Онкопсихолог Айжамал Исамидинова: Эгер сенде максат менен ишеним болсо, жеңиш сөзсүз келет!
Керемет бар! Максат, ишеним болсо, анда жеңиш сөзсүз болот! Бул Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун балдардын онкология жана гематология бөлүмүнүн онкопсихологу Айжамал Исамидинованын жашоосундагы жана ишмердүүлүгүндөгү кредо. “Караван-Инфо” менен болгон маегинде ал жумушуна болгон сүйүүсү тууралуу окурмандар менен бөлүшүп, кесибинин маанилүүлүгү жана ишенүүгө боло турган кереметтер тууралуу айтып берди.
– Айжамал Искендеровна, эмне үчүн балдар онкологиясында психолог болуп иштеп баштадыңыз?
– Дайыма адамдарга жардам бергим келчү, психология менин үчүнчү билимим. Акыркы курста, магистратурада окуп жүргөндө 17 жылдан бери онкология жана гемотология багытында балдар менен иштеген “Help the children” фондуна психолог керек болуп калып, маектешүүдөн өтүп, ошол жакта иштеп калдым. Мага ал жакка онкопсихолог болуп орношуу бактысы туш келди. Жумушумду абдан жакшы көрөм, балдар жана алардын ата-энелери менен иштешем.
– Онкологиялык ооруга чалдыккан балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж, адис катары айтсаңыз, эмне үчүн?
– Сөзсүз түрдө бул балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Оор дартка байланыштуу балдар жана ата-энелер биздин ооруканада жылдап жатышат, балаңыз рак менен ооруп калды дегенди укканда ата-энелер өзүн жоготуп коет. Эгер бала кичинекей болсо, алар эмне менен ооруп жатканын билишпейт, а өспүрүмдөр менен оор болот. Психологдун кабинетинде биз ата-энелерди психоэмоционалдык акыбалга даярдайбыз, онкопсихолог бир гана ата-энелер менен эмес, балдар менен, алардын чоң ата-чоң энеси, айтор, баланын айланасындагы бардык адамдар менен иштешет. Алардын баары үчүн бул диагноз катуу сокку. Ошондуктан онкологияда баарыбыз бири бирибизге байланышып иштейбиз. Өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени балдар химитерапия алышканда, алардын гормону жана мүнөзү өзгөрөт. Биздин бөлүмдө абдан сонун кабинет бар, ал жактан ата-энелер консультация алышат, балдар арт-терапиядан өтүшөт, сүйлөшүү оюндары, майда моториканы өнүктүрүү сабактары бар, аларда ар түрдүүлүк көп болуп, оору тууралуу ойлор аз болушу үчүн ушуларды жасайбыз. Ар бир балага жеке мамиле жасалат, бир жыл ичинде бул бир үй-бүлө: ата-энелер, балдар жана дарыгерлер. Психолог катары мен ар бир үй-бүлөнүн баянын билем. Бала стресстен улам ооруп калган учурлар да болот: ата-энелер ажырашат же алкоголизм менен жабыркашат, ошондой эле ата-энесине кусаланган мигранттардын балдары.
Балдар ооруканада бир жылдан ашуун убакыт болгондуктан, алар жалгыздыкка, изоляцияга көп кабылышат, а бул жерде бала руханий жана физикалык жактан убакытты сапаттуу өткөрүшү маанилүү. Ар бир балага жеке мамиле жана жашоосунда ар түрдүүлүк жаратуу зарыл.
Биздин «Help the Children - SKD» фондунда оорукана клоунадасы бар, ал бир жумада бир жолу болот, позитивдүү эмоция айыгууга мотивация берет жана балдарга абдан керек. Биздеги балдарга кубануу сезими абдан зарыл жана 5 мүнөттүк ушундай иш чара дагы оң натыйжасын көрсөтөт.
– Бүгүнкү күндө, сиздин оюңузча, мамлекетибиз бул ооруга чалдыккан балдардын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, балдардын онкологиясын көбүрөөк каржылашы керекпи?
