Жылдыз Полотова: Социалдык контракт долбоорунун катышуучуларына  200 миң сомдон пайызсыз кредит бериле баштады
21 сентябрь

Жылдыз Полотова: Социалдык контракт долбоорунун катышуучуларына  200 миң сомдон пайызсыз кредит бериле баштады

Кыргызстанда эки жыл мурда социалдык контракт долбоору ишке киргизилген. Анын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпулдун ордуна бир жолу берилүүчү 100 миң сом гранд алышып, аны эмгек потенциалына жараша ишкерчиликти баштоого пайдаланышкан. Бул долбоордун жүзөгө ашырылышы, жарандарды жумуш менен камсыздоо жана жөлөкпул маселеси боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова айтып берди.

- Жылдыз Арстанбековна, учурда түштүк тарапта иш сапары менен жүрөсүз, иш сапарга чыгуудагы максатыңыз эмнеде болду?

-Негизги максат – эл менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди угуу жана туура маалымат иштерин жүргүзүү. Ошондой эле министрликке караштуу аймактык жана мекемелик бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышуу, анткени аймактык бөлүмдөрдө калкты иш менен камсыз кылуу боюнча маселелер көп. Учурда Кыргызстан боюнча 76 миң 300 үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө катары жөлөкпул алып келет. Мен ошол жөлөкпулдар даректүү эле берилип жатабы, бардык муктаж үй-бүлөлөр камтылдыбы, аны да текшерүүнү көздөдүм. Даректүү берилип жатат дегенде жөлөкпул алчулардын санын кыскартуу деп түшүнбөө керек, балким айрым үй-бүлөлөргө маалымат жетпей же жөлөкпул алат элем деп мамлекеттик органдарга кайрылуудан тартынып жатышкандыр. Менин байкоомдо, жөлөкпулдар даректүү берилип жатыптыр, бирок ошол үй-бүлөлөрдүн арасында эмгекке жарамдуу адамдар бар экен. Алар менен иштешип, эгерде кесиби боюнча жумуш табылбай жатса, замандын талабына жараша кыска мөөнөттүү кесиптик курстарга окутуп, эмгек рыногуна алып чыксак болчудай.

- Социалдык контракт долбоору 2022-жылы ишке киргизилген болчу, анын жыйынтыгы кандай болуп жатат?

- Бул долбоордун негизги максаты – жарандын материалдык деңгээлин көтөрүү жана инсандык өнүктүрүү. Себеби социалдык контрактка кошулган үй-бүлө долбоорун ишке ашыруу үчүн изденип баштайт. 2 жылда 12800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Анын ичинен 12720 үй-бүлө ишкерчилигин жөндөп кетти, а 80 үй-бүлө ар кандай форс-мажордук жагдайлардан улам долбоорун ишке ашыра албады. Бул айрыкча, Баткен окуясына байланыштуу, ошондой эле социалдык контракт түзгөн адам каза таап же катуу орууга чалдыгып, ишке ашыра албайбыз деп баш тарткандар болду. Баш таркандар акчаны бюджетке кайтарып беришти. Бул долбоорду ишке ашырып жаткандардын 95 пайызы аялдарды түздү.

100 миң сомдон сырткары КР Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси жана МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен эки банк аркылуу 200 миң сом өлчөмүндө  ийгиликтүү ишке ашырып жаткан социалдык контрактын алкагында пайызсыз кредит берилип баштады. Учурда аны социалдык контракттын Алай, Чаткал жана Кочкор районундагы бирден катышуучулар пайызсыз кредит алышты. Мында дагы да болсо мамлекет тарабынан жардам болуп жатат, банктын пайыздык ставкасын мамлекет төлөөдө жарандар үчүн.

- Мындай суроо жаралат: эмнеге 100 миң сом жана эгерде аны алган адамдар ишкерчилигин жөндөп кете албаса жөлөкпул алуу укугунан ажырайбы?

-Негизи сиздер билгендей жөлөкпул  бир жылга эле чектелет, ал убакыттын ичинде адамдардын жашоо шарты өзгөрүлүп, кийинки жылы албай калышы мүмкүн. Биз эсептеп көрдүк, 2-3 балалуу үй-бүлөлөрдүн 3 жылдык жөлөкпулу 100 миң сомго жетет. Мамлекет 3 жылдык жөлөкпулду бир, алдын ала ошол үй-бүлө чакан ишкерчилигин баштап, бутуна туруп кетсин деп гранд түрүндө берип жатат. А эгерде, турмушта ар кандай кырдаал, жагдайлар болот да, долбоорду кандайдыр бир себеп менен ишке ашыра албай калгандар, 3 жылдан кийин кайра жөлөкпул ала башташат.

 - Сиз жөлөкпул алган кээ бир үй-бүлөлөрдүн иштеп, киреше таап кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар экен деп айтып калдыңыз. Сиздерде социалдык контракт долбоорунан тышкары, калктын кирешеге чыгуусуна көмөк көрсөтүүчү акысыз иш чаралар барбы? 

- Жарандардын киреше табуусуна көмөк көрсөтүү багытындагы активдүү иш чараларыбыздын бири – жумушка орноштуруу. Эгер ал жаран биз аркылуу жумушсуз иретинде расмий каттоого турса, аларды кесиптик окуу жайларга окутуу, коомдук иштерге тартуу аракетин көрөбүз. Жакында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөдө 100 ишкананын ичинен ачылыштар болуп жатканы белгилүү. Алардын басымдуусу өндүрүш жаатында. Биз азыр ошол  ишканалар менен калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында иштешели деп турабыз. Учурда бизде 1899 кыска номеринде ишеним телефону иштейт. Ошол номерлерге жумушсуз жарандар кайрылса, иш менен ыкчам камсыз кылууну колго алабыз. Андан тышкары бир аймактык башкармалыктарыбызда калкты жумуш менен камсыздоо бөлүмдөрү бар, ошол жакка дагы кайрылышса болот.

- Жумушсуз иретинде расмий каттоого кандай талаптар менен кабыл алынат же бардык эле жумушсуз жарандар тура алабы?

- Албетте, чындап эле жумушсуз жарандардын баары каттоого тура алат. Кирешесинин эсеби алынбайт. Бирок расмий түрдө жумушсуз деп эсептөө айрым учурда жер үлүшүнө карата дагы болот.