Халида Эргешова: Журналист кесиби актуалдуулугун эч убакта жоготпойт
7 ноябрь

Халида Эргешова: Журналист кесиби актуалдуулугун эч убакта жоготпойт

Кыргызстанда 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул күн калыс жана бейтарап маалымат тараткан журналисттердин – калем чеберлеринин майрамы. Алар адамдын акыл-эсинин жана жүрөгүнүн ачкычын билгичтик менен тандап алуучулар, коомубуздун күзгүсү, ошол эле учурда эбегейсиз жоопкерчиликти аркалаган, өлкөнүн турмушунда маанилүү роль ойногон жол көрсөтүүчүлөр. Бул кесиптин өзгөчөлүгүн жана маанисин “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин журналисти Халида Эргешова “Караван-Инфого” айтып берди.

– Халида Абабакировна, журналистикага менен алектенүүнү кааларыңызды кантип түшүнгөнүңүздү айтып берсеңиз? 

– Мен мектептеги кезден баштап эле бул кесипке кызыга баштагам, анткени журналисттин иш процесси, башкача айтканда, интервью алуу, жаңылыктарды жазуу, деги эле маалыматтарды кайдан алышаары кызыктуу болчу. Мага дайыма бул кесип абдан кызыктуу жана биздин жашообуздун дээрлик бардык тармагын камтыгандай сезилчү. Журналисттин уникалдуулугу ушунда. 

– Мамлекеттик ЖМКда иштөөнүн кандайдыр бир өзгөчөлүгү барбы? Мамлекеттик агенттик жеке агенттиктен эмнеси менен айырмаланат? 

–  Мен чет өлкөлүк ЖМКларда да иштегем, ал жакта ошол ЖМК кызыкдар кайсы бир иш чараны же окуяны чагылдырасың. Алар өз саясатын жүргүзүшөт. А мамлекеттик ЖМК так жана туура маалыматты берээри менен айырмаланат, анткени мамлекеттик ЖМК өзү тараткан маалыматтарга жоопкерчилик алат. Биздин кесиптештер жана чет өлкөлүк өнөктөш ЖМКлар имиштерден жаралган фейк жаңылыктарды эмес, мамлекеттик ЖМК тараткан маалыматтарды алышат, анткени алар бул маалыматтын расмий булагы экенин билишет. Биз окурмандардын, угармандардын жана көрүүчүлөрдүн алдында жоопкерчилик алып жүрөбүз. Жеке ЖМКлар жеке булактарына таянып маалыматтарды таратышат, бирок ал булактар канчалык ишенимдүү экенин эч ким билбейт. А мамлекеттик ЖМК расмий булактардан гана алынган маалыматты чыгарат. 

– Биздин өлкөнүн журналистикасы сиздин көз карашыңызда, кандай айырмачылыкка ээ?

– Эгер мисалы, биздин борбор азиялык чөлкөмдү ала турган болсок, анда ал кесиптештерибизден эрктүүлүк жана эркин экенибиз айырмалап турат. Бизде кызыктуу делген маалыматтардын баарын берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин ЖМКлар сыяктуу эле аудиториябыз бир топ эркин жана такталган, ачык, чын маалыматтарга жетүүнү талап кылышат. Бул жерде биз мамлекеттин коомдук-саясий жашоосунда абдан маанилүү роль ойноорубузду белгилей кетели, көптөгөн журналисттерибиз өлкөбүздө болгон саясий окуялардын жүрүшүнө таасир этишкен. 

– Кыргызстанда журналистикага эмне жетишпейт, кандай ойлойсуз? 

–  Башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз колдонуп жүргөндөй заманбап техникалык жабдыктар жетишпейт деп айтат элем. 

– Бүгүн окурман соцтармактарга көбүрөөк басым жасап калды. Аны менен журналистика канчалык деңгээлде атаандаша алат? 

– Бул тема актуалдуу, социалдык тармактар маалыматтын бир булагы болуп калгандыктан алар менен атаандашуу кыйын. Азыр көбү телевизор карабай калышты жана бардык зарыл маалыматтарды соцтармактардан алышат. Бирок бир “бирок” деген жери бар! Ооба, ал жакта маалыматка жетүү оңой, издегениңди табасың, бирок профессионалдуу журналистика өзүбүздүн этика жана нормабыз бардыгы, аны сактаганыбыз менен айырмаланат. Биз дайыма такталган булактарга таянабыз жана өз пикирибизди таңуулабайбыз. Башкача айтканда, окурман маалыматты алып, өз тыянагын чыгарат. Биз бейтараптуулукту карманабыз. А соцтармактарда алган маалыматыбыздын тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана чындыгын жоготобуз, анын үстүнө ал таңууланып берилет. 

– Ар бир адам өз алдынча репортер болуп турган бүгүнкү күндө журналист кесиби канчалык актуалдуу? 

– Журналист кесиби дайыма актуалдуу бойдон калат! Журналисттер – бул бийлик менен коомдун ортосундагы кандайдыр бир көпүрө. Өз алдынча репортер болгон адам өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды талдап, таасын бере албайт. Ошол эле бизде кабыл алынып жаткан мыйзамдарды канчалык деңгээлде маанилүүлүгүн түшүндүрө албайт. Биз дайыма байланыштыруучу жана түз жеткирүүчү бойдон калабыз. Ооба, тенденция, маалыматты берүү ыкмасы алмашышы мүмкүн, биз көп нерсени өзгөртөбүз, убакыт менен жарышабыз, бирок журналист кесиби дайыма актуалдуу болот!