Эсенгул Исаков, юрист: Камчыбек Кыдыршаевичтин “уурдап жегендердин баары өз элинин душманы, мамлекеттин чыккынчысы” дегенине кошулам
9 июль

Эсенгул Исаков, юрист: Камчыбек Кыдыршаевичтин “уурдап жегендердин баары өз элинин душманы, мамлекеттин чыккынчысы” дегенине кошулам

V-чакырылыштын депутаты Эсенгул Исаков менен коррупциянын тамырын кыркып, анын кесепеттерин жоюунун жолдору тууралуу баарлаштык. 

Эсенгул Байдалиевич, акыркы мезгилде шаарлардын мэрлери камакка алына баштады. Негизи коомчулукта сынга алынып, бийликтин беделине шек келтирген чиновниктерге кандай баа берилиши керек? 

– Мен да бул маселе боюнча абдан көп ойлондум. Канча камаса деле жеп-ичкен  келемиштер туш-туштан чыгып, түгөнбөй жатышынын себебин билүүгө аракет кылдым.  Көрсө,  адамзат өзү тойбойт турбайбы деген жыйынтыкка келдим. Маселен,  Кытайда коррупционерлерге катуу жазалаган атуу деген чоң жаза бар. Ошондо дагы коркпой  жегендер бар экен. Бизде атуу жок. Ошентсе дагы  жеп, ичкендерди токтотолу деп катуу аракеттер жүрүп, коррупцияга каршы күрөш жарыяланып, мыйзамдар кабыл алынып, пара бергенди, алганды дагы жазалана турган болуп жатат. Ал турсун коррупционердин кесепети өзүнө эле эмес, баласына, бир туугандарына тийерин да айтылууда. Тагыраагы, коррупционер кармалса, жакындары дагы   мамлекеттик кызматка алынбасы тууралуу мыйзам жазылды. Кыскасы,  коррупциянын тамырын кыркуу боюнча чоң аракеттер жүрүп жатат.  

– Коррупция менен күрөштөн коррупционерлер азая  баштадыбы?

– Коррупция менен күрөштү күчөтүшүбүз керек. Ошондой эле  кадр саясатына да кылдаттык менен карашыбыз зарыл. Болбосо,  ууру кескилер азайбайт. Бизде кадр саясатын тейлеген кызмат бар болгону менен алар иштей албай жатышат. Негизи коррупцияны алдын алыш үчүн жогорку кадрларды даярдоо мектебин түзүп, таза муунду тарбиялоону колго алышыбыз керек. Ал мектепке окууну каалагандар мамлекеттик кызматтын баардык тепкичин  жакшы көрсөткүч менен келиши керек. Илгери ким коррупционерди жогорку кызматка көрсөтсө, ошол киши да жооп берчү. Азыр болсо, кармалган кишини күнөөлөп башкасы суудан кургак чыгып жатат.

Кыргызда эски, унутта калган нерсени пайдаланган жакшы деп айтылгандай  союз убагындагы кадрларды даярдаган жогорку партиялык мектепти колго алышыбыз керек. Себеби, ал мектептен өткөндөр жаман адаттардан тыш болуп, кайда болбосун, өзүн үлгүлүү алып жүрүүгө аракет кылчу. Тартиптүү болчу. Кандай иш берилсе дагы жакшы мүнөздөмө алыш үчүн чын дилинен иштейт. Анткени, кызматтан кызматка көтөрүлүш үчүн мурунку жерде иштеген мүнөздөмөсү абдан  маанилүү экенин билишчү.  Кыскасы, алдым, жуттум болбой болгон тамакка каниет кылып, мекенин сүйүп, жеп, ичкенден алыс болуп өсчү. Биз дагы ушул жолду тандасак, таза муунду тарбияламакпыз.    

Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин “уурдап жегендердин баары өз элинин душманы, мамлекеттин чыккынчысы” деп айтканына кошулам. Коррупционерлерге аёосуз чара көрүлүшү керек. Ошондой эле коррупционерлерди кармаганда “Аки-пресске” эле жазып койбой алардын сүрөтүн массалык  маалымат каражаттарынын баарына чыгарыш керек. Ошондой эле чоң ишеним менен  берилген кызматты өз кызыкчылыгына пайдаланып, коррупциялык иштер менен алектенгени үчүн аны бул кызматка кимдер көрсөткөнүн, кимдер чуркап жүрүп койдурганын  да коомчулукка ачык айтып, экөөнү бирдей кызматтан алып, жазага тартканда гана  коррупциялык система токтойт. 

– Коррупционерлерди камап түгөтө алабызбы?

– Коррупционерлерди камап түгөтө албайбыз. Коррупция менен күрөшкө да Президент Садыр Нуркожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич элди кошо тартышы керек. Ошондо гана  жыйынтык чыгат. 

– Баса, сотторду да камап, пара алууга ортомчу болгон адвокаттарды дагы лицензиядан ажыратып жатат го. Бул ыкма дагы коррупциянын азайышына шарт түзөбү? 

– Адвокаттарды ортомчулук милдетти аткардың деп лицензиядан ажыратышканы менен соттордун көбү адилеттүү чечим чыгарбай  жатышат. Ошон үчүн  соттордо акыйкаттык издегендер көп. Ошондуктан сот системасын толугу менен реформа кылып, сотко  элдик баалоочулар (народный заседатель) сот отурумуна катыша турган кылышыбыз керек. Ошондо гана адилеттүү чечимдер чыгып, элдин сотторго болгон нааразычылыгы төмөндөйт.