Айтунук Бучукова: Куурчак театрында чоңдор үчүн да атайын спектаклдер коюлуп, ар кандай жаш курактагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда
5 август

Айтунук Бучукова: Куурчак театрында чоңдор үчүн да атайын спектаклдер коюлуп, ар кандай жаш курактагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын актрисасы Айтунук Бучукова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Айтунук, куурчак театрына кантип орношуп калдың эле?

– Куурчак театрына, окууну бүтүп эле дароо ойлонбой барып орношком. Андан мурун тааныштардан куурчак театрыны тууралуу угуп жүрчүмүн. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей барып көргөндөн кийин аябай жагып калып, иштөө чечимин кабыл алдым.

– Куурчак театрында куурчактарды сүйлөтүү да чоң түйшүктү, чыгармачылыкты талап кылабы?

– Албетте, алгач барганда кыйын болду. Мен драма актрисасы болгондуктан куурчактар менен иштеп көрүү да чоң чеберчиликти талап кылды. Башында  аксадым. Анткени, куурчак театрындагы актрисалар бир эле учурда беш функцияны аткарат  экен. Тагыраагы, денең, көзүң, колуңдагы куурчак жана кыймыл аракет коштогон сөздөрдүн баарын бир учурда жасоо аябай эле оор болот экен. Эң башкысы куурчактын ар бир кыймыл аракетин иштеп чыгуу да чоң эмгекти талап кылат. Ошондуктан бул кесип жеңил эмес, түйшүгү түмөн кесиптердин катарын толуктайт.

– Куурчак театрынын көрөрмандары көппү?

– Ооба, куурчак театрдын күйөрмандары барган сайын көбөйүп баратат. Айрыкча кичинекей балдар менен алардын ата-энелери бул театрдын туруктуу көрүүчүлөрү десек болот. Анткени куурчак театры – балдардын дүйнөсүнө жакын, тарбиялык мааниси чоң, кызыктуу көрүнүштөрдү жандуу жана жеткиликтүү кылып көрсөтө алган өзгөчө өнөр. Акыркы убактарда  куурчак театрында чоңдор үчүн да атайын спектаклдер коюлуп, ар кандай жаш курактагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда. Демек, күйөрмандар күн санап көбөйүп жатат десем жаңылышпайм.

– Жараткан образдарын түшүңө киреби?

– Эртеден кечке даярданып, берилген  образдарды ийнине жеткирип аткаруу үчүн чын дилиң менен берилип  ойногондуктан кээде түшүмө кирет. Ишимди сүйгөндүктөн дагы түшүмө кирсе керек деп ойлоп коём.

– Биринчи жараткан ролуң эсиңдеби?

– Эсимде... Менин алгачкы ролум Чыңгыз Айтматовтун «Ак Кеме» чыгармасынын негизинде Казакстандан келген режиссёр спектакль койгон. Ошондо мен улмыштагы кыздын образын жараткам. Андан кийин «Саламатсызбы?» жомогунда Торопойдун ролун ойногом.

– Куурчак театрынын актрисалары бала кыял болобу?

– Ошондой десек да болот. Башка театрдын октёрлоруна салыштырмалуу куурчак театрынын  айрым актёр, актрисалары бала кыял болушат.Ошондой эле көп актёрлор  өздөрүнүн жашынан бир топ жаш көрүнөт. Кээ бир учурда адамдар чыныгы жашын укканда таң калышат. Көрөрмандардын жапжаш көрүнөсүз деген сөзү   бизге кубаныч тартуулайт.

– “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында Чыныбай Турсунбековдун “Кызыл короз” деген ырын көркөм окуп, биринчи орунга ээ болдуң...

– Ооба. Калыстардын сынынан өтүп, жеңүүчү болдум. Ал фестиваль мага стимул берди. Поэзия фестивалына катышууга чакыргандарга жана көркөм окуунун ажарын ачууга кеп-кеңешин берген эжелериме чын дилден ыраазычылыгымды билдирем.