Үй-бүлөңүздү сасык тумоодон кантип коргоп жатасыз?
5 декабрь

Үй-бүлөңүздү сасык тумоодон кантип коргоп жатасыз?

Учурда сасык тумоо илдетинин курч түрү жайылып, ооруканаларга бейтаптардын батпай жатканын угуп эле жатсаңыз керек. Дары- дармектен сырткары элдик ыкманы колдонуп, бул илдет менен күрөшүп жаткан атактуулар кеңештери менен бөлүшөт.

Каныкей Жунусова, Нарын УТРКнын директору: “Сарымсак кошулган койдун майы эң жакшы каражат”

Ооруп калганча камырабай жүрө бербестен илдетти алдын алган жакшы эмеспи. Кичинебизден эле табигый тамак-ашка басым койгонду апам үйрөткөн. Мен да  пайдалуу тамак-ашка көңүл буруп, оорунун алдын алганга  аракет кылам. Биздин үйдө эт кайнатылып, анын шорпосуна талкан чалып кайнатып  ичебиз. Өз колум менен дайыма сары майга курма чай жасайм. Неберелерим да тамшанып жакшы ичишет. Талкан чалынган шорпо менен курма чай иммунитетти көтөрөт, ден соолукка пайдалуу. Ал эми иммунитети күчтүү адамга вирус да жолобойт. Биз бул жолку сасык тумоодон ошентип алдын алып  сактанып жатабыз. Негизи биз тукумубуз менен өнөкөт бронха менен жабыркайбыз. Ал илдеттен кутулуу үчүн дары-дармек колдонбостон сарымсак кошулган койдун майын пайдаланабыз. Койдун майы биз үчүн эң пайдалуу каражат болуп эсептелет. Сыркоолоп түркүн дары ичип дарылангандан көрө ден соолуктун камын көрүп алдын алган жакшыраак.

Залина Касымова, “Балдарыма лимон кошулган суу ичирем”

Азыркы грипп менен мен бир ай мурун ооруп, үч күн ысытмам түшпөй, жөтөлүп, болгон жерим бүт ооруду. Мен негизи ооруган кезде антибиотик колдонбогонго аракет кылам. Себеби ал убактылуу ооруну басканы менен иммунитетти аябай түшүрөт. Ошол себептен көбүнчө элдик ыкмага өтүп, этти кайнатып шорпосун жана андан сырткары лимонду сууга демдеп ичип айыктым. Негизи эле сууга кошулган лимонду эртең менен эрте ачкарын ичип туруу организмге абдан пайдалуу. Денедеги болгон шлактарды тазалап, тамак сиңирүүгө да жардамын берет. Иммунитет да көтөрүлүп оору сыркоонун алдын алса болот. Үйдө лимонду жана кайнатылган тамакты колдонгонум үчүн балдарым да сасык тумоодон алыс болуп жатат.

Аида Кулуева, ырчы: “Сасык тумоодон эми жакшы болуп келатабыз”

Бул жолку сасык тумоо башкача болду. Кичинекей кыздарым ооруп эми гана жакшы болуп келе жатат. Бизге малина, апельсин, лимон, имбирь, гвоздиканы кайнак сууга демдеп коюп ошонун ширесин дембе-дем бердим. Чындап жакшы жардам берди. Негизи азыр катуу жөтөл, өпкө сезгенүүнү байкадык. Ага кадимки эле “Боржоми” сууну же медициналык физраствор менен ингаляция кылып жөтөлдөн кутулдук. Дем алууну да жакшыртат экен.  Бул ыкманы колдонуу да жакшы натыйжасын берет. 

Салима Балтаева, ырчы: “Сарымсак абдан пайдалуу”

Азыркы сасык тумоо менен элден калбай биз да ооруп айыгып келе жатабыз. Эң жакшы каражат – бул сарымсак. 1-2 тиш сарымсакты майда туурап, жылуу сууга салып ошону ачкарын ичүү абдан пайдалуу. Иммунитетти көтөрөт, канды тазалайт. Кандагы вирустарды тазалап чыгарчу бирден бир сонун ыкма ушул. Негизи вирус канда айланып жүрөт эмеспи. Эң биринчи кан тазаланышы керек. Андан сырткары пиязды кесип ар бир бөлмөгө коюп койдум. Себеби үйдөгү вирустарды өлтүрүүгө жакшы каражаттын бири ушул ыкма болот. Эң башкысы күчтүү тамактанып, мөмө ширелерин көп ичиш керек.

Калипа Таштанова, актриса: «С витаминдүү мөмө-жемиштерди колдонуңуз»

Быйылкы сасык тумоо абдан курч кармап жатат. Биз бул оорудан кайнатылган шорпону тынбай ичүү менен айыктык. Бул илдет адамды алсыратып, табитти жоготуп, сөөктөргө чейин сыздатып оорутат экен . Күчтүү тамактануу шарт. Менин кеңешим С витаминдүү мөмө-жемиштерди колдонуп, өзгөчө лимонду кайнак сууга демдеп ичүү керек. Суюктукту көп ичүү ичтеги вирустарды сыртка айдап чыгарат. 

Айзада Муканбет кызы, ырчы: “Вирустарды өлтүрүү үчүн арча түтөтөм”

Нурлан экөөбүз тең ырчылык өнөрдү аркалап жүргөн үчүн колубуздан келишинче жөтөлдөн, тамак оорудан алыс болгонго аракет кылабыз. Азыркы сасык тумоо жөтөл менен коштолуп ковид сыяктуу оор өтүп жатканы элди кыйнап жатат. Сасык тумоо болгон  кезде дары- дармек колдонбостон элдик ыкмадан өтөрү жок.  Кайнатылып бышырылган эттин шорпосуна ачуу калемпирди, мурч аралаштырып ичип жылуу жатканда ошол жакшы жардам берет. Себеби, тер менен ичтеги вирусту сыртка айдап чыгат. Шорпо иммунитетти да көтөрөт. Ал эми жөтөл, тамак ооруга ысык сүткө сары майды аралаштырып ичүү абдан пайдалуу. Үйдөгү вирустарды жок кылууга арчаны түтөтүп колдонуп келебиз. Арчаны колдонуу туура эмес деген сөздөрдү айтышат го. Негизи арча вирустардын душманы болуп үйдү тазаганга абдан жакшы каражат.