Коуч жана нумеролог Татьяна Нумер: Мен адамдарга аң сезимдүү жашоого – жасаган иши үчүн өзүнө отчет берүүгө жардамдашам
Россиялык коуч жана нумеролог Татьяна Нумер Бишкекте нумерология боюнча өзүнүн курсун ачууга даярданып жатат. Биз менен адамдардын бактылуу жана ийгиликтүу болушуна тоскоолдук жараткан калп стереотиптерден кантип арылуу тууралуу сырларын бөлүштү.
– Мен профессионалдык нумерология менен алектенем. Бул сандар жөнүндөгү илим, биз адамдын туулган күнүнө карап, анын кандай жөндөмдөрү бар экенин, эмнеге көңүл бурушу керектигин биле алабыз. Же мисалы, баланы каякка багыттоо керек, анын ичинде жашырылган таланттар ийгиликтүү жана шайкеш өнүгүшү үчүн кайсы ийримдерге берүү керек, кайсы кесипти тандоо жакшы, өзүңдү жашоодо кантип калыптандыруу керек – мунун баарын бизге, нумерологдорго, адамдын туулган күнү айтып бере алат.
– Нумерология ишенбей, силерди болбогон иш менен алектенип жатат деген түшүнүктөгү скептиктерге эмне дээр элеңиз?
– Ой, ошол скептиктерди! Ошондой адамдарга мага келип калса, дароо эле туулган күнүн сурайм. Анан сандарды кошуп, алар тууралуу баарын айтып бергенимден кийин, «Мен тууралуу мунун баарын кайдан билип алдыңыз?!», – деп таң калып суроо узатышат. Мен нумерологмун, кесибим ушундай деп жооп берем. Ишенбей отурган адамга жеке жашоосундагы кайсы бир окуяны айтам, мисалы, ата-энеси менен болгон мамилесин. Же «туулган күнүңүздүн санынан сиздин ата-энеңиз ажырашып кеткендей көрүп жатам» дейм. Так үстүнөн түшөм, анан анын бардык скептицизми учуп кетет. Шектенүүсү түгөнөт дагы, консультацияма жубайын, ата-энесин, балдарын жаздырат.
– Сиз нумерология – бул илим дедиңиз. А окумуштуулар буга кандай карай турганына кызыктыңыз беле, мисалы, математиктер?
– Бул жерде кайра эле ошол окумуштуунун жеке сапатына байланыштуу болот. Бирөөсү ишенет, бирөөсү ишенбейт. Кээ бири жашообузда бардык нерсе кокустук менен болбой турганын түшүнөт. Мындай тыянакка аң сезими менен жашоого, ар бир кылыгы, жасаган иши үчүн өзүнө отчет берүүгө умтулгандар келишет. Калгандарын эч убакта ынандыргым келбейт, кимдир бирөөгө атайын кайсы бир нерсени далилдөөнү каалабайм. Ар бирибиз кайсы бир нерсеге ишенебизби же жокпу, ички туюмубуз менен тандайбыз. Жөнөкөй тилде айтсам, ар бир адамдын тагдыры анын ишенимине жараша калыптанат. Сиз кабыл алгыңыз келбеген нерсе эч убакта сиздики болбойт. Эгерде кимдир бирөө нумерологияга ишенбей жатса, демек, ал болгону бул тармактын чыныгы адисине кезиккен эмес. Мындан ары да жалаң шарлатандар кезигиши мүмкүн. Алар туура эмес тыянагы, божомолдору менен ошол кишинин ишенбөөчүлүгүн ансайын бекемдеп беришет. Тагыраак айтканда, нумерология иштебейт деген ишенимин.
– Ишеним тууралуу айтып калдыңыз, бир суроо берейин: динге болгон мамилеңиз кандай? Кудайга ишенесизби?
– Мен православмын, чиркөөдө чокундурулганмын. Ага кошумча жубайым экөөбүздүн никебиз чиркөөдө кыйылган. Демек, мен үчүн диним өтө маанилүү. Төрт балам бар, баары тең чокундурулган. Көп жылдар бою үй-бүлөбүз менен Египетте жашадык, бул мусулман өлкөсү. Кудайга ишенем, динимди сүйөм жана сыйлайм, бирок бул Жараткан бизге санды ааламды таанып билүүнүн бир куралы катары, жашообузга аң сезимдүү карашыбыз үчүн белекке бергенине ишенүүмө тоскоол болбойт.
