баасы

– Чет өлкөдө кыргыз кыздарына болгон мамиле кандай?

– Америкада аялдардын укугу жакшы корголот. Кыргыз кыздары билим алып, мыкты окуу жайларда окуп жатышат. Ал жакта адамды улутуна карабай, билимиңе жана аракетиңе жараша баалашат. Бул чоң мотивация берет.

– Күчтүү айым болуп калыптанышыңызга эмне салым кошту?

– Билим жана жоопкерчилик. Жашоодо эч ким сен үчүн чечим чыгарбастыгын түшүндүм. Билим адамды ойлонууга, анализ кылууга, туура чечим кабыл алууга үйрөтөт. Ошондуктан күчтүү болуунун негизи – билим.

Англис тилин үйрөнүүнүн сыры

– Окуучулар үчүн эң кыйын болгон нерсе кайсы?

– Көпчүлүк үчүн сүйлөө жана грамматиканы туура колдонуу кыйын. Бирок туура методика менен бул тоскоолдуктар жеңилет. Башкысы – практиканы токтотпоо жана өзүнө ишенүү.

– Сабактарды кандай ыкма менен өтөсүз?

– Мен интерактивдүү ыкмаларды көп колдоном: оюндар, талкуулар, индивидуалдык тапшырмалар, практикалык көнүгүүлөр. Окуучу кызыкса гана билим натыйжалуу болот.

– Англис тили менен шахматты айкалыштырып окутуунун артыкчылыгы барбы?

– Албетте. Мисалы, шахмат терминдерин англисче үйрөнүү аркылуу баланын практикасы жакшырат. Шахматтагы ситуациялар аркылуу тарбия да берүүгө болот. Бул баланын аң-сезимин өстүрөт.

Балдардын мотивациясы жана пландары

– Балдарга мотивацияны кантип бересиз?

– Ар бир баланын ийгилигин белгилеп, мактап турам. Максат коюуну үйрөтөм. Максат – аракетке, аракет – жеңишке алып келет.

– Билимиңиз жана учурдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– 2009-жылы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы колледжге “англис жана немис тилдеринин мугалими” адистиги боюнча тапшыргам. Кийин лингвистика багытында жогорку билим алдым. 2014-жылы Германияда немис тилин үйрөндүм. 2019-жылы Дипломатиялык академиянын магистратурасын аяктадым. Азыр аспирантурада илимий изилдөө жүргүзүп, онлайн платформада сабактарды даярдап жатам.

– Канча тилде эркин сүйлөй аласыз?

– Алты тилде эркин сүйлөй алам: кыргыз, орус, англис, немис, турк жана казак.

– Эмнеге тил үйрөнүү жана окутууга багыт алдыңыз?

– Тил адамдарды бириктирген эң күчтүү курал. Англис тили – дүйнөлүк байланыштын, билимдин жана мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы. Мага дайыма чет тилдер кызыктуу болгон, айрыкча англис тили. Тилди үйрөнгөн сайын жаңы маданияттарды, дүйнө таанымды, ой жүгүртүүнүн башкача ыкмаларын ачтым. Ушул сезимди окуучуларыма тартуулагым келди.

– Негизи ийгиликке жеткиси келгендер кайсыл тилдерди өздөштүрүүсү керек?

– Биринчиден, эне тилин жакшы билиш керек. Андан соң англис тили – дүйнөлүк бизнес, технология, илим жана эл аралык байланыштын негизги тили. Бирок ийгиликке жетүү үчүн бир эле тил жетиштүү эмес.