– Албетте, онкологияда дарыланып жаткан бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурушу керек. Муну жон терисинен өткөргөн адам түшүнөт. Мисалы, химиялык жана башка керектүү дары-дармектер абдан кымбат, алар балдар онкологиясына үзгүлтүксүз жеткирилип, сапаттуу болушу керек. Ооба, бир орунда турбайбыз, быйыл бир кызга жилик чучугун алмаштыруу операциясы жасалды, бирок менин оюмча, сөөк чучугун алмаштыруу боюнча бүтүндөй бир бөлүмдү куруу керек, анткени чет өлкөдө мындай операцияларды жасоо абдан кымбат.
– Кесибиңдеги эң кыйын эмне?
– Бул, албетте, профессионалдык күйүп кетүү, балдар, ата-энелер эмнени сезсе, сен да ошону сезесиң. Психолог баарын угат – оору жана көз жаш. Кээде өспүрүмдөр эмне үчүн акыркы коңгуроого же бүтүрүү кечесине катыша албайм деген суроолорду беришет. Психолог ата-эне менен баланы угуп, колдоо көрсөтүшү керек.
– Күйүп кетүүдөн кантип сактанасыз?
– Өзүбүздү күйүп кетүүдөн сактап калуу үчүн биз дагы психологубузга кайрылабыз. Мен активдүү жашоо образын карманууга, саякаттоого, үй-бүлөм менен тоого чыгууга аракет кылам жана албетте, ооруканага келип, балдарымды кучактап алганда да энергия алам. Убактым болсо, медитация кылам, медитация абдан жардам берет.
– Оорукананын дубалдарынын ортосунда анча деле позитивдүү эмес учурларга көп кездешээриңизди түшүнөм, бирок ошондой болсо да практикаңыздагы кандай жакшы нерселерди белгилей аласыз?
– Эң жакшы жагы бала сакайып, ооруканадан чыкканда. Ал эми биз, психологдор, айыгууга ишенебиз. Балдарга жана ата-энелерге алардын күчтүү экенин айтып, аффирмация жасоого кеңеш беребиз – бул “ден соолугум чың, баары жакшы болот”, - деп айтуу. Ал эми бул ооруну адаштырып, башка нукка буруп жибере алсак, чынында эле кереметтер болот. Биздин мээбиз баарын кыла алат, биздин көмүскө аң сезимибиз жана позитивдүү маанайыбыз сөзсүз түрдө айыгууга жетелейт. Ооба, дарыгерлер дары-дармек, а психологдор сөз, мамиле, ишеним менен дарылайт. Дайыма ишеним болуш керек, максат, ишеним болсо, анда жеңиш сөзсүз болот!
– Айтмакчы, кереметтер жөнүндө! Жаңы жылдын ага ишенгиң келет. Айтсаңыз, сизде бул керемет деп айтууга туура келген учурлар болду беле?
– Жаңы жылдын алдында дүйнөдөгү ооруп жаткан бардык балдарга сакайып кетишин каалайм! Кереметтер болот! Мен сизге бир окуяны айтып берейин: бир баланын температурасы төрт күн катары менен 40та кармалып туруп алды, такыр түшүрө албадык. Жаңы жыл түнү болчу. Мен терезени ачып, жакында Аяз Ата бугулар менен учуп өтөт, чана асманда жаркыраган сызыктарды калтырат, деп айтып балага асманды көрсөттүм. Анан ошол жаркыраган сызыкты көргөндө дене табым ылдыйласын деген тилек айтуу керек дедим. Кийинки күнү келгенимде дене табы 36.6 болуп калыптыр. Ал айтты, түндө сызыкты көрүп, тилек тилениптир. Бул керемет эмей эмне! Ошондой эле, бир кыз чындап эле президенттик балатыга баргысы келип, анан ал майрамга дагы бир нече балдар менен чогуу катышып, президенттен белектерди алышты.
– Жагымдуу баяндарыңыз үчүн рахмат, ооруканадагы бардык балдарга тезирээк айыгып кетүүлөрүн, тилектеринин аткарылышын каалайм. Бактылуу, узун өмүр сүрүшсүн!