– Түз ой жүгүртүп көргөндө, адамдын жашоосу эмнеге туулган күнүнөн көз каранды болушу керек деген суроо жаралат. Буга эмне деп жооп бересиз?
– Үч кыз жана бир уулдун көп балалуу энеси катары бир жөнөкөй мисал келтирейин. Дээрлик ар бир кош бойлуу аял баласынын болжолдуу туулган күнүн билет. Бирок статистикага ылайык, дээрлик эч бири ошол күндө төрөлө бербейт. Эмнеге? Анткени, ар бир бала кайсы ай, күн жана саатта төрөлүшү керектигин билет. Эмнеге тандайт? Анткени, ал өзүнүн кандайдыр бир тубаса таланты жана жөндөмү менен төрөлөт, так ошол нерсе ал жарык дүйнөгө келген күнгө жазылган болот.
– Тагдырын билип алган адам пассивдүү болуп калат деген пикир бар. Бул туура деп ойлойсузбу?
– Жок, буга кошулбайм. Тескерисинче, алдын ала билип алуу адамды активдүү кылат, анткени, өзүнүн каалоосунун жана кылык-жоруктарынын мотивин, чыныгы себептерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, жакындарыбыздын жашоосун байкалаарлык жакшыртат. Мисалы, мага, көп балалуу энеге нумерология уулум жана үч кызым тууралуу маанилүү жана баалуу маалыматты берет. Айрым учурда ата-энелер балдарын түшүнбөйт, жөндөмдөрүн аңдабайт, аларга өздөрүнүн кайсы бир амбициясын илип коюшат – «менин жашоомдо бул нерсе жакшы болбой калды, мен мындай болууну каалагам, андай боло албадым, ошондуктан эми балам мен жетпеген нерсеге жетишине аракет кылам» принциби менен ойлонушат. Көп учурда мындай умтулуу балдардын жаратылыш берген, бул жашоого келгендеги миссиясына каршы келет. Өспүрүм «ал окуу жайга окугум келбейт, мага кызыксыз» деп каршылык көрсөтө баштаганда, атасы менен апасы аны өздөрүнүн линиясына сүйрөшөт. Эгерде алар туулган күндөрү бул же тиги сан эмнени түшүндүрөөрүн билишкенде, өсүп келаткан мураскери өзүнүн потенциалын ачып, чыныгы бактылуу жана ийгиликтүү болушуна кам көрүп башташмак.
Нумерология ошондой эле, үй-бүлөдөгү мамилени гармониялуу кылганга жардам берет: адамдын туулган күнүндөгү сандар нумерологго ал киши айланасындагы дүйнөнү кандай кабыл алаарын айтып берет. Көп учурда жубайлардын аң сезиминин стереотиби ар түрдүү, ал турмак диаметралдык жактан карама каршы болуп калат. Бирин бири түшүнбөй, уруш-жаңжал болот. Бири экинчисин айыптайт. Себеп реалдуулукту кабыл алуудагы өзгөчөлүктүн айырмасында жатканын түшүндүргөнүмдөн кийин конфликт токтойт жана бирин бири түшүнүүгө аракеттенип башташат.
– Практикаңыздагы эң кызыктуу окуяларды эстей аласызбы?
