Дерматолог менен маек: Безетки - себептери, жалган маалыматтар жана дарылоо жолдору
Тери оорулары, анын ичинде безетки ар бир адам кездешүүсү мүмкүн болгон жагдай. Өзгөчө өткөөл курактагылар безеткиден көбүрөөк жабыркашат. Ал эмнеден улам чыгат, кетирүүнүн жолдору кандай – бул боюнча КР Президентинин Иш башкармалыгынын Клиникалык ооруканасынын дерматовенеролог дарыгери, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын ассистенти Самат Жусупбеков маалымат берди.
– Көпчүлүк безекти жөн гана «косметикалык кемчилик» же өспүрүмдөрдүн көйгөйү деп эсептешет. Бул чынбы?
– Бул эң кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдүн бири. Безетки – бул май бездеринин жана чач фолликулдарынын өнөкөт сезгенүү оорусу, ал кайталануучу мүнөзгө ээ. Оорунун чокусу чындыгында өспүрүм куракка туура келет, бирок безетки жаңы төрөлгөн балдарда да, чоңдордо да – анын ичинде 30–40 жаштан кийин да кездешет. «Кеч безетки» диагнозу көбүнчө аялдарга коюлат. Ага майда көйгөй катары карабаш керек: оору сырткы көрүнүшкө гана эмес, психоэмоционалдык абалга да таасир этет – өзүнө болгон ишенимди төмөндөтөт, тынчсызданууну жаратат, атүгүл депрессиялык бузулууларга алып келиши мүмкүн. Бул ири клиникалык изилдөөлөр менен тастыкталган.
– Демек, көйгөй көпчүлүк ойлогондон алда канча олуттуу экен. Безектинин пайда болушунун негизи эмнеде?
– Заманбап дерматология төрт негизги механизмди бөлүп көрсөтөт:
1. Тери майынын (себум) ашыкча өндүрүлүшү, ага андрогендер жана башка факторлор таасир этет.
2. Фолликулярдык гиперкератоз – фолликуланын оозунда клеткалардын табигый түрдө түшүү процессинин бузулушу, бул анын бүтөлүшүнө жана микрокомедондун пайда болушуна алып келет.
3. Бүтөлгөн фолликул шарттарында Cutibacterium acnes бактериясынын көбөйүшү. Бул бактерия сезгенүү реакциясын козгойт.
4. Сезгенүү – безетки элементтеринин пайда болушун коштогон негизги звено.
Кошумча катары генетикалык ыктуулук, стресс, териге туура эмес кам көрүү, айрым дары-дармектер жана эндокриндик бузулуулар таасир этет.
– Ал эми жеген-ичкен тамактарыбыздын ролу канчалык? “Безетки чыкпашы үчүн шоколад жебе” деген кеңештер да айтылат эмеспи.
– Илимий маалыматтар божомолдордон маанилүү. Шоколад, майлуу тамактар менен безеткинин ортосунда түз байланыш табылган эмес. Бирок гликемиялык индекси жогору тамактар (таттуулар, ак нан, газдалган суусундуктар, фаст-фуд) жана аз даражада майсыздандырылган сүт азыктары безектинин күчөшүнө алып келиши мүмкүн экени далилденген. Алар инсулиндин деңгээлине жана өсүү факторлоруна таасир этет, бул май бездеринин ишин стимулдаштырат. Бирок бул негизги себеп эмес, болгону мүмкүн болгон триггерлердин бири. Биз катуу чектөөлөрдү эмес, комплекстүү дарылоо алкагында тең салмактуу тамактанууну сунуштайбыз.
– Безеткиге кабылган адам эмне кылышы керек? Өз алдынча дарыланса болобу?
– Өз алдынча дарылоо – эң көп кездешкен ката. Туура эмес аракеттер процесстин начарлашына, тырыктардын пайда болушуна жана туруктуу пигментацияга алып келиши мүмкүн. Дерматологго кайрылуу – биринчи кадам. Дарыгер безеткинин оордук даражасын аныктап, эл аралык клиникалык сунуштарга ылайык дарылоону дайындайт.
Жеңил формаларда тышкы каражаттар – ретиноиддер, азелаин кислотасы, бензоил пероксиди жетиштүү.
Орто жана оор формаларда адистин көзөмөлү астында системалык терапия (антибактериалдык, гормоналдык, изотретиноин) талап кылынат.
– Заманбап дарылоо ыкмалары канчалык эффективдүү? Туруктуу ремиссияга жетишүү мүмкүнбү?
– Ооба, албетте. Бүгүнкү күндө натыйжалуулугу далилденген дарылоо схемалары бар. Биз топикалык жана системалык ретиноиддерди, антибиотиктерди, аялдар үчүн гормоналдык препараттарды колдонобуз. Кошумча катары – химиялык пилингдер, лазердик жана жарык технологиялары. Негизгиси – индивидуалдык мамиле жана дарыгер менен бейтаптын кызматташуусу. Дарылоо убакытты жана тартипти талап кылат, бирок туруктуу ремиссияга дээрлик ар бир адам жетише алат.
