48 саат коомдук иш жана 50 миң сом: Кыргызстанда аскерде альтернативдик кызмат өтөөнүн тизмеси кеңейтилди
3 июнь

48 саат коомдук иш жана 50 миң сом: Кыргызстанда аскерде альтернативдик кызмат өтөөнүн тизмеси кеңейтилди

Кыргызстанда аскерде альтернативалык милдет өтөөнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Урманбетов түз эфиринде билдирди.

Айтымында, аскерге чакыруу бир жылда эки жолу болот: жазында, анан күзүндө.

«Коргоо министрлиги жана анын ардагерлери тарабынан жарандарды мекенди коргоого чакыруу жана аларга патриоттук тарбия берүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Аскердик милдет өтөөгө кызыктыруу максатында ар кандай иш чаралар өткөрүлүүдө. Аскерге жаңы чакырылгандар март жана апрель айларында аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөт», – деди Урманбетов.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары альтернативдик кызмат өтөөнүн тизмеси кеңейтилди. Анын себептери – диний ишенимдер, чакыруу алгандардын үй-бүлөлүк акыбалы жана саламаттыгына байланышкан маселелер. 

«Жарандардын экинчи категориясы: мурда-кийин аскердик да, альтернативдик да кызмат өтөбөгөн 25 жаштан 50 жаш куракка чейинки жарандар бар. Алар дагы аскерге чакырылат. Коомдук жумуштарга 48 саатка тартуу альтернативасы бар. Дагы бир вариант – жаран 50 миң төлөйт, медициналык кароодон өтөт, анан кезек күтүү тартибинде кыска мөөнөттүү кызмат өтөөгө өлкөнүн түндүк же түштүк тарабынан жиберилет», – деди башчы.

Айтымында, Кыргызстанда жыл өткөн сайын жаштардын аскердик милдет өтөөгө кызыгуусу ойгонууда.

«Акыркы жылдары аскердеги техникалык жабдуулар жакшыртылды. Куралдуу күчкө көп каражат салынды, дрондор, аскердик техника, байланыш техникасы жана башка жабдыктар бюджеттин эсебинен сатып алынды.

Аскерге чакыруу системасы өнүгүүнүн үстүндө. Даярдык, машыгуу жана аскердик кызматтын башка этаптары кандай өтөөрүн көрсөтүп жатабыз.

Андан тышкары орто мектептердин 10-11-классынын окуучулары үчүн аскерге чейинки даярдык өткөрүлөт», – деп белгиледи.

Урманбетов коомчулукта бир гана кыргыз улутундагы жарандар аскерге чакырылары тууралуу кептер жүрөөрүн белгилеп, бирок бул чындыкка дал келбестигин айтты.

«Кыргызстанда 7 миллион эл жашайт, анын басымдуусу кыргыздар экени анык. Анткен менен Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Ага ылайык, аскерде да ар кайсы улуттун өкүлдөрү: казактар, орустар ж.б. кызмат өтөшөт. Ооба, сан жагынан аз, бирок кадимкидей аскердик кызмат өтөөгө чакырык алышат жана барышат», – деп кошумчалады Уланбек Урманбетов.