– Андайлар абдан көп. Инстаграмдагы баракчама жазылган пикирлер батпай калды. Алардын айрымдарын айтайын. Мисалы, бир кыз өзүнө жакпаган иште иштеп, бирок кетүүгө эрки жеткен эмес. Бир жолу мага консультацияга келди. Мен ага жумуштан кетүү тууралуу арыз жазууга кеңеш бердим. Айтканымдай кылды, анан көп өтпөй өзүн такыр башка тармактан тапты. Мурда бухгалтер болуп иштеген, а анын туулган күнүндө алтын кол, түзүү жана жаратуу таланты жазылган болчу. Ал таланты менен эки метр кабинетте отуруп, өзүн бухучет менен кыйнап, жүрөгүнө жакпаган кесиптин ээси болгон. Эмнеге ал ошондой кылды? Анткени, апасы менен атасы анын бухгалтерликке окуп, ошол жаатта иштөөсүн каалашкан. Жакпаган кесибинен кетти, азыр белгилүү скульптор, шедеврлерди жаратууда. Мен минтип айтат элем: адам туулган күнүнө бекитилген чыгармачыл потенциалын ишке ашырып, өз жолун табышы абдан маанилүү.
– Сиздикиндей билими болбогон окурмандарыбыз жашоосунда нумерологияны кантип пайдалана алышат? Жөнөкөй кеңеш бере аласызбы?
– Гууглдан сандардын нумерологиялык мааниисин караса болот. Мындай маалыматты интернеттен каалаган адам оңой эле таап алат. Ал жок дегенде туулган күнүндө кандай энергия камтылганы, кандай потенциал бардыгы тууралуу жалпы түшүнүк берет. Балким, кимдир бирөө үчүн өзүн өзү түшүнүүсүнө, жасаган иштерине акыл-эстүү баа берүүсүнө жакшы старт болуп берет. Ал эми бир топ кеңири маалыматтарды тажрыйбалуу кесипкөй нумерологдон алат.
– Кызык болуп жатат, нумерология күчү жетпеген нерсе барбы?
– Нумерология эгерде адамда өзүнө болгон ишеним болбосо, анын акыбалын өзгөртө албайт. Эгер кардар өзүнө ишенбесе, ага кандай жөндөмдүү, таланттуу экенин миң жолу кайтала, баары бир натыйжасы болбойт. Так ошондуктан мен нумерологияны коучинг менен бириктирдим. Көп адамдарга өзүнө болгон ишенимди жаратып, ички чыйрактыгын иштеп чыгуу абдан зарыл.
– Биз нумерологиядан коучингге өттүк окшойт. Экинчи жумушуңуз – коучинг тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен ICF – International Couching Federation – Коучингдин эл аралык федерациясынын коучеримин. Ишмердүүлүктүн бул тармагына адамдар менен нумеролог катары иштеп баштагандан кийин келдим. Ошондо айрым кардарларыма айтып берүү эле жетиштүү болсо, кээ бирине жетишсиз болоорун көрдүм. Мисалы, бул кесиптен өзүңдү табасың, бул жерде ийгиликтүү болосуң деп айтып, багыт берем да. Кимдир бирөөгө дароо түшүнүк келет, «Татьяна, рахмат, кайсы багытка бет алууну жана кантип өнүгүүнү түшүндүм», – дешет. А кимдир бирөө тартынып, «корком» же «уялам», «адамдар эмне дешет?» деп башташат. Экинчи типтеги адамдарга ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, өзүнө болгон ишенимин жаратып, ички чыйрактыгын өрчүтүп, ички туюмуна, өзүнүн жашоого болгон көз карашына таянууга жардам берүү абдан маанилүү. Муну мен коучинг аркылуу берем, өзүмдүн эки айлык программам бар, анда ой жүгүртүүнү жана акыбалды өзгөртөбүз – ар бирибиздин тагдырыбыз өзүбүздөн түздөн түз көз каранды. Эгер адам коркунучта жана шектенүүдө жүрсө – айланасындагылардын баары так ошол коркунучту жана шекти чагылдырат. Эгерде адам өзүнө ишенсе, так максаттары болсо, эмнени каалап жатканын билсе, уялбаса, коркпосо, анда жашоо так ушул нерселерди ага кайтарат. Башкача айтканда, мында адам өзүн, өзүнүн туулган күнүн түшүнө билүүсү менен чектелбей, өзүнө ишенимдүү да болушу керек. Анткени, биздин азыркы жашоодо өзүнө ишенген адамдар гана ийгиликке жетет.
– Бир сөз менен айтканда сиз адамдарга өзүнө болгон ишенимди бересизби?
