
Александр Кацев: Мектептеги бүтүрүү сынактарынын кереги жок
“Караван-Инфо” редакциясы бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөргө да таанымал филология илимдеринин доктору, профессор Александр Кацев менен билим берүү боюнча маектешүүсүн улантат.
Бүгүн биз мектептеги баалоонун кош системасы – сынактар жана ОРТ тууралуу сүйлөштүк.
- Балага сынакты да, ОРТны да тапшыртуу керекпи?
- Мектепте сынактарды калып, аны менен катар ОРТ киргизишкенде, паракорчулукту өнүктүргөн дагы бир схема пайда болду. Бүтүрүү сынактары негизинен кереги деле жок, анткени ал баланын жогорку окуу жайга тапшыраар-тапшырбасын чечпейт.
Жогорку окуу жайлар ОРТнын жыйынтыгы боюнча гана кабыл алат. Ошондуктан бүтүрүү класста балага кандай окуганына жараша жыйынтыктоочу баа коюунун ордуна, аны психологиялык жактан жана предметттик ОРТ тапшырууга даярдоо керек.