Бишкек ар бирибиз үчүн: жарандардын инклюзивдүү коопсуздугунун сценарий
19 июль

Бишкек ар бирибиз үчүн: жарандардын инклюзивдүү коопсуздугунун сценарий

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги бутактарынын бири өлкөнү урбанизациялоо болуп саналат. 2025-жылдын башталышына карай Кыргызстанда 7,3 миллион алам жашайт жана дээрлик ар бир бешинчиси – Бишкектин тургуну. Расмий маалыматтарга караганда, борбор калаанын калкынын саны  1 321 877 адамга жетти жана жакынкы эки жылда мындан да өсүүсү күтүлүүдө.

Шаар өзгөрүүдө, күн тартибинде Бишкек ар бирибиз үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн кандай болушу керек деген суроо турат. Анын жообу – шаар чөйрөсүнүн жаңы нормасы катары инклюзивдик коопсуздукту өнүктүрүү. Инклюзивдик болгондо, ал бардык шаар тургундарынын турмуш чындыгына ылайыкталган жана иштелип чыккан шаардык инфраструктура.

Бишкек, площадь Ала-Тоо

Чоң шаардын тургундарын кандай сценарий күтүүдө?

Шаардын күнүмдүк турмушунда баласын коляскага салып, кайсы бир иши менен шашып бараткан энени көрүүгө болот, ал туура эмес жерге токтотулган автоунааларды айланып өтүүгө аргасыз. Же көчөлөрдө жарык жок болгондуктан кечинде үйүнөн чыгуудан корккон улгайган киши, а өзгөчө кырдаал жаралса, жардамга чакыруу кыйын. Бул сабагынан “жаткан полиция” же көчө камералары жок жолдун чети менен кайткан окуучу да болушу мүмкүн. Майыптуулугу бар адам болсо күнүмдүк тиричилигинде толтура көйгөйгө туш болот – шаар көбүнчө мындай суроо талапты эске алган эмес.

 “Акылдуу шаар” инклюзивдик коопсуздук үчүн технолтогиялык негиз катары

Инклюзивдик коопсуздук ишенимдүү технологиялык базасыз болушу мүмкүн эмес. Шаар калкынын саны өсүшү менен борбор калааны «акылдуу шаарга» айлантуу идеясы актуалдуу болууда, анда коопсуздук бир гана полициянын милдетине эмес, а технологиялык жактан татаал жана адамга багытталган чөйрөнүн бир бөлүгүнө айланат.

“Акылдуу шаар” деп бир гана видеокөзөмөлдөөчү камераларды түшүнбөш керек. Кеп системалуу трансформация жөнүндө болууда: коопсуздук тутумдарынан тартып эффективдүү транспортко жана коомдук кызматтарга чейин шаардын инфраструктурасынын бардык компоненттерин камтыган платформа чечимдери жөнүндө, алар көйгөйлөрдү кризистик чекке жеткирбей туруп ыкчам реакция кылат.

Бишкек, проспект Чуй

Бул футуризм катары угулушу мүмкүн, бирок мамлекеттик структуралар алдыңкы технологиялык компаниялар менен өнөктөштүктө иштегенде реалдуулукка айланат. Мисалы, INTEGRA CITY компаниясы, шаардык чөйрөнү санариптештирүү боюнча эл аралык лидерлердин бири катары, комплекстүү ыкманы сунуштайт: ал транспорттук, коммуналдык жана административдик инфраструктураны бирдиктүү акылдуу экосистемага бириктирет. Integra санарип платформасы көптөгөн булактардан маалыматтарды чогултуп, аларды баалуу инсайттарга айландырып, чындап пайда алып келе турган жерге багыттайт. Мындай ыкма трафикти жана шаардык чөйрөнү башкаруудан тартып, аймактардын инфраструктурасын көзөмөлдөөгө чейинки ар кандай технологияларды бирдиктүү, ырааттуу иштеген тармакка интеграциялоого мүмкүндүк берет.

Санарип урбанизациясы – шаардыктарга пайдалуу чечим

Мегаполисте санарип экосистемасын түзүү шаардагы процесстерди жана ресурстарды реалдуу убакта натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, транспорт системасын интеграциялоо кыймылдарды башкарууга, жол тыгындарын азайтууга, жол кырсыктарынын санын минималдаштырууга жардам берет. А коопсуздук системасы жана видеокөзөмөл окуяларга жана эреже бузууларга тез реакция жасоону камсыздайт. Инженердик коммуникациянын акыбалы тууралуу маалыматтар, өз кезегинде, мониторинг жүргүзүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга жол ачат. Аны менен көчө жарыктарын, тармактарын жана суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга болот.

Бул процесстерди шаардыктардын өздөрү дагы үйүнөн чыкпай туруп, тиркеме аркылуу көзөмөлдөй алышат. Бул эл менен бийликтин ортосундагы аралыкты жакындатат, ошондой эле мобилдүүлүгү чектелген жарандар үчүн чечимдердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

– Биз эки тараптуу байланышуунун интерфейсин түзөбүз: уюлдук тиркемелер, онлайн-сервистер, жарандык катышуунун модулу. Бул шаар ар бир жашоочусун уга алган чөйрөнү калыптандырууга жардам берет, – деп баса белгилейт Павел Лоран, INTEGRA CITY - FZCO компаниялар тобунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси. – Биздин миссия – өлкөнүн бирдиктүү санариптик платформасынын бир бөлүгү болгон Коопсуз жана Акылдуу шаарларды түзүү. Биз 10-15 жылдык план түзүп жатабыз, бул бизге келечектеги керектөөлөрдү эске алууга жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Шаар тургундарынын жашоосун жеңилдеткен, коопсуз жана ыңгайлуу кылган чечимдерди түзүү үчүн өзүбүздүн тажрыйбабызды да, дүйнөлүк тенденцияларды да колдонобуз.

Павел Лоран, Глава Представительства группы Компаний INTEGRA CITY FZCO в Центральной Азии

Бүгүнкү күндө Бишкек олуттуу жаңылануулардын этабында турат, анда технологиялар инновация катары гана эмес, адилеттүү жана коопсуз шаардык чөйрөнү камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары каралат.

Мегаполис санарип инфраструктурасы ар бир адамдын кызыкчылыгына натыйжалуу кызмат кылган шаарлардын бири болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал үчүн башкарууну борборлоштурулган системаларга тапшыруу маанилүү, алар шаардын бардык процесстерин интеграциялап, комплекстүү маселелерди чечүүнү камсыздай алат.