– Ооба, мен каалоочулар менен эки ай жеке иштешем жана коучингдик чакан тайпаларды түзөм, алар сегиз жумадан кийин алмашышат, акырындык менен, кадам артынан кадам коюп, бардык коркунучтардан, бизди ичибизден талкалаган таарынычтардан, укумдан тукумга өткөн, мындайча айтканда эненин сүтүнөн берилген стереотиптерден арылабыз. Көбүнчө балачактан кулагыбызга куюлган сөздөр, мисалы, «кайсы жерден төрөлсөң, ошол жердин кызматына жарайсың», «эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык», «бардык байлар – уурулар» деген сыяктуу улуу муундун «даанышмандыгы» өзүбүзгө болгон ишенимди өлтүргөндүктөн, комплекси көп, аянычтуу адамга айланып, кыялдарыбызды ишке ашырбай туруп жок кылганбыз. Анан көбүнесе көп адамдарга жөнөкөй колдоо жетишпейт, кыйын учурда кимдир бирөөнүн «кабатыр болбо, баары жайына келет, мен сага ишенем» деген сөзүнө муктаж болушат. Так ушул нерседе коучтун искусствосу жатат. Ал адамдарга биринчи колдоо, андан кийин ички таянычын табууга, максатына жетүүгө жардам берет. Белгилей кетсек, көбүндө максатты табууда көйгөй жаралат – алар эмнени каалап жатканын жана ага кантип барууну билишпейт. Адашышат дагы, баарына көнүп, агым менен кете беришет. А ошол эле маалда ичинде укмуштуудай потенциал жөн эле короп жаткан болот.
– Кимдир бирөөгө коучер катары жардам бергениңизди мисал келтире аласызбы?
– Мага бир киши келди, аялы менен ажырашкандан кийин депрессияга түшүптүр. Коучингдин жеке курсуна жазылды, анан мага айтып атат: «Мен өзүмдү, акыбалымды оңдошум керек. Мындан ары минтип жашай албайм. Семирип кеттим, жалкоолук жана апатия басты. Өзүмдү карабай калдым, жумушка барууга күч жок, ал турмак үйүмдү тазалагым келбейт. Ушул абалдан кантип чыгарымды билбейм», – деп. Мен ага: «Сени менен эки ай иштейм. Бирок бул өзүнүн үстүнөн иштөө болот, эгер сен даяр болсоң өзүңдү оңдошуң керек», – дедим. Сегиз сессия, сегиз жуманын ичинде анын акыбалын өзгөртө алдык. Ал спорт менен машыгып баштады, арыктады, сакал-мурутун кырынды, сулуу жигитке айланды. Адам өзүнүн ички акыбалын оңдогондо гана жашоосунда кандайдыр бир таң калыштуу окуялар боло баштайт. Мисалы, ал кардарымды күтүлбөгөн жерден жумуштан көтөрүштү, батир сатып алды, жакшы кызды жолуктурду, аны менен эң сонун мамиле курду. Ушунун баары сегиз жуманын ичинде болду. Эгерде ал адам өзүн өзгөртүүнү чечпесе, депрессия менен апатияда дагы канча болмоктугун айтуу кыйын.
– Жаңылбасам, сиз Кыргызстанга ушуну менен экинчи жолу келип жатасыз. Биздин өлкө кандай таасир калтырды?
– Билесизби, Бишкекти биринчи көргөнүмдө эле сүйүп калдым. Мага силердин өлкө абдан жагат. Балким, тааныштардан жолдуу болгонум үчүндүр, бирок ушундай таасир жаралды: кыргызстандыктар жүзүнөн жылмаюу кетпеген, боорукер, ар кандай убакта жардам жана колдоо берүүгө шашылган кайрымдуу эл экен. Адамдардын мындай кайрымдуулугун тилекке каршы, өз мекенимде, Россияда кезиктирбегем. Бизде адамдар көбүнчө материалдык ийгиликтин артынан кубалашат, болгондо да кыжырданып, ачууланып. Кыргызстанды эң сонун келечек күтүп турганына жана бул жакка дагы кайрылып келээриме ишенем.
Маектешкен Андрей Токомбаев
